Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

2017: таң калтырчу окуялар алдыда


2016-жылдагы күтүүүсүз окуялардын бири АКШ президенттигине Доналд Трамптын шайланышы болду.
2016-жылдагы күтүүүсүз окуялардын бири АКШ президенттигине Доналд Трамптын шайланышы болду.

2017-жылы дүйнөдө күтүлүп жаткан саясий окуяларга сереп салабыз. Байкоочулар баамдагандай, глобалдык идеялар күрөшү жүрүп жатабы?

Шайлоо, референдумдар

2016-жыл күтүүсүз жаңылыктарга бай болду. АКШда президенттикке Доналд Трамптын шайланышы, Британияда Евробиримдиктен чыгууну колдогон Брекзит референдуму – 2017-жылы мына ушундай чоң жаңылыктардын кызуусу күчөйт.

Трамптын президенттик мөөнөтү 20-январда башталат. Британия март айында Еврошаркет менен "ажырашууга" расмий арызын тапшырышы керек. Бул эки өлкөдө тең алдын-ала коомдук сурамжылоолор башкача жыйынтыкты көргөзгөн. Ошондуктан байкоочулар мындан ары коомдук сурамжылоого ишениш кыйын болуп калды, элдин оюнда эмне бар экенин бир кудай билет деп абайлап калышты. Кыргызстандыктар эмки президент ким болот деп жүрөкзаада болгондой эле, 2017-жылы мартта Францияда президенттик шайлоо болот. Ал жактагы алдыңкы талапкерлер Франсуа Фийон менен Марин Ле Пен “Франциянын саясаты француз элинин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек” деген ураан алдында келатышат. Трамптын башкы ураандарынын бири – “Адегенде Америка” болгон. Ноябрда Германияда федералдык канцлер шайланат. Ангела Меркел төртүнчү жолу башкы кызмат үчүн ат салышканы турат. Ал азыр деле өз өлкөсүндө кадыр-барктуу саясатчы. Бирок байкоочулар Германиядагы мигранттарга, качкындарга каршы маанай, жалпы Европадагы жагдайдан улам алда кандай болуп кетет деп этияттанып калышты.

Согуш токтобогон аймактардан Германия сыяктуу бай Европа мамлекеттерине агылган мигранттар.
Согуш токтобогон аймактардан Германия сыяктуу бай Европа мамлекеттерине агылган мигранттар.

Глобалдык идеялар күрөшү

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер “Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу АКШнын тышкы саясаты кандай болорун айтуу кыйын болуп турат” деп камтамачылыгын билдирди. Чынында эле Доналд Трамп кандай саясат жүргүзөөрүн алдын-ала айтуу кыйын. Ал азыркы президент Обамага караганда баарыбызды дагы далай таң калтырат деп эксперттер белгилеп жатышат. Негизи азыр Батышта популист, улутчул дейбизби, изоляциялык идеяларды карманган лидерлер көбөйүп баратат. Өкүнүчкө карай, Батыштын либералдык демократия принциптерине кайсы бир деңгээлде сокку урулуп, глобалдык идеялар күрөшү жүрүп жаткандай.

Евробиримдик өңдүү шаркеттерди түзүү идеясы – чек араларды ачуу, эркин соода жүргүзүү, ал аркылуу жалпы дүйнөдөгү тынчтык, өнүгүүгө салым кошуу принциптерине негизделген. АКШнын шайланган президенти коңшу жана чөлкөмдөш өлкөлөр менен эркин соода алакаларын негиздеген Трансатлантикалык эркин соода келишимин, НАФТА макулдашуусун кайра карап чыгабыз, адегенде Американын өзүн оңдошубуз керек деп, НАТОго, Улуттар уюмуна, Дүйнөлүк банкка сөөмөй кезебедиби. Саясат таануучулар 2017-жылы дүйнөдө англисче айтканда strong man, же авторитардык башкарууга ыктаган күчтүү жетекчилер бийлиги келатат деп жатышат. Доналд Трамп орус президенти Путинди “кыйын жетекчи” деп мактап суктанганы көпчүлүктүн эсинде. Анын Кытайдын дарегине жасаган билдирүүлөрү эки өлкө ортосундагы алака кандай болот деген талкуу жаратпай койгон жок.

Владимир Путин менен Дональд Трамп.
Владимир Путин менен Дональд Трамп.

Түркияда президент Эрдоган бизге күчтүү бийлик керек деп кайталап, 2017-жылы бийлик укуктарын кеңейтүүгө, парламенттик системаны президенттик башкарууга алмаштырууга камданып жаткан кез. Түндүк Кореянын аскердик техника, өлкөнүн согуштук кубаттуулугун башкадан өйдө койгон, көпчүлүктү таң калтыргандан тажабаган лидери Ким Чен Ындын болочок саясаты чөлкөмдөгү туруксуздуктун булагы бойдон кала берет.

Чыр-чатак, согуш, терроризм көйгөйү

Сириядагы согуш соңку беш жыл ичинде 300 миңдей кишинин өмүрүн алып, 4 миллиондой адам жер которууга аргасыз болгонун ал жактагы байкоочулар канкакшап келатышат.

Путин Кыргызстан, АКШ, Сирия тууралуу

Путин Кыргызстан, АКШ, Сирия тууралуу

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Москвада жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстан, АКШ, Сирия, өлкөнүн өзүндөгү актуалдуу маселелер туурасында суроолорго жооп берди.

29-декабрда Орусия менен Түркиянын ортомчулугу астында Сириянын өкмөтү менен оппозициячыл күчтөр ок атууну токтотуп, сүйлөшүү баштоо тууралуу келишимге кол койгону жарыяланды. Бул эми Сириядагы болочок тынчтыкты көздөй алгачкы кадам. Эгерде ортодогу тынчтыкты сактоо келишими сакталса, Сириянын бийликтери менен оппозициячыл бытыранды күчтөр бир ай ичинде Казакстанда жолугуп, куралдарды таштап, тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүү башталып калышы мүмкүн. Андай сүйлөшүүлөргө Сирия менен Иракта, андан башка да көп өлкөлөрдө кандуу булоон уюштуруп келаткан "Ислам мамлекети" радикал уюму жакын да жолотулбайт. Быйыл бул террордук топтун мизи көп жерлерде майтарылып, Жакынкы Чыгышта ээлеген аймактары азайды. 2017-жылы "Ислам мамлекети" уюмунун жоочуларына каршы биргелешкен операция дагы күчөтүлөт деп күтүлүүдө. Эксперттер жакынкы айларда радикал топтун согушкерлери Ирактагы Мосул, Сириядагы Ракка шаарынан сүрүп чыгарылышы мүмкүн деп боолгошот. Бирок бул террордук уюмдун ишмердиги азыр кеминде 18 өлкөдө активдүү экенин эске алганда, ага каршы согуш бир жылда бүтпөйт.

Согуштан кыйраган Сириянын Алеппо шаары.
Согуштан кыйраган Сириянын Алеппо шаары.

Сауд Арабия Йеменди бомбалоосун улантып, Ливияда экстремисттик топтор улам бир жерде чагым салууда. Ооганстанда талиптер активдешип, 8000дей аскери бар АКШ үчүн бул жер тарыхтагы эң узак согуш талаасына айланды. Байкоочулар дүйнөдө халифат орнотууну кыялданган “Ислам мамлекети” тобунун мизин биротоло кайтарыш үчүн буга чейин эч кимдин оюна келбегидей коалиция түзүлүп, ага Сирия, Орусия, Иран, АКШ да кошулуп кетиши ажеп эмес деген жоромолун айтышат. Доналд Трамп президенттик кызматка киришээр замат генералдарына террорчулардын таш-талканын чыгара турган чечкиндүү планды бир ай ичинде иштеп чыгууну тапшырам деп убада кылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG