Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Шайлоочулар коллегиясы Трампты тандады


 Дональд Трамп
Дональд Трамп

19-декабрда АКШда шайлоочулар коллегиясы Дональд Трампка добуш берди. 8-ноябрдагы шайлоодо анын жеңишке жетишкенин тастыктап, шайлоочулар коллегиясынын 304 мүчөсү добушун берди. Анын атаандашы Хиллари Клинтон 227 добуш алды.

8-ноябрдагы шайлоодо жеңишке жетишкен Дональд Трамптын алдында дагы бир формалдуулук турган. Ал - шайлоонун жыйынтыгына жараша шайлоочулар коллегиясынын добуш берүүсү.

Шайлоочулар коллегиясына АКШ Конституциясы айрым тандоо укугун бергенге байланыштуу 19-декабрдагы добуш берүү алдында интрига пайда болду. Ошондуктан 19-декабрдын алдында "АКШдагы шайлоо жыйынтыгына Москва таасир эткен, Трамптын жеңишин камсыз кылуу үчүн аракеттенген" деген маалыматтар кайра жаңырды.

Бирок буга карабай шайлоочулар коллегиясынын 304 мүчөсү Дональд Трамп үчүн добуш берди. Трамптын жеңиши камсыз болушу үчүн 270 добуш жетиштүү болмок. Ал эми анын атаандашы Хиллари Клинтонго 227 добуш берилди.

19-декабрда шайлоочулар коллегиясынын добуш берүү учурунда АКШдагы штаттардын борборлорунда адамдар чогулуп, Дональд Трампка добуш бербөөгө үндөп турушту.

Пенсильвания штатынын борборуна жүздөгөн адамдар чогулуп, Трампка добуш бербөөгө чакырышты. Алардын бири Катлин айым Трамп диктаторго окшош болот дейт:

- Трамп диктатор сымал болот. Ал акчалуу жана күчтүү адамдарды айланасына чогултуп, баарын колго алууда. Анын Флоридада Саддам Хусейндикиндей эле алтын сарайы бар. Биз анын баарын көрүп турабыз жана бизге мындай лидер керек эмес.

Трампты шайлабоого үндөгөндөр арасында өзүн Жой деп тааныштырган адам шайлоочулар коллегиясын абийирине карап добуш берүүгө чакырды:

- Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү абийирине карап добуш бериши керек. Биз аларды Хиллари Клинтонго добуш бергиле деп суранбайбыз. Биз добуш берүү Эл өкүлчүлүктөр палатасында жана АКШ Конгрессинде болушу керек деп эсептейбиз.

Мындай нааразылык акцияларына карабай шайлоочулар коллегиясы Трампка добуш берип, ал расмий түрдө АКШнын 45-президенти болуп жарыяланды.

Трамп өзүнүн тарапкерлерин куттуктап, “Биз жеңишке жеттик! Ар кандай тарткылоо жана маалыматтарды бурмалоолорго карабай, биз азыр эле шайлоодо расмий түрдө жеңүүчү болдук” деп жазды Твиттердеги баракчасына.

Ал ошондой “жалпы элди бириктирүү үчүн катуу аракеттенип, жалпы америкалыктардын президенти болууга умтуларын” да кошумчалаган.

8-ноябрдагы шайлоодо Дональд Трамп көпчүлүк штаттарда жеңишке жетишип, ошого жараша шайлоо коллегиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушун камсыз кылды. Анын атаандашы Хиллари Клинтон жалпы добуштардын саны боюнча Дональд Трамптан 2.5 миллионго көп добуш алганга карабай, көпчүлүк штаттарда жеңилип, ошого жараша шайлоочулар коллегиясынын аз мүчөлөрүнүн добушуна ээ болду. Мындай татаал шайлоо системасы Кошмо Штаттарда эли көп штаттар менен калк азыраак жайгашкан штаттардын укуктарын теңдөө үчүн кабыл алынганы маалым.

Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январга белгиленген. Ошондон кийин ал расмий түрдө АКШнын президенти кызматына киришет. Ага чейин келечек администрациясында иштей турган командасын түзүүнү улантмакчы. Азыркы кезге карай ал маанилүү кызматтарга талапкерлерди атап, дайындоолорду тактап жатканы маалым.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG