Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Европаны беймаза кылган Трамп


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамптын президенттик шайлоодо жеңишке жетиши НАТО жана Европа Биримдигин бейпайга салууда.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг батыш өлкөлөрүнүн коопсуздугу суроо астында калбашы керектигин эскертсе, Европа Биримдигинин төрагасы Жан Клод Юнкер Дональд Трамп орчун маселелер боюнча ниетин ачыкташ керек деди.

13-ноябрда Британиянын "Обсервер" гезитине НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин НАТОнун тагдырына байланыштуу макаласы жарыяланды. Анда баш катчы батыш өлкөлөрүнүн бириндеп кетүү ыктымалдыгы коопсуздукка чоң коркунуч келтирип жатканын белгилеген. Йэнс Столтенберг бириндеп кетүү жөнүндө сөз кылганда, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү кезиндеги пикирлерин эске салган.

Өнөктүк учурунда Дональд Трамп НАТОнун көпчүлүк чыгымын Кошмо Штаттар тартып жатканын, ал президент болуп шайлангандан кийин АКШ жардамы союздаш өлкөлөрдүн НАТОго кошкон салымына жараша болорун айткан:

- Мен президент болуп шайлангандан кийин НАТОдогу союздаштардын саммитин чакырам. Азиядагы союздаштар менен өзүнчө саммит болот. Мына ошол жогорку деңгээлдеги жолугушууларда финансылык милдеттенмелердин балансын өзгөртүү эле эмес, проблемаларды чечүүнүн жаңы стратегиясын да карайбыз. Кандуу согуш мезгилинде түптөлгөн НАТОнун миссия жана структураларын кандай модернизациялоону, жалпы көйгөй болуп жаткан миграция жана терроризмге каршы турууну да талкуулайбыз.

НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг Дональд Трамптын “кошкон салымына жараша жардам берилет” деген сөзү НАТО келишиминин бешинчи беренесине каршы келерин эскертип, ал берене боюнча НАТО өлкөлөрүнүн бирине сырттан кол салуу болсо жалпы коргонуу принциби иштей турганы белгиленген.

Дал ушул бешинчи берененин принцибине ылайык 2001-жылы Кошмо Штаттарга террордук чабуул жасалгандан кийин Европа Биримдиги аскерлерин Ооганстанга жөнөткөнүн Йенс Столтенберг эске салган. НАТОнун 70% чыгымын АКШ көтөрөрүн моюнга алган Столтенберг Европа өлкөлөрү финансылык салымын көбөйтүш керек дейт.

- Бөлүнүп калуу Европага да, Кошмо Штаттарга туура келбеген нерсе. Биз акыркы он жылдыктар ичинде эң олуттуу коопсуздук коркунучтарына туш болуп жатабыз. Азыр Европа менен Кошмо Штаттардын өнөктөштүгүн күмөнгө ала турган мезгил эмес, - дейт НАТОнун баш катчысы.

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

Кошмо Штаттардын шайланган президентинин келечек саясатынан Европа Биримдиги чочулап, бул жагдайды талкуу үчүн биримдиктин тышкы иштер министрлери 13-ноябрда жыйын курду. Бирок ал жыйынга келүүдөн Британия тышкы иштер министри Борис Жонсон баш тартты. Британ тышкы иштер министри Европа Биримдигин Трамптын жеңишине “эзиле” бербөөгө чакырды.

Бул арада Европа Биримдигинин төрагасы Жан Клод Юнкер Берлинде бизнес конференцияда Трамптын жеңиши боюнча буларды билдирген:

- Биз америкалыктар менен бирге иштегибиз келет. Биз америкалыктар менен иштейбиз, бирок анын деңгээли боюнча чечишибиз керек. Биз АКШнын шайланган президенти өзүнүн ниеттерин ачык билдиришин күтүп жатабыз. Глобалдык соода саясаты, НАТО боюнчаТрамп мырзанын ниеттерин билгибиз келет. Ошондой эле глобалдык климаттын өзгөрүүсү боюнча ал кандай саясат жүргүзүүгө ниеттенип жатат? Мына ушулардын баары жакынкы айларда белгилүү болуш керек.

Юнкердин айтымында, Европа Биримдиги Вашингтонго өз талаптарынын тизмесин жөнөтүүнү көздөбөйт. Бирок стратегиялык маанилүү глобалдык өнөктүктүн максат, ниетин билүү маанилүү. Ал Кошмо Штаттар менен Европа Биримдигинин соода келишими жакынкы эки жылда түзүлбөсүн да кошумчалаган. Европа Биримдиги менен Трансатлантикалык соода келишими боюнча сүйлөшүүнү президент Барак Обама баштаган. Бирок ал ошол учурда эле пикир келишпестиктерге туш болуп жатканы айтылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG