Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:52

АКШ: Трампка каршы акциялар


Трамтын президенттикке шайланышына каршы демонстрациялар, Сиэтл, 9-ноябрь, 29016
Трамтын президенттикке шайланышына каршы демонстрациялар, Сиэтл, 9-ноябрь, 29016

Кошмо Штаттарда Дональд Трамптын президент болуп шайланышына каршы нааразылык акциялар өттү. Айрым жерлерде демонстранттар жолдорду жаап, кыймылды оорлотту. Хиллари Клинтондун “Трампка башкарууга мүмкүнчүлүк берүү” чакырыгына карабай акциялар өттү.

АКШдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон жеңет деп күтүлүп жатканга карабай Дональд Трамптын жеңишке жетишүүсү Кошмо Штаттардын чыгышындагы Бостондон тартып, батышындагы Лос-Анжелеске чейин нааразылык акциялардын чыгышына түрткү болду. 9-ноябрда өткөн акцияларда жолдор жабылып,Трампка каршы ураандар чакырылды. Алар Трамптын мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо, мусулмандарга жана аялдарга каршы сөздөрүнө нааразылык билдиришти.

Демонстранттар президенттик шайлоонун жыйынтыгын четке кагышарын жана Трамп алардын президенти эместигин айтып кыйкырышты.

Мындай демонстрациялар Хиллари Клинтондун шайлоо жыйынтыгын таанып, Дональд Трампка өлкөнү жетектөөгө мүмкүнчүлүк берүү чакырыгына карабай болду. Шайлоодон кийин 9-ноябрда сүйлөгөн Хиллари Клинтон шайлоо “эл биз ойлогондон да терең ажырымда экенин” көрсөттү деди.

Президент Барак Обама шайлоодо жеңген Дональд Трампка телефон чалып куттуктаган. Ал 10-ноябрга Ак үйгө келүүгө Трампты чакырды. Жолугушууда мөөнөтү бүтүп бараткан президент жаңы шайланган президентке мамлекеттик ишти өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү өткөрмөкчү. Бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү АКШ демократиясынын маанилүү белгиси экенин Обама белгиледи:

-Бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилүүсү биздин демократиянын өзгөчө белгилеринин бири. Аны биз жакынкы айларда бүт дүйнө жүзүнө көрсөтөбүз.

Обама бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү үлгүсүн көрсөтөбүз дегенине карабай Трамптын президент болушуна каршы акциялар жалпы АКШда, өзгөчө Хиллари Клинтонго көп добуш берген жерлерде өтүүдө. Бостондо демонстранттар шаар ортосунан “Трамп расист”, “Трампка импичмент”, “Шайлоочулар коллегиясы жоюлсун” деген ураандар менен өтүштү.

Сиэтл шаарында Трампка каршы нааразылык акциясы болгон жерде ок атылып, жабыркагандар бар экени кабарланды. Техаста 400 адам көчөгө чыгып, мигранттардын агымын тоткотуу максатында Мексика менен АКШнын ортосунда дубал куруу жөнүндөгү Трамптын демилгесине каршылык билдиришти.

Нааразылык акциялары Вашингтондо International Hotel Trump мейманканасынын жана Ак үйдүн алдында болду. 10-ноябрда да бир катар шаарларда нааразылык митингдери белгиленгени маалымдалды.

Трамп шайлоодогу жеңиштен кийин жалпы америкалыктардын президенти болууга убада берди:

- Америкага бөлүнүү жарасын таңуу жана чогуу болуу мезгили келди. Жалпы өлкөдөгү республикачылар, демократтар жана көз карандысыздар, баарыбыз бир элдей чогуу болуу учуру келди деймин. Мен ар бир жараныбызга бардык америкалыктардын президенти болууга убада беремин. Бул мен үчүн өтө маанилүү.

Трамптын командасы ал Ку-клукс-кланды колдойт деген пикирлерди четке кагып, алар ар кандай формадагы жек көрүүчүлүктү айыптарын белгилеген.

Трамп 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Ал шайлоо коллегиясынын 278 добушуна ээ болду.

Жаңы шайланган АКШ президенти 20-январда иннагурациясын өткөрүп, президенттик кызматка толук кандуу киришет.

Дональд Трамп: бизнес жана экрандагы жашоо

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG