Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Бишкек-Вашингтон алакасы кандай болот?


Кыргыз коомчулугу АКШда болуп өткөн шайлоого көз салып, анын жүрүшүн социалдык тармактарда кызуу талкуулап жатышты.

Көпчүлүк Хиллари Клинтон аял болгону үчүн шайланбай калды десе, башкалары Дональд Трамп убада кылгандай эле эми Орусия менен АКШнын мамилеси жакшырат деген үмүттөрүн жазып жатышат.

"Азаттык" Жогорку Кеңештин депутаттарына жана саясий серепчилерге микрофон сунуп, АКШдагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу пикирлерин сурады.

АКШдагы шайлоодо Дональд Трамп жеңди

АКШдагы шайлоодо Дональд Трамп жеңди

Дональд Трамптын тарапкерлеринин кубанычы койнуна батпай турат. АКШда алгачкы шайлоо өнөктүгү башталганда көпчүлүктүн күмөн саноосуна туш болгон Трамп эми президент болуу үчүн жетиштүү добуш топтоду. Дагы төрт штаттын жыйынтыктары келип түшө элек болсо да, республикачыл талапкер шайлоочулар коллегиясынын 276 добушуна ээ болууда. Президент болуу үчүн 270 добуш жетиштүү болмок.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Дональд Трамптын шайланышы боюнча пикирин билдирип, Кыргызстан АКШ элинин тандоосун сыйлай турганын кошумчалады:​

- Менимче, кардиналдуу, олуттуу өзгөрүүлөр деле болбойт. Мен дагы бир ирет айткым келет, Республикачылар болобу, Демократтар болобу, биз АКШнын администрациясы менен иштөөгө даярбыз. Биздин күн тартиби даяр. Анда эки тараптуу кызматташтык боюнча жаңы келишим бар. Биз сүйлөшүүлөр жараянын токтоткон эмеспиз. Менимче, шайлоодон кийин да сүйлөшүүлөр улана берет. Эң негизгиси жаңы келишимде биздин кызыкчылыктар эске алынышы керек. Америка да өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыктарын сунуштаары анык. Дал ошол кызыкчылыктар айкалышкан кезде документке кол коюлат.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдувахаб Нурбаев АКШда чыныгы демократия бар экенин шайлоо ырастады деген пикирин төмөндөгүчө билдирди.

- Эң башкысы шайлоонун жыйынтыктары Америкадагы чыныгы демократиянын жүзүн көрсөттү. Себеби, массалык маалымат каражаттарынын, бийлик өкүлдөрүнүн алдын ала прогноздору башкача болуп чыккан, бирок чындыкты эл өзүнүн добушу менен көрсөттү. Шайлоонун эң негизги бөлүгү бул дебаттар болду. Дебаттарда талапкерлер төрөлгөнүнөн баштап азыркы убакытка чейинкиси ачыкка чыкты. Кыла турган иштерин да айта алышты. Эми эл ошого карап талап кыла беришет.

Кыргызстандын мурунку экономика министри, учурдагы депутат, “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаров АКШ менен Орусиянын мамилелеринин алдыга жылышы Кыргызстандын экономикасына да түздөн-түз оң таасирин тийгизет деген оюн айтты:

- Трамп өзү экономиканы жакшы түшүнгөн, аябай катуу реалист. Дүйнөдө болуп аткан кризистин баары доллар менен байланышкан да. Эң биринчи ошону ордуна келтирет деген үмүтүм бар. Экинчиден, ал Орусия менен тил табыша алат го. Эмбарго жоюлса бизге бажыдан 1,9 пайызга кошумча акча келмек. Биз ЕАЭБ алкагында эле 20-40 млрд сомго көбүрөөк акча алат элек. Жер шары кичинекей эле планета да. Бир бурчунда болгон нерсе башкага да таасир берет.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев Дональд Трамптын жеңиши алдын ала эле анык болуп калганын айтып, ага үч нерсе себеп болгонун кошумчалады:

- Трамптын президент болуп шайланганына үч себеп түрткү болду го дейм. Биринчиден, ал шайлоо алдындагы кампаниясында мигранттарга байланыштуу режимди катаалдатам деди. Себеби Европаны мигранттар каптаганда, америкалыктар да тынчсызданып калды. Экинчиден, ал аёосуз түрдө демократтардын Иракка, Сирияга карата саясатын катуу айыптады. Үчүнчүдөн, шайлоонун жүрүшүндө Хиллари Клинтондун күтүүсүздөн ооруп калгандыгы себеп болду. Америкада президенттин ден соолугу эң чоң мааниге ээ. Ушул үч себептин негизинде Трамп жеңип чыкты. Айрыкча Орусия боюнча Хиллари Клинтон кескин сын-пикирлерди айтты. Ал эми Трамп Путин менен сүйлөшкөнгө даярмын деди.

Трамптын саясаты Кыргызстанга кандай таасир этет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Саясий серепчи Эмил Жураев Трамптын жеңиши мигранттарга жана мусулмандарга мурун убадалангандай терс таасирин тийгизбейт дейт.

- Трамп шайлоо өнөктүгүндөгү сөздөрдөн алыстайт. Мусулмандарга жана расалык азчылыктарга болгон катуу, жагымсыз сөздөрүнөн менимче, баш тартат. Алардын баарын, албетте, ишке ашырбайт. Биздин мигранттарга, мусулмандарга, деги эле сырттан барган кишилерге кыйын болот, алардын жашоо-турмушу кыйындайт дегенден алысмын.

Кыргызстанда эки жылдан бери эмгектенип келген АКШнын Стивен аттуу жараны ким президент болуп келбесин, Американын саясий системасы радикалдуу кадамдарга жол бербесин айтты:

Бишкектеги америкалыктар эмне дейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

- Кээ бирөөлөр эгер Трамп утуп калса согуштар көбөйөт же дагы башка жаман нерсе болот деп ойлошу мүмкүн. Бирок бизде теңсалмакты кармаган система бар, ошондуктан ал уткан чакта деле каалаганын кыла албайт. Мисалы, Обама көп нерсени Конгресстин каршылыгынан улам ишке ашыра албай калды. Ооба, президент АКШнын лидери, бирок дайыма каалаганын кылганга саясий система жол бербейт.

АКШда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгында Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 276 добушуна ээ болуп, АКШнын 45-президенти болуп шайланды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG