Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

АКШдагы шайлоодо Дональд Трамп жеңди


Кошмо Штаттардын жашоочулары 45-президентин тандап алды.

Дональд Трамптын тарапкерлеринин кубанычы коюнуна батпай турат. АКШда алгачкы шайлоо өнөктүгү башталганда көпчүлүктүн күмөн саноосуна туш болгон Трамп эми президент болуу үчүн жетиштүү добуш топтоду. Дагы төрт штаттын жыйынтыктары келип түшө элек болсо да, республикачыл талапкер шайлоочулар коллегиясынын 276 добушуна ээ болууда. Президент болуу үчүн 270 добуш жетиштүү болмок.

Азырынча 218 добуш топтогон демократтардын талапкери Хиллари Клинтон Трампка телефон чалып, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Трамп Нью-Йорктогу тарапкерлеринин алдына чыкканда өзү билдирип, Клинтондун абдан катуу күрөшкөнүн белгилеп, ага ыраазычылыгын билдирди. Ал шайлоодон кийинки алгачкы сөзүндө Америка элин биригүүгө чакырды.

- Эми Америка үчүн бөлүнүүнүн жарасын айыктыруу убактысы келди. Биз бирге болушубуз керек. Өлкөдөгү бардык республикачылар, демократтар жана көз карандысыз адамдарга айтарым - биригүүгө мезгил жетти, - деди Трамп.

45-президент болгон миллиардер жана теле алып баруучу Дональд Трамп "Америка кыялын жаңылоо ишин баштайбыз" деди. Хиллари Клинтон болсо тарапкерлеринин алдына чыккан жок. Анын ордуна Клинтондун шайлоо өнөктүгүнүн башчысы Жон Педеста кайрылуу жасап, тарапкерлерге ыраазычылык билдирди жана "эртең да айтчу сөз бар" деди.

“Хилларини колдогон өлкөдөгү ар бир адамга айткым келет: силердин добушуңардын биз үчүн мааниси чоң. Биз силер менен сыймыктанабыз”,- деди Жон Педеста.

Дональд Трамп Огайо, Түндүк Каролина, Пенсильвания жана Флорида сыяктуу маанилүү штаттарда жеңип чыкты. Испан тилдүүлөр басымдуулук кылган Флоридада Хиллари Клинтон жеңишке жетишет деп күтүлгөн. Кезинде демократтарды колдоп келген Висконсин жана Мичиган сыяктуу штаттар республикачылардын талапкерине ыктаганы белгилүү болду.

Клинтон Нью-Йорк, Иллинойс сыяктуу түндүк-чыгыштагы штаттарда жана Калифорния, Колорадодо алдыга чыкты.

Президентти шайлоо менен бирге АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы жана Сенаттагы орундар үчүн да күрөш жүрдү.

Алдын-ала жыйынтыктырга караганда, республикачылар Өкүлдөр палатасында да, Сенатта да көпчүлүк орундарын сактап калды.

АКШда республикачылардын талапкери Дональд Трамптын алдыга озуп чыкканы тууралуу алгачкы кабарлар, каржы базарындагы жана доллардын курсундагы өзгөрүүлөргө себеп болду.

АКШ долларынын евро баштаган башка валюталарга карата курсу тез өзгөрүп жатты. Мунай баасы 4 пайызга төмөндөп, бир баррели 43,17 долларды түздү.

Токиодогу баалуу кагаздар рыногу жарым күндө 5%, Гонконгдогу биржалардын көрсөткүчү 3,3%, Сеулдуку 2,8% төмөндөдү.

Америкалыктар 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн да шайлашты.

АКШда шайлоо кантип өтөт?

АКШда шайлоо кантип өтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG