Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

АКШ: шайлоо алдында каржы базары кабатыр


АКШ шайлоосундагы күтүүсүз жагдайлар дүйнөлүк каржы рыногун дүрбөлөңгө салып, доллардын кунун түшүрүүдө. Буга ФБРдин Хиллари Клинтондун каттары боюнча бир нече күн мурдагы билдирүүсү себеп болду.

Демократтар шайлоо өнөктүгүнүн нугун өзгөрткөн Федералдык иликтөө бюросунун башчысын сынга алышууда. Талапкер Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүнүн башчысы Робби Мук ФБРди республикачылардын талапкери Дональд Трамптын Орусия менен байланышы тууралуу иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялоого чакырды.

Рейтер агенттиги билдиргендей, ФБР мындан бир нече ай мурда Трамп жана анын жакындарынын орус тарап менен алакасы боюнча алдын ала иликтөөсүн жүргүзгөн. Бирок ФБР бул иликтөө тууралуу коомчулукка маалымат бере элек.

Демократтардын шайлоо өнөктүгүнүн башчысы Мук CNN телеканалына маегинде ФБРдин башчысы Жеймс Комини талапкерлерге бирдей мамиле кылууга үндөдү:

- Эгер президенттик талапкерлерге карата маалыматтарды ачыкка чыгаруу ниетиңиз болсо, кандай маалымат болсо анын баарын жарыялаңыз. Дональд Трамп боюнча жана анын Орусия менен байланышы тууралуу бардык маалыматты ачыкка чыгарыңыз. Балким азыр анын салыктары тууралуу иликтөө жүрүп жаткандыр. Мен үчүн таң калычтуу болду. Эл Дональд Трампка тиешеси бар иликтөөлөр тууралуу сураганда алар эч унчугушпайт. Протоколго таянып туруп алышат. Хиллари Клинтонго келгенде андай кылышпайт. Бул маселени биз жараткан жокпуз. Жеймс Коми өзү бул эшикти ачты. Биз болгону андан бардыгына бирдей мамиле кылууну талап кылып жатабыз.

Жеймс Коми
Жеймс Коми

Федералдык иликтөө бюросунун башчысы соңку айыптоолорго жооп кайтара элек. Ал өткөн аптада ФБР Клинтондун мамлекеттик катчы кезиндеги жеке электрондук почтаны колдонуусуна байланыштуу жаңы каттарды иликтеп жатканын билдирип, шайлоо өнөктүгүнүн маанилүү фигурасына айланган.

Клинтон менен Трамптын акыркы дебаты (видео)

Клинтон менен Трамптын акыркы дебаты (видео)

19-октябрда Кошмо Штаттарда президенттикке талапкерлердин акыркы дебаты болуп өттү.

Анын бул маалыматты президенттик шайлоого саналуу күн калганда жарыялаганы Демократиялык партиянын кескин нааразылыгын жараткан.

АКШ сенатындагы Демократтардын лидери Гарри Рид ФБРди алдыдагы шайлоого таасир этүүнү көздөөдө деп айыптаган. Хиллари Клинтон Федералдык иликтөө бюросунан каттар тууралуу толук маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылган.

Республикачылардын талапкери Дональд Трамп мындай мүмкүнчүлүктү текке кетирбей ФБРдин башчысын кубаттап чыккан.

Трамптын айтканын Республикачылардын вице-президенттикке талапкери Майк Пенс да колдоп, президент Обаманын саламаттыкты сактоо тармагындагы реформасын да сынга алды:

- Бул шайлоодогу тандоо мындан артык айкын боло албайт. Хиллари Клинтон менен соңку жети жарым жылдагыдай жагдай кайталанат. Көбүрөөк салык, көбүрөөк чыгым, көбүрөөк көзөмөл жана көбүрөөк Obamacare болот. Биз Хиллари Клинтонго жашыруун маалыматтарды ишенип тапшыра албаганыбыз сыяктуу эле, саламаттыкты сактоо системасын да тапшыра албайбыз.

Клинтон жана Трамп
Клинтон жана Трамп

Соңку күтүүсүз окуялардан кийин демократтардын талапкери Хиллари Клинтон менен республикачы Дональд Трамптын рейтинги теңеле түштү. Алтүгүл “Эй-Би-Си Ньюс" жана "Вашингтон посттун” сурамжылоосу Трамп май айынан бери биринчи жолу Клинтондон бир пайызга алдыга озуп чыкканын көрсөттү. Бүтүндөй өлкө боюнча сурамжылоо жүргүзгөн Realclearpolitics.com сайты Клинтон Трамптан 2.2 пайызга алдыда турат деп билдирүүдө. Бирок Огайо жана Флорида сыяктуу маанилүү штаттарда жагдай бүдөмүк бойдон калууда.

Мындан улам дүйнөлүк биржаларда төмөндөө байкалып, АКШ долларынын курсу да ылдыйлап кетти. Бир нече апта мурдагы сурамжылоолор Клитондун Трамптан алдыда келе жатканын көрсөткөндүктөн, дүйнөлүк инвесторлор демократтардын талапкери утат деп ишенимдүү турушкан. Бирок соңку жагдай “Уолл Стрит” баштаган биржалардагы акцияларды төмөндөттү. Standard & Poor биржасынын индекси соңку төрт айдагы эң ылдыйкы чегине түштү.

АКШ долларынын еврого карата катышы соңку үч аптадагы эң төмөнкү чекке жетип, башка ири валюталарга каршы бир пайыз кунун жоготту.

Күтүүсүз окуялар, кескин билдирүүлөр менен коштолгон АКШдагы шайлоо кандай жыйынтык менен аяктары 8-ноябрдан кийин белгилүү болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG