Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Президент депутаттын сөзүнө терикти


КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаевдин бийликтин кемчиликтин баарын бирөөгө оодарып, каралоону токтотуу жана бир адамдын айтканындай ойлонууга мажбурлаган саясаттан баш тартууга жасаган чакырыгы коомчулукта кызуу талкууланууда.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерди куттуктоо учурунда Жанар Акаевдин саясатка келишине каржылык салымын кошконун баса белгилеп, ишара кылганы да мамлекет башчысы деңгээлиндеги адамга жарашпас майдачылдыгы катары саясий чөйрөдө сынга алынууда.

Депутат Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президенттин дооматына падышалар тууралуу ыр сабы менен жооп берди. Фейсбукта анын бул кадамын көпчүлүк кубаттап жатса, президент Атамбаевдин жактоочулары “төө бастыга” алууга өтүштү.

Акчага байланган саясат

Сөз жана басма сөз эркиндиги күнүн белгилөөнүн астында КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаевдин бийликтин соңку саясатын сындаган билдирүүсү жана ага карата президенттин жообу коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Президент Алмазбек Атамбаев депутаттын билдирүүсүнө нааразы болуп, шайлоодогу каражатын көтөргөнүн эске салып, доомат кылганга чейин барды. Журналист Бейшенбек Бекешов президент Атамбаевдин бул ишаратын саясий кызыл кулактык катары баалады:

- Жанар Акаев парламентте чындыктын чыркырап жаткан жерин өз убагында жана жүйөсү менен айтты. Бирок биздин ажобуз аны туура кабыл алгандын ордуна “балашка, шайлоодо анын чыгымын көтөргөнүбүздү унутуп калды” деп доомат коюп, нааразы болду. Мына ушуну айткандын өзү журт башы үчүн барып турган уят эле да. Мунун арты менен президент “Мен сенин акчаңды төлөп койсом, сен биздин сөздү сүйлөбөйсүң” дегенди туюнтуп жатпайбы. Экинчиден, “акчаң болсо гана депутат болосуң” деген маанини каңкуулап жатат. Бул эмне деген принцип? Бул биздин башкаруу системасы жана саясат өлдү дегенди билдирет. Бул биздин ажонун бет пардасын ачты. Бул деген ал жакында өткөрөм деп жаткан референдумдун максатынын жүзү болуп жатат.

Жанар Акаев каралоону токтотууга чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Буга чейин депутат Жанар Акаев парламенттен соңку мезгилде мамлекеттик маалымат каражаттарында бир түрдүү пикир үстөмдүк кылып, башкача ойлонгон тараптарды каралоо күчөп жатканын сынга алган болчу. Мындай саясаттын арты жакшылыкка алып келбестигин эскерткен депутат Жанар Акаев бийлик партиясынын жетекчилигин бирөөнү эле жамандай бербей, өзүнө дагы сын көз менен кароого чакырган болчу:

- “Сен туура эмес жолго түштүң” деп акырая карагандын ордуна балким “биз туура эмес жолго түшүп алган жокпузбу” деген маселени ойлонуш керек. Коомдо ар түрдүү пикир, ар түрдүү көз караш болушу керек. Башкача ойлонгон адамдарга дагы сөз берип, аларды уккандан коркпошубуз керек. “Баарыбыз сөзсүз эле ошол бир адамдай болуп ойлонушубуз керек” деген туура эмес. Акаевчи-бакиевчи дегенди абайлап колдонсок. Эми биз өнүгөлү, өсөлү десек, укук коргоо жана сот органдарын өзгөртүп, реформа жүргүзөлү десек азыр Акаев менен Бакиев жолтоо болуп жатабы? Кимдир бирөө каршы сүйлөп койсо эле чукулап, ага жарлык тагып, анан кылмыш ишин козгоп жатасыңар. Ушул эми туурабы? Эгерде алар чын эле кылмышкер болсо, алар унчукпай жүргөндө эмнеге козгобойсуңар?

Депутаттын бул билдирүүсүнө карата жооп көпкө күттүргөн жок. Өткөн жума күнү журналисттерди куттуктоо учурунда президент Алмазбек Атамбаев депутаттын азыркы кемчиликтин бардыгын мурдагы президенттерге оодара берүүнү токтотуу чакырыгына карата өзүнүн токтоосуз каршы пикири менен үн катты.

Президент "Бир болдун" депутаттарын сынга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусунда, өлкөдөгү орчундуу иштерди жасаганга алты жылдан бери азыркы Баш мыйзам менен мурдагы бийликтин саркындылары тоскоол болуп жаткан экен:

- Биздин бир жаш балабыз Жанар Акаев "Акаев менен Бакиевдин эмне залакасы бар" деп айтыптыр. Ал “балашка” билбейт го. Анткени анын шайлоодогу каражатын биз көтөрүп бергенбиз. Бирок Акаев менен Бакиевдин азыркы күнгө чейин каражаттары келип жатат да. Анткени алар жооп бергиси келбейт. Бул жакка катып жыйган мүлктөрү дагы эле бар. Ошондуктан алар референдумду өткөртпөө үчүн жанталашпадыбы. Анткени референдумдан кийин “Кумтөр” боюнча маселени көтөрөбүз.

“Падышага” берилген "сигнал"

Депутат Жанарбек Акаев Facebook баракчасында президент Атамбаевдин бул айтканына эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин падышалар тууралуу жазган ыр саптары менен жооп кайтарды. Анда:

“Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт”, - деп жазылган эле.

Мына ушундай жооптон кийин социалдык түйүндөрдө депутаттын бул тайманбас кадамын кубаттаган талкуулар күч алды. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматов депутат Жанар Акаев бийлик партиясындагы көп саясатчылар айтууга даабай жаткан чындыкты айтып чыкканын мындайча белгиледи:

- Жанардын чыдабай кетип, агынан жарылганы бул анын көрүп туруп көрмөксөн, угуп туруп укмаксан боло албаганы. Жанар бул эрктүү билдирүүсү менен Кыргызстандагы жарк эткен демократ жаштардын жаңы муунун жаратты десек болот. Ошондуктан бул анын жөн эле билдирүүсү эмес экенин сезип калган президент жана анын жакын чөйрөсү ага чычалап, өзүнчө бир кооптонуп жатышат. Анткени Жанардын бул айтканы КСДПнын саясаты үчүн өтө чоң сокку болду. Анын башкарууда терс көрүнүштөргө жол берилип жатат деп айтканы бийлик партиясынын башындагылардын буга чейинки калпын ашкерелеп, аны ичинен жаргандай эле болду. Болду, эми бул жараян токтобойт.

Партиялык тартипти бузган "шок бала"

Ошол эле кезде социалдык түйүндөрдө президент Атамбаевдин саясатын жактагандар “Жанар Акаев президенттин ишенимин актаган жок” деген негизде “анын мандатын алуу керек” деген сыяктуу чакырыктар да болду. КСДПнын мурдагы мүчөсү Рита Борбукеева депутаттын кадамын партиядагы ички тартипти бузган кош стандарттуулук деп айыптады:

- Бир партиядан талапкер болуп, ошол фракциянын депутаты болгон соң саясатта туруктуу көз караш болуш керек эле. Эгерде фракциядан же коалициядан чыгып кетип, эркин депутат катары ушундай билдирүү менен чыкса бир жөн эле. Бул эми анын жеке пикири го. Бирок биз Жанар мырзанын бул кадамын алешемдик катары бааладык. Адам бир багыт менен кеттиби, мына ошол багыт менен аягына чейин болушу керек. Жанар мына ошол партияга кирип, анан ошондон депутат болуп барды да.

“Жанар чындыкты жана элин саткан жок”

Мындан сырткары социалдык түйүндөрдө депутат Жанар Акаевдин билдирүүсүн бурмалап, аны мурдагы бийлик режимдерин актагысы келген саясатчы катары көргөзгөн билдирүүлөр да жок эмес. Ошондуктан Атамбаевдин айрым жактоочулары аны “саткын” жана “чыккынчы” дегенге чейин барып, анын дарегине акарат келтирген постторду да жазышты. Саясатчы Алманбет Шыкмаматов депутатка карата басым күчөшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Бийлик башында “Жанар бизди сатып кетти” деген маселе өтө жогорку деңгээлде көтөрүлөрүнө бөркүмдөй эле ишенем. Анткени эски машинедей болгон бул системанын кылары ошол. Бирок суроо туулат. Жанар элин саткан жок, Жанар абийирин саткан жок, Жанар чындыкты саткан жок. Кеп мына ошондо да. Анан эми Жанарга басым күчөп, анын мандатын тартып алууга аракеттер болот. Туш тараптан кысым болуп, кодулап башташары турган иш. Жанардын оозун жабуу үчүн коркутуу боюнча тымызын иштер жүрөт. Бирок ага биздин коомчулук жана жаштар жол бербейт деген ойдомун.

Жанар Акаев шайлоо өнөктүгү учурунда, 2015-жыл
Жанар Акаев шайлоо өнөктүгү учурунда, 2015-жыл

Президент Атамбаевдин соцтармактардагы жактоочулары “Жанар Акаев президенттин аркасы менен депутат болуп алып, эми анын өзүнө асылды” деген сыяктуу пикирлерин калтырышып, аны партиянын чоң жаңылыштыгы катары карагандар да жок эмес. Буга шайлоодо ага каржылык көмөк болгону тууралуу президенттин колко кылган ишараты негиз болду. Бирок журналист Жанар Акаев шайлоодо эмне себептен партиянын алдыңкы тизмесине кирүүгө чакырылган деген суроого негедир президенттин тарапкерлери жооп берише элек.

Жанар Акаев башкаларчылап шайлоодо чоң каржылык демөөрчүлүк кыла албаганы менен акча менен өлчөнбөй турган коомдогу жеке кадыры жана популярдуулугу аркылуу партиянын пайдасына канчалаган добуш алып бергени туурасында азырынча КСДП партиясынын жетекчилиги ооз ача элек.

Жанар Акаев “Азаттыкта” журналист болуп иштеп жүргөндө президент Алмазбек Атамбаев аны өзүнө маалымат катчылыкка чакырып, андан ары былтыр КСДП партиясынын тизмесинин алдыңкы катарында парламенттик шайлоого барууну сунуштаган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG