Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Трамп айрым убадаларынан баш тартпайт


АКШ президентине шайланган Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп.
АКШ президентине шайланган Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп.

АКШнын президенттигине шайланган Дональд Трамп шайлоодон кийин мусулмандарды жана латын америкалыктарды жектөө тууралуу кабарларга өкүнүчүн билдирип, расистик чабуулдарды, бирөөнүн мүлкүн талкалоону токтотуу керек деди.

13-ноябрда CBS каналынын “60 мүнөт” программасына курган маегинде Трамп мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо ниетин кайталап, кызматына киришкен январь айынан тарта 3 миллиондой киши АКШдан чыгарылышы мүмкүн деди.

Миллиардер-бизнесмен кеп “кылмышкерлер, кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, маңзат аткезчилигине аралашкан адамдар” тууралуу жүргөнүн белгиледи.

Шайлоо алдында Трамп Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жүрөт делген 11,3 миллиондой чет өлкөлүк жаранды келген жагына кайтарарын айтып келген.

Мексика менен чек арада коопсуздук дубалын тургузуу планынан тайбай турганын айткан Трамп, ал айрым тилкелерде гана куруларын, калган жерлерде тосмолор менен чектелерин тактады.

АКШдагы шайлоодо Дональд Трамп жеңди

АКШдагы шайлоодо Дональд Трамп жеңди

Дональд Трамптын тарапкерлеринин кубанычы койнуна батпай турат. АКШда алгачкы шайлоо өнөктүгү башталганда көпчүлүктүн күмөн саноосуна туш болгон Трамп эми президент болуу үчүн жетиштүү добуш топтоду. Дагы төрт штаттын жыйынтыктары келип түшө элек болсо да, республикачыл талапкер шайлоочулар коллегиясынын 276 добушуна ээ болууда. Президент болуу үчүн 270 добуш жетиштүү болмок.

Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө республикачылардын талапкери мексикалык айрым мигранттарды кылмышкерлер деп атап, шайланып калса мыйзамсыз келгендерди артка кетирерин жана эки өлкө ортосунда бетон дубал тургузууну убада кылган.

Трамптын каршылаштары ландшафттын өзгөчөлүктөрү курулушту ишке ашырууга жол бербесин, долбоор кымбатка түшөрүн айтса, бизнесмен өзү 8 миллиарддан көп эмес доллар коройт деп эсептейт.

Ошол эле интервьюсунда Трамп бир жыныстагы адамдардын расмий баш кошуусуна каршы эместигин, Жогорку Сот бул боюнча өз бүтүмүн чыгарганын айта кетти.

Президент катары 400 миң долларлык эмгек акысынан баш тартарын, жылына бери дегенде 1 доллар алууга мыйзамга ылайык милдеттүү экенин белгиледи.

Ал эми президенттик жарыштагы атаандашы демократ Хиллари Клинтон тууралуу сөз кылып жатып, Трамп мурдагы мамлекеттик катчынын жеке электрондук почтасын кызматтык кат алышуу үчүн пайдалангандыгы боюнча тергөө жүргүзүү үчүн прокурорду дайындоону дагы ойлонорун айтты. Шайлоо алдындагы эрөөлдөрдүн биринде ал президент болуп калса, Клинтонду түрмөгө отургузарын айтканы бар.

CBS каналындагы маегинде Трамп "Клинтондор жакшы адамдар, аларга жамандык жасагым келбейт",- деди.

Ошол эле күнү жаңы администрациянын жетекчилигине Республикалык партиянын Улуттук комитетинин төрагасы Райнс Прибус дайындалары белгилүү болду. Ал эми Трамптын шайлоо штабын башкарып келген саясий технолог Стивен Бэннон биринчи кеңешчиси болмокчу.

Трамп бул эки болочок жетекчини шайлоо кампаниясы учурунда аны менен мыкты иштешкен лидерлер катары сыпаттады.

Жаңы шайланган президент администрациясын расмий инаугурация белгиленген эмки жылдын 20-январына чейин кеминде эки ай ичинде түзүүгө тийиш.

Демократ мыйзам чыгаруучулар Трамп менен айрым маселелер, мисалы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташарын жокко чыгарышпайт. Ошол эле маалда демократтар президенттин башка пландары, мисалы мыйзамсыз мигранттардын массалык депортациясы, салыктарды төмөндөтүү өңдүү кадамдарына каршы болушарын белгилешет.

Ал ортодо Трамптын шайланышына нааразы болгондор митингдерин улантышууда. Портланд, Орегон, Нью-Йорк, Лос-Анжелес жана башка жерлердеги демонстранттар анын үгүт кампаниясы маалында айтып келген убадаларына, айрыкча иммиграцияны чектөө, АКШга кирген мусулмандарды каттоого тургузуу пландарына каршы, ошондой эле аялдарга асылган деген дооматтардан улам нааразылыгын айтып чыгышты. Жекшембиде ондогон демонстрант кармалып, бир нече полициячы жараат алганы кабарланууда.

Трамп адегенде бул акцияларды маалымат каражаттары шыкактоодо деп айтып келсе, кийин оюн өзгөртүп, ал адамдардын “улуу өлкө үчүн күйгөндөрүн” кубаттап, “бардыгыбыз биригип, өлкөбүз менен сыймыктанабыз” деп Твиттерге жазды.

XS
SM
MD
LG