Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Клинтон: Трамп менен кызматташууга даярмын


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

Демократиялык партиядан президенттикке ат салышкан талапкер Хиллари Клинтон 9-ноябрда Нью-Йоркто сүйлөгөн сөзүндө шайлоодо жеңилип калганына өкүнүч билдирди. Атаандашы, республикачы Дональд Трамп менен өлкө кызыкчылыгы үчүн кызматташарын, мыкты, мындан да күчтүү, адилеттүү Америка курууга көмөктөшүүнү өзүнүн жарандык милдети катары эсептей турганын айтты. Ошондой эле өзүн колдогондорго ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү бөлүнүп-жарылуу өзү ойлогондон да тереңдеп кеткенин белгиледи:

- Биз калыс болуп, Трампка өлкөнү жетектеши үчүн мүмкүнчүлүк беришибиз керек,- деди Клинтон.

АКШда 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп шайлагычтардын 270 ашуун добушун алып, АКШнын 45-президенти болуп шайланды.

XS
SM
MD
LG