Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

АКШ: Мамкатчылыкка сунушталган Путиндин "досу"


Рекс Тиллерсон Орусия президенти Владимир Путин менен. Санкт-Петербург, 21-июнь, 2013-жыл.
Рекс Тиллерсон Орусия президенти Владимир Путин менен. Санкт-Петербург, 21-июнь, 2013-жыл.

Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп 13-декабрда мамлекеттик катчылыкка тандалган талапкердин ысымын атады. Бул жогорку кызматка Мит Ромни, Руди Жуллиани жана башка талапкерлер каралып жаткан. Бирок Трамптын тандоосу Exxon Mobil компаниясынын башчысы Рекс Тиллерсонго токтоду. Ошол эле учурда Орусия Трамптын пайдасына хакерлик жасаган деген айыптоолор күч алууда.

Бардык чечимдерин Твиттер аркылуу кабарлап жаткан Дональд Трамп 12-декабрда бул соцтармак аркылуу маанилүү кадрдык чечими тууралуу кабарлаган. Шайланган президент АКШнын Exxon Mobil мунай ​компаниясынын башчысы Рекс Тиллерсонду 13-декабрда мамлекеттик катчылыкка көрсөттү.

Рекс Тиллерсон.
Рекс Тиллерсон.

Трамптын жардамчысы Келлин Конвэйдин айтымында, Рекс Тиллерcондун мунай долбоорлору боюнча Орусия менен жетишкендиктери анын артыкчылыгы болууда. Бирок анын мына ушул артыкчылыгы АКШ Сенатында маселе жаратат деп да айтылууда. Тиллерсондун ысымы расмий түрдө атала электе эле, Сенаттагы партия өкүлдөрү анын орус президенти Владимир Путин менен жакындыгына тынчсызданууларын билдире баштады.

Республикачы сенатор Жон МакКейн тынчы кетип жатканын жашырбай, “анын Владимир Путин менен өтө жакын мамилеси баарына белгилүү” деп, Орусия президентин болсо “орус империясын калыбына келтирүүгө аракеттенген КГБнын агенти” деп атады. Ал эми Сенаттагы азчылыкты түзгөн демократтардын лидери Чарлз Шумер CBS маалымат каражатына берген маегинде “Тиллерсон сыяктуу адамдарды өтө аярлап угуш керек” деп, “биринчи кезекте анын Путин менен жакындыгы боюнча маселе чыгарын” кошумчалаган.

АКШнын мамлекеттик катчысын Сенат бекитет. Ошондуктан Тиллерсондун талапкерлиги сунушталса, Сенатта жогорудагы суроолор көтөрүлөрү күтүлөт.

Кошмо Штаттардын шайланган президенти Трамп мамлекеттик катчылык кызматка ЦРУнун мурунку башчысы Дэвид Петрэус, президенттикке мурунку талапкер Митт Ромни, Нью-Йорк шаарынын мурунку мэри Руди Жуллиани, сенатор Боб Коркер жана башкалардын талапкерлигин карап, алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Алардын арасынан Руди Жуллиани мамлекеттик кызматта иштебесин ачык айтып, мамлекеттик катчы кызматынан баш тарткан.

Дональд Трамп мамлекеттик катчылыкка көрсөткөн Рекс Тиллерсон Exxon Mobil мунай компаниясынын башчысы катары Орусиянын "Роснефть" компаниясы менен Сахалинде, Арктика жана Сибирде мунай кендерин иштетүү келишимине жетишкен. Бул үчүн президент Владимир Путиндин колунан 2012-жылы “Дружба” орденин тагынган.

Рекс Тиллерсон менен Владимир Путин.
Рекс Тиллерсон менен Владимир Путин.

Бул арада АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы хакердик боюнча талаш-тартыш күч алууда. Американын таасирлүү маалымат каражаттары ЦРУга шилтеме жасап, Москванын хакердик чабуулу Дональд Трамптын жеңишке жетишине салым кошту деп жазды. Муну Дональд Трамп четке кагып, анын эч кандай далили жок деди. ФБР да Трамптын таламын талашып, Орусиянын хакердик аракети боюнча далил жоктугун билдирген.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест 12-декабрдагы маалымат жыйынында шайлоо мезгилиндеги киберчабуулдан ким пайда көргөнүн эске салды:

- Орусиянын киберактивдүүлүгүнөн ким пайда көргөнүн аныктоо кыйынчылыкка турбайт. АКШнын шайланган президенти аны күмөнгө да алган эмес, ал Орусияны оппонентине каршы хакердик чабуул кылууга чакырган. Ал Орусияны мамлекеттик катчы Клинтонго каршы хакердик кылууга үндөгөн. Ошондуктан ал кайсы тараптан “шамал келип” жатканын жакшы билген. Орусия тарабынан хакердик жол менен табылып, андан кийин сайттарга берилген имейлдер добуш берүүгө бир-эки жума калганда талаш-тартыштын чордонуна айланганы маалым.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест
Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест

АКШ президенти Барак Обама Демократиялык партияга жасалган хакердик чабуулду иликтөө тапшырмасын берген.

19-декабрда шайлоочулар коллегиясы добуш берүүгө чогулат. Анын алдында хакердик чабуул кайрадан күн тартибине коюлуп, интрига жаралууда. Шайлоочулар коллегиясы 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгына жараша добуш бериш керек. Адатта алар штаттарда буга чейин өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын жөн эле бекитип коюшат.

Бирок Конституция аларга айрым жагдайларда тандоо мүмкүнчүлүгүн берери белгиленүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG