Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Трамптын командасындагы аял талапкерлер


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жогорку кызматтарга талапкерлерди тандоону улантууда.

23-ноябрда ал Улуттар Уюмундагы АКШнын элчилигине жана Билим берүү министрлигине талапкерлерди атады. Алардын экөө тең аял.

Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда аны колдобогон, көп учурда кескин сынга алган белгилүү саясатчылар менен жолугушуп, аларды жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындоо боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө. Маселен, аны сынга алган Мит Ромни менен кезигишип, аны АКШнын мамлекеттик катчы кызматына дайындоону сүйлөшкөнү кабарланган.

23-ноябрда Трамп Түштүк Каролина штатынын губернатору Никки Хейли айымды Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы өкүлү кызматына сунуштаганын билдирди. Никки Хейлинин үгүт өнөктүгү учурунда Трампты сынга алганы жана тышкы саясатта тажрыйбасы өтө аз экендиги айтылууда.

Трамптын Хейлини дайындоо боюнча маалыматында, “губернатор Хейли адамдарды партиялык же тегинин айырмачылыктарына карабай бириктирүү тажрыйбасына ээ жана бул жөндөмү штат жана мамлекетибизди алдыга тартууга жардам берип келген” деп айтылат. “Ал иш билгилигин тастыктаган мыкты жетекчи жана алдыда мыкты иштерди аткарат деп күтөбүз. Ал бизди дүйнөлүк аренада көрсөткөн улуу лидер болот” деп кошумчалаган Трамп.

Никки Хейли.
Никки Хейли.

Никки Хейли 44 жашта. Ал индиялык иммигранттардын кызы. Шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трамптын мигранттар боюнча позициясын жана айланасындагы ак адамдардын артыкчылыгын даңазалаган кишилердин тизгинин тартпайт деп сынга алып келген.

Республикачылар партиясынын көтөрүлүп келе жаткан жылдыздарынын бири саналган Хейлинин Улуттар Уюмунда АКШ өкүлү болуп дайындалышын Сенат бекитиши керек. Сенатты Республикачылар көзөмөлдөгөндүктөн Трамптын дайындоосу колдоо табат деген ишеничтер айтылууда. Эгерде баары ойдогудай болсо, Никки Хейли Дональд Трамптын кабинетиндеги ак эмес биринчи аял болуп калмакчы. АКШнын БУУдагы азыркы элчиси Саманта Пауэр 2013-жылы дайындалган. Барак Обама тарабынан дайындалган Пауэр БУУда Орусияны катуу сындап келген.

Дональд Трамп АКШнын билим берүү министрлигине Бетси ДеВосту көрсөттү. Америкалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, ишкер ДеВос айым билим алуу укугун коргоо боюнча иш жүргүзүп келген. “Биз анын жетекчилиги менен АКШнын билим берүү системасында реформа жүргүзүп, балдарыбызга жолтоо болуп келген бюрократияны тыябыз. Ар бир үй-бүлөгө дүйнөлүк деңгээлде билим бере турган мектепти тандап ала тургандай шарт түзөбүз” деген Трамп.

Трамп мамкатчылыкка сунушталган Мит Ромни менен.
Трамп мамкатчылыкка сунушталган Мит Ромни менен.

Жакында эле "Нью-Йорк таймс" гезитине берген интервьюсунда Дональд Трамп бийликти өткөрүп алуу боюнча командасы ырааттуу иш алып баратканын айтып, алдыдагы максаты Американы биринчи орунга коюу экенин кайталаган:

- Менин максатым бир эле принципке негизделет. Ал Американы биринчи орунга коюу. Темир өндүрүшү болобу, автомобиль жасообу же саламаттык сактоо тармыгыбы, келечектин өндүрүшү жана инновация мына ушул жерде, биздин ата мекенибиз Америкада болуш керек. Америкалык эмгекчилер үчүн жумуш орундарын түзүп, байлыгын арттырыш керек.

Дональд Трамп мына ушул максатта Транс-Тынч океан өнөктөштүк келишиминен чыгып, башка өлкөлөр менен Американын кызыкчылыгындагы эки тараптуу соода келишимин түзөрүн билдирген.

Кошмо Штаттарда 24-ноябрда белгиленип жаткан Ыраазычылык билдирүү күнүнө карата калкка кайрылуусунда Дональд Трамп америкалыктарды биригүүгө чакырды. Ал шайлоо өнөктүгү учурундагы ажырым залакалары дале сезилип турганын, ал дароо эле өтүп кетпесин моюнга алып, элди биригүүгө үндөгөн.

Дональд Трамп президенттик кызматка расмий 20-январдагы инагурациядан кийин киришет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG