Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

АКШ Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн чыгат


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын видео кайрылуусу. 21-ноябрь, 2016-жыл.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын видео кайрылуусу. 21-ноябрь, 2016-жыл.

Кошмо Штаттар Транс -Тынч океан экономикалык келишиминен чыгат. Бул тууралуу жаңы шайланган президент Дональд Трамп билдирди. Азия-Тынч океан аймагында соода жүгүртүүнү либералдаштырууну караган келишимге 12 мамлекет кол койгон эле. Бул кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Барак Обама кызуу колдогон экономикалык долбоорлордун бири болчу.

Учурда болочок өкмөтүн куроо менен алектенип жаткан Дональд Трамп 21-ноябрда Нью-Йоркто кызматка расмий киришкенден кийин чыгуучу алгачкы жарлыктары тууралуу айрым билдирүүлөрдү жасады.

АКШнын шайланган президентинин ырастоосунда, анын өлкөсү да кошулган Транс-Тынч океан соода келишими ал Ак үйгө келгендин алгачкы күнү эле жокко чыгарылат:

- Менин күн тартибим жөнөкөй эле өзөктүү принципке негизделет. Ал болот өндүрүү, автоунаа жасоо, илдетти дарылоо болобу - АКШны биринчи орунга коюу. Менин көздөгөнүм - өндүрүштүн, инновациянын кийинки мууну биздин улуу мекенибизде, Америкада болуп, байлык жана америкалык жумушчулар үчүн иш орундарын жаратуусу. Соода жаатында мен Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн чыгуу жөнүндө кабарлайм. Бул келишимдин биздин өлкө үчүн кыйраткыч потенциалы бар. Мунун ордуна биз жумушчу орундарын жана өндүрүштү АКШнын жээктерине алып келүүчү адилет, эки тараптуу соода келишимдери боюнча сүйлөшүү жүргүзөбүз, - деген Дональд Трамп учурдагы соода келишимдери АКШ үчүн адилетсиз деген пикирин шайлоо өнөктүгү учурунда дембе-дем айтып келген жана өлкөсүн Транс-Тынч океан келишиминен чыгарууну да өнөктүк учурунда эле убада кылган.

Америка континенти менен Азия-Тынч океан аймагында соода жүгүртүүнү либералдаштырып, товарлар жана кызмат көрсөтүү үчүн бажы тарифтерин дээрлик жоюуну караган бул келишимге жети жылкы сүйлөшүүлөрдөн кийин быйыл февралда он эки өлкө: АКШ, Австралия, Бруней, Вьетнам, Канада, Малазия, Мексика, Перу, Жаңы Зеландия, Сингапур, Чили, Жапония кол койгон.

Алардын үлүшүнө дүйнөлүк сооданын 40% туура келет. Бирок, документ азырынча толук ратификацияланып, күчкө кире элек.

Келишимдин күчкө киришине ашыккандардын бири - Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ Трамптын билдирүүсүнө реакция жасап жатып, Транс-Тынч океан өнөктөштүгү Кошмо Штаттарсыз маңызын жоготорун белгиледи:

Синзо Абэ өткөн аптада Дональд Трамп менен жолугуп кеткен. Нью-Йорк, 17-ноябрь, 2016-жыл.
Синзо Абэ өткөн аптада Дональд Трамп менен жолугуп кеткен. Нью-Йорк, 17-ноябрь, 2016-жыл.

- Транс-Тынч океан өнөктөштүгү Кошмо Штаттар катышпаса, маанисиз болот. Жапония кол койгон өлкөлөрдүн баарын ратификация үчүн зарыл ички процедураларын тезирээк аяктоого чакырып, бул үчүн аракет көрөт. АКШдагы президенттик шайлоодон кийин кырдаал өзгөргөнүнөн улам эле кол койгон өлкөлөрдүн бири да өзүлөрүндөгү мыйзамдык жараянды токтотууну же кечиктирүүнү караган жок.

Транс-Тынч океан өнөктөштүгү АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Барак Обама кызуу колдогон экономикалык долбоорлордун бири.

Келишимдин келечегин өткөн аптада эле ага катышкан өлкөлөрдүн лидерлери Перуда, Азия-Тынч океан Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинде өзүнчө жолугуп да талкуулашкан:

- Биздин кызматташтар жыйында Транс-Тынч океан өнөктөштүгүн алга жылдырарын ачыкташты. Алар АКШ менен бирге жылууга артыкчылык беришмек. Кээ бирлер келишимди ратификациялоого киришти. Ошол эле учурда биз аймак үчүн анча амбициялуу эмес, стандарттары, жумушчулардын, айлана-чөйрөнүн корголушу кыйла алсыз келишим жөнүндөгү чакырыктарды угуп жатабыз. Менимче, эгер биз алдыга жылбасак, бул биздин аймактагы турумубузга, глобалдык сооданын эрежелерин биздин кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды чагылдыргандай кылып жаратуу жөндөмүбүзгө шек келтирмек, - деген эле президент Барак Обама Перудагы жыйындан кийин.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президенти Азия-Тынч океан чөлкөмү үчүн башка келишим дегенде Кытайдын демилгелерин эске алып жатат.

Кытай мисалы Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнө альтернатива иретинде Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн Эркин соода аймагын түзүүнү сунуш кылууда. Азыр Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү жагынан АКШ дүйнөнүн биринчи, Кытай экинчи экономикасы.

Трамп АКШнын соода өнөктөрүн сестентти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG