Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Тажикстан: Адвокаттарга кысым күчөдү


Тажикстанда бийликтер адвокаттардын ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Аларды өкмөткө көбүрөөк көз каранды кылган жоболорду мыйзамга тажик парламенти өткөн аптада киргизди.

Бул жараяндардын алдында Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттерин жана оппозициячыл саясатчыларды коргогон адвокаттар камакка алынган болчу.

АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер боюна комиссиясы ноябрдын башында билдиргендей, быйыл сентябрдан бери Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын 200дөй мүчөсү камакка алынды.

Алардын көбү тажик соту бир кезде азыркы президент Эмомали Рахмондун өкмөтүнө тынчтык орнотуу келишимине өнөктөш болгон партияны “террордук топ” деп тапканга чейин эле абакка түшүшкөн.

Бирок, тажик бийликтери тыюу салынган партиянын активисттерин гана абакка салуу менен эле чектелбестен, алардын адвокаттарын да камоодо.

Тажикстандагы таанымал адвокаттардын бири Файзиннисо Вохидова бул жараяндар тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Катардагы эле эмес, чуулгандуу кылмыш иштерине катышкан адвокаттарды камакка алышты. Бийликтин кадамдары, алардын адвокаттардын ишине ачык кийлигишүүсү - бул институт көмүскөгө кетип, биз жарандардын укугун коргоо боюнча ишмердигибизди өз алдынча жүргүзө албай турганыбызды каңкуулап жатат.

Файзиннисо Вохидова айткан, камакка алынгандар арасында Бузургмехр Ёров, Нуридин Махкамов, Шухрат Кудуратов ысымдуу адвокаттар бар.

Бузургмехр Еров
Бузургмехр Еров

Камакта тыюу салынган партиянын юристи Зарафо Рахмони да олтурат.

Камалгандардын ичинен мисалы Бузургмехр Ёровду тажик бийликтери Кылмыш кодексинин “көз бойомочулук”, “документ жасоо” деген беренелери боюнча айыпташууда.

Ал быйыл сентябрда камалар алдында Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилигине кирген 13 адамдын кызыкчылыгын коргоого киришкен эле.

Бузургмехр Ёров камалган кезде эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюму бул окуяны адвокаттар коомчулугуна саясий иштерге аралашпоосу үчүн бийликтин эскертүүсү катары баалаган.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Хью Уильямсон Тажикстан сырттан кийлигишүүдөн жана өч алуудан коркпой иштеген көз карандысыз юристтерге абдан муктаж болуп турганын белгилеген.

Бирок, расмий Душанбенин соңку кадамдарына караганда, адвокаттардын бийликке көз карандылыгы, тескерисинче, күчөчүдөй болуп турат.

Мыйзамга жаңы киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу адвокат Файзиниссо Вохидова “Азаттыкка” буларды айтты:

-Адвокаттар жана адвокаттык ишмердик жөнүндөгү жаңы мыйзам бизде быйыл мартта кабыл алынып, бирок анын күчкө кириши кийинки жылдын мартына чейин калтырылган. Башкача айтканда, биз ал мыйзамды колдоно элек болчубуз, бирок ага кайра өзгөртүү киргизип жиберишти. Жаңы түзөтүүлөргө ылайык, Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттарга катаал талаптар коюлат. Ал түзөтүүлөргө көз чаптырсаң жарандык коомдун институту катары адвокатуранын көз карандысыздыгы жоголууда. Мыйзамдагы жоболор Тажикстандын Конституциясына, өлкө кабыл алган эл аралык келишимдерге каршы келет. Атүгүл тажик жарандарынын эмгек укугун да бузат.

Жаңы эрежеге ылайык, Тажикстанда эми адвокаттар өз ишмердигин баштаардан мурда Юстиция министрлиги алдындагы атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүшү керек. Аларга аттестация ар беш жылда бир ирет жүргүзүлүп турат.

Тажикстандын юстиция министринин орун басары Рустами Шохмурдо мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдүн максатын “адвокаттык кызматты” жакшыртуу деп чечмеледи.

Шухрат Кудуратовдун соту. 13-январь, 2015-жыл.
Шухрат Кудуратовдун соту. 13-январь, 2015-жыл.

Бирок, адвокаттар кириптер болгон окуя тажик бийликтернин ниетинен күмөн санатууда.

Быйыл жыл башында Тажикстанда Шухрат Кудуратов ысымдуу адвокат алгач 13 жылга, кийин апелляциялык сотто үч жылга кесилген. Ал 29 жылга соттолгон оппозициячыл саясатчы Зайд Саидовду коргогон эле.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG