Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Би-Би-Синин өзбек кызматы Ташкенттеги өз ишин жандантат


Би-Би-Синин Ташкенттеги кеңсеси 2005-жылдагы Анжиян калабасынан кийин жабылган.
Би-Би-Синин Ташкенттеги кеңсеси 2005-жылдагы Анжиян калабасынан кийин жабылган.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Би-Би-Си медиа-корпорациясынын өзбек кызматы 5-июлда "бир нече жылдык тыныгуудан кийин өз ишмердүүлүгүн Өзбекстанда жандантууга даярдыгын" жарыялады.

Мындан улам Би-Би-Синин өзбек кызматы Ташкенттеги бюросуна журналисттерди ишке алууга сынак да жарыялаганын маалымдады.

Британ медиа-корпорациясынын Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн жандантуусу боюнча башка кошумча маалыматтар айтыла элек. Кеңсе качан ачылары да белгисиз.

Би-Би-Си жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Ташкенттеги кеңселери 2005-жылдагы Анжиян калабасынан кийин жабылган. Бул кандуу окуядан кийин чет элдик басылмалардын журналисттеринен тышкары, Анжиян окуясынын расмий версиясын сынга алган бардык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да өлкөдөн чыгарылган.

Айрым байкоочулардын белгилешинче, Би-Би-Синин өзбек кызматынын ишмердүүлүгүн жанданышы өткөн жылдын соңунда шайланган президент Шавкат Мирзиеевдин сөз эркиндиги жаатындагы жумшак саясатынын жыйынтыгына байланыштуу. Бир күн мурда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Өзбекстан Human Rights Watch эл аралык укук коргоочу уюму менен кызматташуусун жандантууга даярдыгын айткан.

XS
SM
MD
LG