Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Мекеде сүрөткө түшүүгө тыюу салынды


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-27-ноябрь).

Newsweek журналы 24-ноябрда Египеттеги мечитте болгон кандуу калабанын мисалында эмнеге бир диндин өкүлдөрү бири-бирине кастарын тигип жатканын талдап, башкы себеп катары ислам дининдеги суфизмди көрсөттү. Анткени кыргын болгон Ал-Рауда мечити Синайдагы суфийлер сыйынган белгилүү жай катары таанымал.

"Ислам мамлекети" экстремисттик уюму сопулардын мистикалык көз карашын жектегендиктен, тээ башынан бери эле Синайдагы суфий жамааты куугунтук бутасына айланган. 2014-жылы экстремист жоочулар Сириядагы сопулар пааналаган Дейр Эззордогу күмбөздөрдү талкалап, жамааттын ири өкүлү Шейх Сулейман Абу Гераздын башын алышкан. Жакынкы Чыгыштагы сопулардын мечиттерин, күмбөздөрүн кыйратышкан.

Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыштагы "Ислам мамлекети" террордук тобу калаба уюштурган аймактардын көбү тассавуф (сопучулук) жайылган жерлер. Февралда жоочулардын жанкечтиси дүйнөдөгү суфизмдин бирден бир борбору саналган Пакистандагы Синдх провинциясынын Сихуан Шариф күмбөзүнө кол салып, 80 адам мерт болуп, 250 киши жарадар болгон. Пакистан сопулар эң көп жашаган өлкө болгондуктан "Ислам мамлекети" тобу менен талибдердин жек көрүндүсү болуп калды.

Сопулар исламдагы бир бутак болуп, Жаратканга мистикалык баскычтар аркылуу жетүүнү даңазалайт. Бирок жихадчылар алар сыйынган күмбөздөрдү жок кылып келет. Ушундан улам суфизм Жакынкы Чыгышта өкүм сүргөн сайын 24-ноябрда Египетте болгондой кандуу каргашаларга чекит коюлбайт деген ойдо макаланын автору Жек Мур.

Стоун: Путин жырткыч эмес экен

Америкалык белгилүү кинорежиссер Оливер Стоун Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, 50 саат маектешкен. Кийин "Путин менен маек" аттуу китеп жазып, даректүү тасма чыгарды. Кинорежиссер Путин тууралуу пикирлерин Le Figaro гезитине айтып берди.

"Батышчыл көз караштардан улам саясатчы катары Путинди жактырчу эмесмин. Орусияга көп эле жолу баргам. Алгач 1982-жылы Брежневдин учурунда барып, жиндиканага жаткырылган диссиденттер менен жолуккан элем. Кийин Михаил Горбачев менен да тааныштым. Америкалыктар Владимир Путинди журналисттерди, оппозициячыларды өлтүргөн, аёону билбеген жырткыч катары сүрөттөйт. Бирок мен көргөн адам таптакыр башка экен. Тескерисинче, абдан сыпаа, европалык технократ адам менен 50 саат баарлаштым. Ушул узак убакыттын ичинде бир да жолу үнүн өктөм чыгарган жок. АКШдагы менчик басылмалар акыркы жылдары Путинди болушунча каралап келет. Себеби медиа булактар - АКШ бийлиги таянган маанилүү түркүк. Путиндин НАТОдо террорчулук, Сирия, Украина боюнча айткандары Батышта такай бурмаланып берилген. Американын New York Times, Washington Post сыяктуу гезиттери Путиндин кайрылуусун төкпөй-чачпай бергенин байкай элекмин", - деп айтты француз гезитине Оливер Стоун.

Режиссер Путин тууралуу жазган китебинде орус лидери эл аралык адам укугун коргоону ар дайым айтып келерин, кытайлык төбөлдөрдөй улутчул эмес экенин белгилеп, азыр оппозицияда жүргөн Алексей Навальный Путинге салыштырмалуу кыйла улутчул деген баасын берет. "АКШдагы демократияны ким кыйратып жатат? Орусия эмес, АКШ өзү талкалоодо. Орустардын кийлигишүүсүнө таптакыр ишенбейм", - деген Стоун.

Чехтерге таарынган казак бийлиги

14-ноябрда Казакстандын баш калаасы Астанада "Борат" кинотасмасындагы баш каарманды туурап, жылаңачтанып алган чехиялык бир нече турист кармалган. Аларга жергиликтүү полиция коомдук жайда бейбаштык кылганы үчүн 22 500 теңге же 68 доллар айып пул салган.

Time журналы британиялык актер, Бораттын образын жараткан Саша Барон Кохен чехиялык туристтердин айып пулун өз чөнтөгүнөн төлөрүн билдиргенин кабарлайт.

Саша Барон
Саша Барон

Саша Барон 21-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына: "Казакстанда кармалган чехиялык досторум, мага жеке маалыматыңарды жибергиле, силердин айып пулду мен төлөйм", - деген билдирүү жазган.

2006-жылы тартылган "Борат" тасмасы дүйнө коомчулугунун кызыгуусун жаратканы менен, казакстандыктар британ актеруна катуу таарынышып, Тышкы иштер министрлиги тасманы Казакстанда көрсөтүүгө тыюу салган. Бирок дал ушул тасма көптөгөн Батыш туристтерин Борбор Азияга тартканын Time жазат.

2012-жылы Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тасманын авторлоруна "туристтерди тартканы үчүн" ыраазычылык билдирген.

Каабада сүрөт, видео тартууга болбойт

Түркиянын Milliyet гезити Сауд Арабиясындагы дүйнө мусулмандары сыйынган Месчиди Харам жана Небеви мечиттеринде сүрөт, видео тартууга тыюу салынганын кабарлайт. Бул тыюуга карабастан селфи тартып, сүрөткө түшкөндөрдүн телефон, фотоаппараттарын сакчылар тартып алышат. Эрежени зыяратчылар гана эмес, медиа өкүлдөрү да сакташы керек.

Акыркы мезгилде Каабада сүрөткө түшүп, ибадатын видеого алгандар абдан көбөйгөн. Атүгүл айрымдар Каабанын жанында үйлөнүү сунушун айткан сүрөттөрүнөн бери социалдык медиага таркатып жиберишкен.

Эр-Рияд мындай тыюу салуунун башкы максаты мусулманчылыктын ыйык ибадат жайларын сактоо менен түшүндүрдү. Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги Мекеге зыяратка жиберген өлкөлөргө өз атуулдарына эрежени сактоону түшүндүрүү иштерин тапшырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG