Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Түркмөнстан Иранды сотко берет


Өзбекстандын президенти 2700 кишини абактан бошотту. Түркмөнстан Иран өкмөтүн эл аралык сотко берет. Окурмандарга Орусия басылмаларынан даярдалган серепти сунуш кылабыз.

Орусиянын "Газета.ру" басылмасы "Ашхабад Ирандын өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берет" деп жазат. Макалада буга түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү көрсөтмө бергени баяндалат. Түркмөн тарап Ирандан экспорттолгон газ үчүн 2 миллиард долларга чукул карызын талап кылып жүрөт. 2007-2008-жылдары Иран кышкы суукка байланыштуу Түркмөнстандан газды келишимде көрсөтүлгөндөн бир нече эсе көп алган. Түркмөнстан болсо ар кошумча көлөмгө акыны 9 эсе көп, так айтканда 360 долларга чейин көтөрүп койгон. Тегеран газдын акысын убагында толугу менен төлөгөнүн айтып, карызды моюнга албай келатат. Жыл башында Түркмөнстан Иранга газ берүүнү толугу менен токтотуп койгон.

Иран менен Түркмөнстандын президенттери.
Иран менен Түркмөнстандын президенттери.

​"Fergananews" басылмасы Батыш Европа-Батыш Кытай транспорттук коридорунун Казакстан аркылуу өтчү 3 миң чакырым бөлүгү курулуп бүткөнүн жазат. Бул автомобил жолу иштей баштаганда Кытайдагы Ляньюньган портунан Санкт-Петербургга 10 күндө жүк жеткирүүгө болот. 8,5 миң чакырымга созулган транспорттук коридордун үчтөн бирин мурунтан Кытай бүтүргөн. Эми Орусия Санкт-Петербургдан Оренбург аркылуу казак чек арасына чейинки аймакты курушу керек болот. Макалада бул жол Кытай, Казакстан жана Орусия үчүн гана эмес, бардык башка кошуналарга дагы маанилүү экени жазылган. Мурунтан бул каттамда дениз аркылуу жүк ташуу 45 күнгө созулган болсо, эми он күнгө кыскармакчы.

Бухара шаарындагы Отбозор түрмөсү. 17-июль, 2013-жыл.
Бухара шаарындагы Отбозор түрмөсү. 17-июль, 2013-жыл.

"EurAsia Daily" басылмасы Өзбекстандын президенти 2700 адамдын күнөөсүн кечирип, абактан чыгарганын баяндайт. Өлкөдө мурунтан айрым кылмышкерлерге амнистия катары жеңилдик берилип келгени, бирок, бул жолу мындай массалык кечирим жарыялоо биринчи жолу болуп жатканы айтылат. Сентябрдан баштап атайын комиссия абактагы адамдар менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын кылмыш иштерин кайрадан карап чыккан. Жыйынтыгында 956 адамды эркиндикке тез арада чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган. Андан тышкары, 1744 адамдын эркинен ажыратуу жазасы жеңилдетилген. Абактарды иликтеген эл аралык борбордун (ICPS) тизмесинде Өзбекстан дүйнөдө камактагы адамдардын саны боюнча 101-орунда турат. Өзбекстанда 44 миңге жакын адам абакта.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG