Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:29

Кримчөйрөнүн сообуна калган соттор


Жаза аткаруу кызматына караштуу түрмөнүн дарбазасы

Ысык-Ата райондук соту кримчөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" атыккан Самарбек Жолдошевди жатак абакка чыгарды.

Ал 2016-жылы бир нече беренелер менен айыпталып, он жылга кесилген.

Чыңгыз Жумагулов болсо андан эки күн мурда түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошогон эле.

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн баш көтөрө баштаганы тууралуу дооматтар көбөйдү.

Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькулов 19-январда Самарбек Жолдошевди жатак абакка которуу тууралуу түрмөдөн келген материалдарды карады. Бул тууралуу маалыматты судья өзү "Азаттыкка" бышыктады жана Жолдошев уюшма кылмыш тобунун мүчөсү экени тууралуу маалыматы жок экенин билдирди:

- Ишти мен карагам. Ал бала ошондой экени тууралуу бизде маалымат жок. Жатак абакка чыгарууну №3 түрмөнүн администрациясы сунуш кылды. Анан ал жатак абакка которулду.

Самарбек Жолдошев 2015-жылы камалган. Сот материалдары боюнча анын ишин Бишкектеги Биринчи Май райондук соту караган. Жолдошевге Кылмыш-жаза кодексинин 123, 164,170, 172-беренелери менен, тактап айтканда, "адам уурдоо", "уурдоо", "опузалап талап кылуу" жана "автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу" деген айыптар тагылган.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү Нурлан Таштан уулу уюшма кылмыш топторунун мүчөлөрү абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, күч органдарынын мээнети текке кетип жатканына кейиди.

- Өткөндө силер аркылуу Чыңгыз Жумагулов боюнча биз биринчи айгай кылдык эле. Азыр Самар Жолдошев боюнча "жатак абакка чыкты, бул эмне деген жакшылык" деп айтып жатабыз. Минтип толугу менен чыгып кете берсе, арты жакшы нерсеге алып барбайт го. "Жатак абакка чыкты" деген "эркиндикке чыкты" дегенге эле барабар да. Жатак абакта бир жумада бир келет, бир айда эки миң сом төлөйт. Ушул да жазабы? Бул өзү опузалап акча талап кылып жүрсө. Ал "Дөө Чыңгыздын" жанында жүргөн.

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанылган №47 абакта отурган Чыңгыз Жумагуловду Ленин райондук соту 17-январда мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке чыгарган. Ал 2016-жылы июнь айында камалган. Ага"киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган. Райондук сот аны 17 жылга эркинен ажыраткан, андан кийин шаардык сот бул жаза мөөнөтүн 13 жыл кылып кыскарткан. Былтыр болсо жыл этегинде иш Жогорку Сотко жеткенде оор кылмыштардын баары алынып салынып, жети жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан.

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Чыңгыз Жумагуловдун аты былтыр президенттик шайлоонун алдында Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу аталган. Ал камакка алынганда ошол учурда түрмөдө жаткан Чыңгыз Жумагулов менен Улан Барчакеев аттуу адамдардын "телефон аркылуу сүйлөшүүсү" деген аудио Интернетке жарыяланган. Анда "Исаев балдарды топтоп, Чүй облусунда башаламандык уюштуруу максатында ири суммада акча таратып жатат" деген мазмундагы сөздөр айтылган.

Айрым активисттер Жумагулов абактан эрте бошогондо анын Исаевдин камалышына себеп болгон видео тасмалардын биринде анын аты аталганын эске салышты.

Башкы прокуратура уюшма кылмыш топторунун активдүү мүчөлөрү катары айтылып жүргөн адамдардын түрмөдөн бошоп кетип жатканына байланыштуу комментарий бере элек.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова кыргыз түрмөлөрүндө жатак абакка же шарттуу жаза менен мөөнөтүнөн мурда бошой албай жаткан карапайым жарандардын маселесине токтолду. Укук коргоочу бул чөйрөдө коррупциялык айла-амалдар бар экенин белгиледи.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Мыйзам боюнча түрмөдө жаткан адамды жатак абакка чыгарууга же мөөнөтүнөн мурда бошотууга байланышкан документтерди сотко Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын бөлүгү даярдайт. Биз түрмөлөргө барганда мунапыска илинбей калган, мөөнөтү келгенине карабай жатак абакка чыга албай жүргөн же шарттуу жаза алып мөөнөтүнөн мурда бошой албай, документтерин өткөрбөй жаткан адамдардан көп арыздар түшөт. Бул жерде көп нерсе Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын бөлүгүнүн кызматкерине байланыштуу болот, ошол документтерди кандай даярдаганынан көз каранды. Анан, албетте, акыркы чечимди сот чыгарат. Эми бул жерде коррупциянын элементтери бар. Биз угуп жатабыз, түрмө кызматкерлери эгер каалабаса, убактысы келген адамды "дисциплинардык же административдик жазага тартылган" деп мөөнөтүн кайра эле узарта берет. Анын көп коррупциялык жолдору бар.

Кыргызстанда "каралар" маселеси ушул айдын башында Ысык-Көлдөгү ишкер уюшма кылмыш топторунан запкы көргөнүн айтып чыккандан кийин кайра козголгон. Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 7-январдын түнүндө "Осьминог" аттуу ресторан толугу менен өрттөнүп кеткен.

​ Бул жайдын кожоюну Аскат Асанкадыров, кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда, айылдагы "смотрящий" сураган акчасын бербей, укук коргоо органдарына каматканы жана соттоткону үчүн өч алып жатышканын айтып чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүндө парламенттеги анын айрым кызматташтары уюшма кылмыш топторун калкалап, алардын кызматын пайдаланган учурлар бар экенин айткан.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш үчүн ириде саясий эрк керек. Эгер муну Ички иштер министрлиги моюнуна алгысы келбесе, мен ачык эле айтайын, менин парламенттеги айрым кызматташтарым кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөсү кармалса же соттолсо телефон чалып, алардын эркиндикке чыгышына мүмкүнчүлүк беришет. Алар муну өз кызыкчылыгы үчүн жасап жатышат. Эгер бизде саясатчылар да кылмышкерлерге кайрылып жаткан болсо, уюшкан кылмыш топтору бизде милициянын ордун ээлеп калганбы деген суроо туулат.

ИИМ буга чейин уюшма кылмыш топторунун айынан криминогендик кырдаал оор экенин, алар коомдук-саясий абалды курчутууга аракет кылып жатышканын моюнуна алган, бирок "чара көрүлүп жатканын" билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, былтыр уюшма кылмыш топторунун мүчөсү катары шек саналган 230 киши ар кандай кылмыш фактылары менен камакка алынган.

Расмий маалымат боюнча, ИИМде 500дөй уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү каттоодо турат жана Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Максат Абакиров жана Алмаз Бокушев түзгөн төрт кылмыштуу топ бар экени айтылып жүрөт.

"Ыңгайсыз суроолор": Бизнести бандиттер көзөмөлдөйбү?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG