Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Чыңгыз Жумагулов абактан кантип эрте бошоду?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектин Ленин райондук соту 17-январда кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошотту.

Жумагулов 2016-жылы жайында камакка алынган жана ага "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган.

Кыргызстанда "каралар" маселеси тууралуу талкуу ушул айдын башында Ысык-Көл районунда ишкер уюшма кылмыш топторунан жабыр тартканын айтып чыккандан кийин кайра жанданды.

Соттун "ырайымы"

Жаза аткаруу кызматынын билдирүүсүнө караганда,№47 абакта отурган Чыңгыз Жумагулов Бишкектин Ленин райондук сотунун 17-январдагы өкүмү менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке чыкты. Ага ылайык, түрмөнүн башчысы Жумагуловду жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу боштондукка чыгаруу мезгили келгендиктен сотко кайрылган жана бул өтүнүч канааттандырылган.

Жумагуловдун эркиндике чыкканын 17-январда "Азаттыкка" ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү Нурлан Таштан уулу билдирген эле:

- "Дөө" деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов - уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү. Ал ИИМдин уюшма кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын ыкчам аракеттери менен кармалып, тергөө амалдары жүрүп иши сотко жөнөтүлгөн. Райондук соттун чечими менен 18 жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту анын жазасын 13 жылга кыскарткан. Жогорку соттун чечими менен жаза мөөнөтү жети жылга кыскарган. Бүгүн болсо Чыңгыз Жумагулов шартуу кесилип, мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыкты.

Бул маалымат чыккандан кийин Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева "Чыңгыз Жумагулов мөөнөтүнөн мурда абактан чыкты" деген кабар боюнча комментарий берген. Анда Жогорку соттун буга чейинки өкүмү тууралуу гана эскерилип, Ленин райондук сотунун Жумагуловду эркиндикке чыгарган чечими негедир айтылган эмес:

- Жогорку соттун соттук коллегиясы Чыңгыз Жумагуловду шарттуу кескен эмес жана камактан бошоткон жок. Ал Жогорку соттун 2017-жылдын 13-декабрдагы токтому менен Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгү менен үч жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде кылмыштардын жыйындысынын негизинде ага карата белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен алты жылга эркинен ажыратылган. Андан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 6-беренесинин өкүмдөрүнүн жыйындысында мурдагы өкүм боюнча белгиленген жазасын өтөй элек бөлүгүн жарым-жартылай кошуу жолу менен жети жылга эркинен ажыратылган. Ал эми өкүмдүн башка бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган. Токтом акыркы жана даттанууга жатпайт.

Чыңгыз Жумагулов 2016-жылы июнь айында камалган. Ошол жылы апрель айында Бишкекте Чүй-Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр бишкектик тургундун унаасын аткылап жарадар кылган. Ал киши ооруканага жеткирилип, аман калган.

Кылмыш ишин тергөөдө ИИМ бул окуяга Чыңгыз Жумагуловдун тиешеси бар деп эсептеп, анын сары изине түшүп, эки айдан кийин камакка алган. Ага "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган.

Былтыр да октябрь айында Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө "Женго" деген каймана ат менен белгилүү болгон Кадыр Досоновду актаган. Күч органдары Досоновду "ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген" деген айып менен камакка алган эле. Анын так президенттик шайлоонун алдында акталышы коомчулукта күдүк ойлорду жараткан. Шоноевдин атасы бул өкүмгө сот системасынын коррупцияга батышы катары баа берген.

Ишкерди опузалагандар

Кыргызстанда "каралар" маселеси ушул айдын башында Ысык-Көлдөгү ишкер уюшма кылмыш топторунан запкы көргөнүн айтып чыккандан кийин кайра жанданган. Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 7-январдын түнүндө "Осьминог" деген кафе толугу менен өрттөнүп кеткен. Бул жайдын кожоюну Аскат Асанкадыров, кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда, айылдагы "смотрящий" сураган акчасын бербей, укук коргоо органдарына каматканы жана соттоткону үчүн өч алып жатышканын айтып чыккан.

Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, анда "каралардын" жандана баштаганы тууралуу сөз болгон. Айрым депутаттар милициянын ишин кескин сынга алышкан. ИИМ ишкерди опузалоо боюнча шектүүлөр камакка алынганын, өзү мамлекеттик коргоого алынганын билдирип жатат.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулунун 17-январда “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, шектүү катары кармалган эки жаран тең ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.​

- "Ишкерди опузалаган" деп шек саналган жарандар боюнча иш алып барып, үйлөрүн тинтүү маалында ар кандай баңгизат, ок-дары табылды. Бул боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, эки жаран тең убактылуу тергөө абагында кармалып турат.

Бирок кафени өрттөгөндөр ким экени азырынча аныктала элек.

Мыйзамдарды өзгөртүү керекпи?

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты, мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев "караларга" каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн азыркы мыйзамдарды өзгөртүп, катаал чараларды киргизиш керек деп эсептейт:

- Мисалы үчүн, бир ыкчам кызматкердин жазган рапорту менен эле ошол уюшма кылмыш топторунун лидерлерин камаш керек. Же болбосо алардан жабыркаган жарандын жазган арызы менен эле камап, аларга мыйзамда каралган эң чоң жаза мөөнөтүн бериш керек. Түрмөгө камалгандан кийин аларга карата мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгаруу, которуу дегендерди жоюп коюш керек. Ошондо алар коркмок. Азыр болсо кандай? Камаш үчүн соттун чечимин алыш керек, сотко алып барыш керек, каттоого алыш үчүн соттон уруксат алыш керек. Бул ыкчам кызматкерлердин ишин татаалдаштырып жатпайбы. Бул эмне деген мыйзам? Бул кайра ошол "караларга" жардам берген мыйзам болуп жатпайбы! Ошондуктан мыйзамды кайра өзгөртүш керек.

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов болсо уюшма кылмыштуулукка каршы күрөштө Башкы прокуратуранын милдети менен жоопкерчилигин эске салды.

- Мыйзамдар бар, бирок ошол мыйзамдар жакшы иштебей жатат. Ал мыйзамдарды иштеши ИИМден, Башкы прокуратурадан көз каранды. Милицияны Башкы прокуратура өзү көзөмөлдөйт. Башкы прокуратуранын ичинде милицияны көзөмөлдөгөн өзүнчө орган бар. Ошолор иштеши керек. Биз, президент, өкмөт ошол баш прокурордон "эмне болуп жатат" деп гана сурашыбыз керек. Башкы прокуратура ката кетиргендерди сөзсүз түрдө жазалашы керек. Азыркыдай болбошу керек. Мына, акыркы мезгилде, өзүңөр көргөндөй Ошто, Жалал-Абадда, Чүйдө ири карактоо болуп жатат. Бул жакшы нерсе эмес. Эгер мамлекет буга каршы тура албаса, анда күч алып кетиши мүмкүн.

Жуманын башында премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү криминогендик абалга байланыштуу жыйын өткөргөн жана анда жагдай кооптонуу жаратып жатканын белгилеген.

"Ыңгайсыз суроолор": Бизнести бандиттер көзөмөлдөйбү?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG