Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Коррупцияга каршы күрөш: "чоңдордон" Чоткараев кетти


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын төрагасы жумуштан кетти. Мындан тышкары бул органдын 20га жакын кызматкери орун алмашканы белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев дүйшөмбүдө иштен кетти. Президенттин басма сөз кызматы "Чоткараев кызматтан кетүү жөнүндө өзү арыз жазды" деп түшүндүрдү. Бирок бул жетекчинин иштен кетерин акыркы бир жумадан бери маалымат каражаттары жазып эле жатышкан.

Чоткараевдин кызматтан кетишине улай эле Коррупцияга каршы кызматтагы жетекчилик орундарды ээлеп келген 20га жакын кызматкер иштен алынганы жана башка кызматтарга которулганы тууралуу маалымат тарады.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов комитетте чынында эле кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатканын ырастап, бирок ал жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиянын чечими менен ишке ашканын "Азаттыкка" билдирди:

- Бизде коллегиянын жыйынтыгы боюнча пландуу түрдө ротация болуп жатат. Бул жыл сайын болчу көрүнүш. Мындай орун алмаштыруу Коррупцияга каршы күрөш кызматында эле эмес, башка башкармалыктарда да болуп жатат.

Анткен менен мындай өзгөрүүлөр 8-февралдагы Коопсуздук кеңешиндеги президенттин билдирүүсүнөн кийинки убакытка туш келип отурат. Анда президент Сооронбай Жээнбеков кызматты "өз милдетин аткарбай жатат" деп сындап, анын өкүлдөрү "кол тийбес кастага" айланганын айтып өткөн:

- Коррупцияга каршы күрөш кызматы бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калды. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй Коррупцияга каршы күрөш кызматынын аброюна терс таасирин тийгизүүдө. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу, адалдоо иштерин аныктоо жана ага катышкан кызмат адамдарын жоопко тартуу боюнча кызматтын жумушу көрүнбөйт.

Коопсуздук кеңешинин президент УКМКнын гана эмес, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын да ишине ичи чыкпасын белгилеп, сөөмөй кезеген. Ошондон кийин "бул органдардын жетекчилери кызматтан кетеби" деген суроо талкууга түшүп, коомчулук бир жумача "кулак түрүп" турду. Бирок Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди жана ички иштер министри Улан Исраиловду бир-бирден кабыл алып, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тапшырма берди.

Байкоочулар муну "президенттин бул кадамы "мурдагы президенттин учурунда эң ишенимдүү адамдар катары сыпатталган жетекчилер менен иштешүүнү улантам" дегенди ишара кылды" деп баалашууда.

Ал эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков "Коррупцияга каршы күрөш кызматынын төрагасы иштен кеткени президенттин сынына жооп болду" деген пикирде.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Коопсуздук кеңешинде көптөгөн маселелер айтылып, сын айтылган соң ошол жерден чечим чыгарыш керек болчу. Бирок ал учурда андай болгон жок. Эми коомчулуктан алдында, элдин күткөнүнө жооп берүү максатында акырындап орун алмашуу башталды. Муну орун алмашуу катары кабыл алам. Себеби биздин мамлекетте коррупцияга каршы күрөш үчүн системалуу түрдө иш жүрүшү керек. Азырынча андай аракетти көрбөй турам.

Медетбеков "Коопсуздук кеңешинин жыйынынан соң чара көрүлгөн эң жогору даражалуу кызматкер Чоткараев болот окшойт" деп турат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова президенттин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү демилгесин колдоого алганы менен батыл аракеттерди көрбөй жатат. Анын айтымында, эгер иш күч органдарын реформалоо жана мурдагы жетекчилерди алмаштыруу менен башталганда президенттин жемкордукка каршы чакырыгы кыйла ишенимдүү болмок:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Эми кызматтан алуу болуп эле келген. Ротация буга чейин болгон, ал жүрө берет. Бизде бир адамды кызматтан алып эле "мына, иш жүрө баштады" деген туура эмес. Алганда жетекчилери алынса бир жөн. Ал эми "укук коргоо органдарын, сот органдарын реформалоо" деп эле келатабыз, бирок ал комплекстүү жүрбөй, ушундай ротация менен бүтүп жатат.

Жемкордукка каршы күрөштү күчөтүү Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы негизги убадаларынын бири болчу. Ал шайлоо учурунда теледебаттарда 35 коррупционердин аты-жөнүн так билерин, бийликке келсе күрөштү ошолордон баштаарын билдирген эле. Президенттикке киришкенден эки ай өткөн соң ал Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, бул багытта алгачкы жолу кескин түрдө талап койду.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев Жээнбековдун батыл киришпегенин учурдагы саясий абал жана президенттикке келгендеги жагдайы менен түшүндүрөт:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

- "Президент айтты, эми ишке ашат" деген бүгүн туура эмес. Азыр президент өзү жалгыз чече алчу же саясий мандатка ээ болчу абал жок. Себеби, буга биринчиден, юридикалык абал да, экинчиден де-факто саясий кырдаал да жол бербей турганын, президент өзү да бир канча кыйынчылыктарга туш болорун көпчүлүк түшүнүп турат.

Ал ортодо Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу максатында Башкы прокуратура буга чейин жабылган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгарын жарыялады.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалымат боюнча УКМК, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурда жабылган иштердин мыйзамдуулугун текшерип чыкмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG