Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Атамбаев: "Белизгейт" ырасталбаса Сегизбаев иштен кетет


Белиз мамлекетинен келди делген документтер.
Белиз мамлекетинен келди делген документтер.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 24-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "Белизгейт" маселеси өзүнүн көзөмөлүндө экенин билдирди.

Атамбаев бул маселе боюнча башкы прокурордон маалымат алып турарын, укук коргоо органдары аталган талаш-тартышты тактап жатканын кошумчалады. Эгер "Белизгейт" жаңжалы боюнча коопсуздук кызматы сунуштаган далил кагаздар ырасталбаса, анда УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев кызматтан кетээрин да президент белгиледи.

Былтыр УКМК парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген эле.

Оппозициядагы "Ата Мекен" партиясынын депутаттары атайын кызматтын маалыматтарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагышкан.​ (NT)

XS
SM
MD
LG