Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Апта: ЖЭБдин "алтын" аттиштери, Астана саммитинин деми


15.03.2018
15.03.2018

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Бишкек жылуулук борборунун кызматтан алынган жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу ишкананы модернизациялоодо химиялык тазалоо цехи курулбай калгандыктан авария болгонун, бул жагдай башында коомчулуктан жашырылганын айтып чыкты.

«30-январда парламентте териштирүү болгондо мен "химиялык цех салынбай калып, жаңы станцияга да, эскисине да химиялык жактан тазаланган суу жетпей калып, авария ошондон болду" дегем»,- деген мурунку директор эски химиялык цехтин кубаттуулугу «муктаждыкты канааттандырууга жетпей калган» деди "Азаттык" радиосуна берген магинде.

Өмүркул уулунун белгилешинче, баштапкы техникалык тапшырмага ылайык 386 миллион доллардын эсебинен сууну химиялык тазалоо цехи курулмак. Ал ошондой эле авариянын себептерин мекеме аралык комиссия калыс иликтеп, бейтарап тыянак чыгарууга кызыккан эмес деп эсептейт.

Бишкек ЖЭБинин жаңыдан дайындалган жетекчиси Андрей Воропаев “Азаттыктын” кабарчыларына кырсыктын чыгышына адам фактору себеп болгон деп түшүндүрдү. «Жабдуу өз учурунда кошулган эмес. Мындай чечимди станциянын кезмет бөлүмү менен химиялык цехтин башчылары кабыл алышы керек болчу. Башкы инженер да жоопкерчиликтүү» -деди авария маалында башкы инженердин орун басарынын кызматын аркалаган адис.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков 26-январдагы авариянын себебин насостордун бири жарактан чыкканы менен түшүндүргөн.

Алты миллион долларга чукул бааланган химиялык цех эмне себептен курулбай калганын азыр депутаттык комиссия териштирүүдө.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов «Биз техникалык тапшырмага киргизип, анын курулушу зарыл экенин белгилегенбиз. Анын баары макулдашууда турат» - деп, бирок эмне себептен кийин ал ишке ашпай калганын билбей турганын айтты.

Шейшембиде өткөн жыйында депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов химиялык цехти куруу кандайча долбоордон чыгып калганына түшүндүрмө берүүнү өтүндү.

"Эгерде башында техникалык тапшырма катары анын курулушу макулдашууда бар болсо, кийин аны долбоордон чыгарып салууга эмне негиз болгон? Сиздер бизге таратып берген маалымат катта болсо "ТВЕА аны куруудан баш тарткан" деп көрсөтүлүп турат. Азыр болсо башка нерсени айтып жатасыңар. Анын баарына эми ким жооп берет?" деди Нышанов.

ЖЭБ: кырсыктын жаңы жагдайлары
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:52 0:00

Депутаттын суроосуна "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев "Бишкек ЖЭБнин мурдагы жетекчилери химиялык цехти курууга муктаждык жок деп, эскисинин кубаттуулугу эки блокту тең камсыздаганга жетет деген маалыматы ушуга негиз болду" деп жооп кайтарды. Ошол эле кезде тиешелүү экспертиза жүргүзүлбөгөнү белгилүү болду.

"Мен былтыр 2017-жылы июль айында ошол кайрылууну алгандан кийин эле бул маселени чечүүгө кириштим. Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, жаңы блокту камсыз кылыш үчүн жаңы химиялык цехти куруш керек экенин айткам. Ошол эле күнү маселе чечилген болчу" – деди Калиев.

ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна "жаңы блок курулбаганы үчүн кырсык болду дегенге мен караманча каршымын" деп жооп берген. Анын белгилешинче, химиялык суу даярдоочу цех куруу баштапкы долбоордо, техникалык экономикалык негиздемеде каралган эмес.

ЖЭБдеги жаңы блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти Кытай өз эсебинен куруп берүүгө макул болуп, ага 6 миллион долларга жакын каражат кетээри эсептелген.

Ошондой эле жаңыланган ЖЭБге алынган жабдуулардын, буюм-тайымдардын жана курулуш материалдарынын баалары бир канча эсе кымбат көрсөтүлгөнү аныкталды.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов “долбоор боюнча 1 миллион 800 миң долларга 128 видео камера коюлуптур. Ал камералар кадимки эле Кытай өндүрүшүнөн чыккан видео байкоочу жабдыктар. Эсептеп көрсөк, ар бир видеокамеранын баасы 14 500 доллардан айланыптыр» - деген маселе көтөрдү.

Депутаттар ЖЭБдеги камералардын баасына кызыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:09 0:00

ЖЭБдин өкүлү Бримкулов болсо 1000 градустан өткөн ысыкка жана бууга чыдамдуу от казандын ичине коюлган видео алынганын белгиледи. «Алардын ишин камсыздоо үчүн «хакерлик чабуулдан корголгон программа» жана эл аралык стандарттарга жооп берген жабдуулар менен материалдар алынганын түшүндүргөн.

"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «ТВЕА компаниясы көрсөткөн баалар боюнча, 128 видеокамеранын жалпы баасы 38,4 миң доллар. Ар бир видеокамеранын баасы 300 доллар» - деп тактоо киргизди.

Каражаттын калган бөлүгү «программаларга, кабелдик зымдарга, серверлерге жана аларды монтаждоо иштерине сарпталган. Мындан тышкары, от казандын ичине эки атайын видео камераны орнотуш үчүн да акча коротулган» - деди ишкананын өкүлү .

Бишкек жылуулук электр борборунун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу модернизация боюнча документтерди оңдоо аракети болгонун билдирген.

“Бардык алынган жабдуунун баасын 386 миллион долларга тууралап чыгышты көрүнөт. Анткени эсептөө башталганда шашып кетип, ошондой кылышкан шекилди» - деген мурунку директор «кадимки эле кычкачты "600 доллардан сатылып алынды" деп, андан башка 1-3 тонналык жүктөрдү көтөрө турган араба деп коёт, ошолордун ар биринин баасы 15 миң, 17 миң долларга көрсөтүлгөн» - деп агынан жарылды.

Өмүркул уулунун бул билдирүүсүнөн кийин "Улуттук энергохолдинг" компаниясы же "Электр станциялары" ишканасы комментарий бере элек.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тууралуу Кытай менен келишимге Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттү башкарып турган маалда кол коюлган. Экс-премьер-министр “Азаттык” радиосуна курган маегинде долбоор эмне себептен аягына толук чыкпай калганын өлкөдөгү саясат менен байланыштырды. “Биз президенттик же парламенттик мамлекет болушубуз керек. Жоопкерчилик бир органда болушу керек. Чоң долбоорлордогу кемчиликтер өкмөттүн, министрлердин тез-тез алмашканынын негизинен келип чыгат” – деди Сатыбалдиев.

“Мен кол койгон документтерде бир дагы коррупция жок деп абийиримдин жана мыйзамдын алдында жооп берем” – деп баса белгиледи мурдагы өкмөт башчы.

Сатыбалдиев: ЖЭБдеги абал үчүн жооптуу эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00

16-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа ЖЭБди модернизациялаган кытайлык компанияга байланыштуу комментарий берип, “ТБЕА өз жумушун мыкты аткарды. Ал эми азыркы иштер Кыргызстандын ички маселеси” деп айтты.

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин аны жаңылоого кеткен 386 миллион доллардын кандай сарпталганын депутаттык комиссия иликтеп жатат. Өкмөт түзгөн мекеме аралык комиссиянын алдын-ала жыйынтыгы чыккан.

Буга чейин 26-яндардагы аварияга байланыштуу Бишкек ЖЭБнин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматынан четтетилип, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин эки орун басары камакка алынган. Аларга "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Баш калаанын жылуулук электр борборун жаңылоо иши 2014-жылы башталып, былтыр аяктаган. Ага Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллар жумшалган. Былтыр жайында бийлик жаңылоо иштери 100% аткарылганын элге жарыялаган. Бирок кычыраган кышта болгон кырсыктан кийин премьер Исаков ЖЭБдин 30% гана жаңыланганын, толук модернизациялоого дагы 600 миллион доллар зарылдыгын айткан.

Борбор Азия: Жаңы лидерлерге артылган үмүт

Бейшембиде Астанада Борбор Азиядагы беш өлкө лидерлеринин бейформал саммити өттү. Ага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышты. Жыйында расмий келишимдерге кол коюлбаганы менен чөлкөмдү тынчсыздандырган маселелер талкууланды.

Саммити Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ачып, бийлик башына жаңы келген эки коңшу мамлекеттин лидерлеринин эмгегин жогору баалады.

«Коңшулар менен мамиле боюнча чоң ишти Өзбекстан жасаганын өзгөчө белгилеп кетким келет. Шавкат Миромонович кыска убакытта 20 жылда топтолгон көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечти. Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Шариповичтин да салымын белгилебей кое албайм. Ал келери менен эски маселе-көйгөйлөрдү чечүү үчүн жакынкы коңшулары менен байланышты жандандырды» - деди казак лидери.

«Борбор Азиядагы мамлекеттердин маселелерин чечиш үчүн биз үчүнчү тарапты чакырбайбыз» - деген Назарбаев экономика, соода, инфраструктура, логистика жана башка бардык тармактардагы «маселелерди кеңешип чече алабыз» - деп чөлкөмдүн лидерлерине ишенимдүү кайрылды.

Назарбаев жаңы лидерлерди мактады
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:44 0:00

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия өлкөлөрү «терроризм менен экстремизмге, ошондой эле башка коркунучтарга каршы турушубуз зарыл» деп белгиледи.

«Өлкөлөрүбүз мунай-газ ресурстарын жана гидроэнергетикалык кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камтыган олуттуу энергетикалык потенциалга ээ. Ошондуктан биз суу-энергетикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташтыкты жөнгө салууну колдойбуз» - деди Жээнбеков өз сөзүндө.

Кыргызстан үчүн чөлкөмдө оболу суу-энергетикалык жана транспорт-транзиттик кызматташууну күчөтүү, темир жол, кара жол каттамын кеңейтүү мааниге ээ. Тажикстан менен Кыргызстан Рогун жана Камбар-Ата-1 ГЭСтерин курууда эки чоң коңшусунан колдоо таап, энергетикалык потенциалын көбөйтүүнү көздөп турган чагы.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев болсо чөлкөмдөгү кызматташуунун динамикасына токтолду. «Жакынкы маалда өз ара сооданын көлөмүн беш млрд долларга чейин жеткирүүгө ниеттенип турабыз. Биздин өлкөлөрдү туташтырган маанилүү транспорт каттамдарын калыбына келтирип, модернизацияладык. Кара жолду жана аба маршруттарын ачтык. Өз ара жардамдашуунун аркасы менен жүк ташуунун, биринчи кезекте транзиттик ташуулардын көлөмү көбөйүүдө» - деди өзбек лидери.

Эксперттер чөлкөмдүн лидерлеринин саммити оболу ортодогу ынтымакты бекемдейт деп үмүт артышууда.

Англиядагы Эксетер университетинин саясат таануу боюнча доктору, постсоветтик чөлкөм боюнча адис Дэвид Люиске чөлкөмдөгү интеграцияга Москванын жана Кытайдын позициясы кандай болот деген суроо узаттык.

«Борбор Азиянын аймактык саясатында тышкы күчтөрдүн таасири чоң болуп келген. Андыктан аймактын лидерлеринин кызматташтыгынын дагы бир максаты - Орусия менен Кытайга кылчактабай, жалпы бир кызыкчылыктарды табуу» - деп белгилеген эксперт борбор азиялыктар «чөлкөмдү өздөрү гана өзгөртө» алышат деген көз карашта. Ал ушул тапта алар аймактык интеграцияны ишке ашыра албаса да, төрт негизги мамлекет кызматташууну күчөтүүнү көздөп турган кези деп баалайт.

Шотландиядагы Глазго университетинин Борбор Азия боюнча окумуштуусу, доктор Лука Анчески чөлкөмдөгү кызматташтыктын келечеги «эки лидердин колунда» деп ишенет.

«Чөлкөмдө биримдик жок экени талашсыз. Астанадагы саммит жаңы баракты ачышы мүмкүн. Биз мындай жаңылоо аракеттерин көп көргөнбүз. Бирок менимче, бардыгы Назарбаев менен Мирзиёевдин ортосундагы жеке мамилеге жараша болот» - деген илимпоз 25 жыл өтсө да бул өлкөлөр бири-бири менен жакшы мамиле кура албаганын таасын белгилейт.

Азырынча түркмөн президенти аймактык жамааттан өзүн оолак кармагандай. Астана саммитине Ашхабаддан парламент спикери Акжа Нурбердыева келди. Адегенде лидерлердин баарын жеке кабыл алган Назарбаев түркмөн спикерин эмес, делегация курамында келген президент Бердымухамедовдун уулу менен жолукту.

Кийинки саммит эмки жылы Нооруздун алдында Ташкентте өтмөй болду.

Чөлкөмдүн лидерлери соңку ирет ирет толук курамда 2009-жыйналган. Борбор Азия президенттери буга чейин Шанхай Кызматташтык уюму, Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу регионалдык жыйындарда кездешип келген.

Москва-Лондон тиреши күч алууда

Орусиянын Чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль кызы экөө Англияда ууландырылгандан кийин Лондон менен Москванын мамилеси кескин бузулду.

Москва бир апта ичинде Британиянын 23 дипломатын өлкөдөн чыгарын ишембиде жарыялады. Буга кошуча Орусияда илим жана билим берүү тармагында иш алып барган Британ кеңеши уюму ишин токтотот жана Санкт-Петербургда Британиянын башкы консулдугу ачылбайт. Бул тууралуу Британиянын Москвадагы элчиси Лори Бристоу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылгандан кийин белгилүү болду.

Шаршембиде болсо британ өкмөтү мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышына Москваны айыптап, 23 орусиялык дипломатты өз аймагынан чыгарууну чечкен. Лондондун мындай чечими Орусияда жасалган уулуу зат Британияга кандайча барып калганын түшүндүрүп берүү талабын Москва жоопсуз калтырган соң кабыл алынды.

Британ премьер-министри Тереза Мэй 14-мартта Москва Лондонго түшүндүрмө бергендин ордуна маалыматты мыскыл менен кабыл алды деп сындаган.

«Солсбери шаарында жүздөгөн британ жарандарынын, анын ичинде тергөөчү Ник Бэйлинин өмүрүнө коркунуч келтирип, Скрипаль жана анын кызына болгон кол салуунун артында Орусия турат дегенден башка тыянак жок бизде. Муну менен Орусия мамлекети Британияга каршы мыйзамсыз күч колдонуу аракетине барды"- деп Москваны айыптаган.

Британиянын өнөктөштөрү Лондондун Орусияга каршы жарыялаган чечимин кубатташты. Франциянын жана Германиянын тышкы иштер минисртлери Жан-Ив Лё Дриан менен Хайко Маас Британия жүргүзүп жаткан иликтөөнү колдоорун билдиришти.

АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хэйли Вашингтон Англияда болгон химиялык кол салууга “Орусияга жооптуу” деп эсептейт деп, Коопсуздук кеңешин тиешелүү чара көрүүгө үндөдү.

Британия 23 орус дипломатын чыгарат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Шаршембидеги Мэйдин билдирүүсүнө удаа эле Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Лондондон расмий өтүнүч алгандан кийин Москва ага он күндө жооп берерин айткан.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Британиянын талабы менен 14-мартта чукул жыйынга чогулду. Британдардын БУУдагы туруктуу өкүлү Жонатан Аллен Орусия "Новичок" деп аталган нервди шал кылган затты иштеп чыкканын жашырганын, муну менен химиялык куралга тыюу салган эл аралык конвенцияны бузганын белгиледи.

«Орусиялык окумуштуу Вил Мирзаяновдун көрсөтмөсүнөн улам «Новичок» Орусияга мураска калган советтик аскерий-химиялык өндүрүштө алынганын билдик” – деген элчи эл аралык конвенцияга ылайык Орусия химиялык курал чыгарган жашыруун заводдорун ачышы керек болчу болчу деп эскертти.

Орусиянын өкүлү Василий Небензя болсо Солсберидеги окуяга Москванын тиешеси жок экенин, адамдын нервин шал кылган уулуу затбашка өлкөлөрдө, анын ичинде Британияда жасалышы мүмкүн деп маселени башка жакка бурду.

«Бул резонанстуу иште орустардын изи чыкты дегенге материалдык далилдерди талап кылабыз. Ансыз «айныксыз далилибиз бар» деген сөздү кабыл алынбайт» - деди москвалык элчи.

14-мартта Британия 23 орус дипломатын өз аймагынан бир аптанын ичинде чыгып кетсин деген талап коюп, Лондон Москва менен жогорку деңгээлдеги байланыштарын токтотоорун жарыялаган.

Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги, 66 жаштагы Сергей Скрипал 2006-жылы Орусияда Британиянын пайдасына "тыңчылык кылган" деп айыпталып, 13 жылга кесилген. Ал 2010-жылы АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталып, акыркы жылдары Британияда жашап жүргөн.

4-мартта 33 жаштагы кызы Юлия менен Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Ушул тапта экөөнүн тең абалы оор.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG