Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 02:49

Люис: Борбор Азияда муз ордунан жылды


Кыргызстандын президенти Сооробай Жээнбеков, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев.

Бүгүн Астанада Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Буга чейин 2009-жылы аймактагы өлкөлөрдүн президенттери Алматыда толук курамда кездешкен эле.

Англиядагы Эксетер университетинин саясат таануу боюнча доктору, постсоветтик чөлкөм боюнча адис Дэвид Люис "Азаттык" менен болгон маегинде Борбор Азиядагы кызматташтыктын күңгөй-тескейине токтолду.

"Азаттык": Борбор Азиядагы интеграциянын же кызматташтыктын деңгээли канчага чейин барат деп ойлойсуз?

Дэвид Люис: Аймактагы өлкөлөрүнүн өз ара алакасында дагы эле маселелер бар. Бирок эң орчундуу деп эсептелгендери чечилип жатат. Алардын биринчиси - Рогун ГЭСи. Мирзиёев Дүйшөмбүдөгү сапарында бул долбоорду колдой турганын билдирди. Эми чечүүнү талап кылган дагы бир катар суроолор бар. Коопсуздукка, чек араны делимитациялоого байланыштуу маселелер турат. Алдыда аларга көңүл бурулса керек, эң башкысы - муз ордунан козголду десек болот.

"Азаттык": Мына бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити башталды. Сиз 2009-жылга чейин өткөн аймактык лидерлердин жыйындарына катышып жүргөн адам катары азыркы жетекчилер менен аларды салыштыра аласызбы?

Дэвид Люис: Президент Назарбаевди айтпаганда, салыштырмалуу жаңы лидерлердин мууну келди. Эң чоң өзгөрүү – президент Ислам Каримовдун көз жумганы болду. Каримовсуз аймактагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүгү кенен-кесири ачылды. Маркум Каримов көптөгөн демилгелерге башынан эле каршы чыкчу. Мирзиёев болсо Өзбекстандын аймактык мааниге ээ мамлекеттик саясатын илгерилете баштады. Ал Борбор Азиядагы мурдагы демилегелерди жандандырууга аракет кылып жаткандай. Чөлкөмдүн ичинде соода-сатыкка, саясатка жана коопсуздукка байланыштуу дагы бир топ маселелер бар.

Эми азыр президент Каримовдун көзү тирүү кезиндегидей лидерлердин жеке мамилелеринде пикир келишпестик жок. Андыктан саммитте кандайдыр прогресс болот деп оптимисттик маанайда турам. Албетте, саясий чечимдерге келгенде ишке караганда сөз көп айтылары түшүнүктүү. Ошол эле маалда дээрлик 10 жылга чейин Борбор Азия мамлекеттеринин саммити болбогонун да эстен чыгарбайлы.

Казак президенти Н.Назарбаев, кыргыз президенти А.Акаев, тажик лидери Р.Набиев, түркмөн президенти С.Ниязов Ашгабаддагы саммитте, 13-декабрь, 1991-жыл.
Казак президенти Н.Назарбаев, кыргыз президенти А.Акаев, тажик лидери Р.Набиев, түркмөн президенти С.Ниязов Ашгабаддагы саммитте, 13-декабрь, 1991-жыл.

"​Азаттык": Борбор Азиянын лидерлеринин жакындашуусуна Москванын жана Кытайдын позициясы кандай болот суроо туулат.

Дэвид Люис: Борбор Азиянын аймактык саясатында тышкы күчтөрдүн таасири чоң болуп келген. Андыктан аймактын лидерлеринин кызматташтыгынын дагы бир максаты - Орусия менен Кытайга кылчактабай, жалпы бир кызыкчылыктарды табуу. Ушул тапта аймактагы мамлекеттер Шанхай Кызматташтык Уюмуна же Евразия Экономикалык Биримдигине киргени менен борбор азиялыктар чөлкөмдү өздөрү гана өзгөртө алышат.

Азыр лидерлердин чогулуп жатканына ушул да түрткү болду деп ойлойм. Андыктан ушул тапта Борбор Азия өлкөлөрү интеграцияны ишке ашыра албаса да, төрт негизги мамлекет кызматташууну күчөтүүнү көздөп турган кези. Албетте, Түркмөнстан го эми башка кеп.

"Азаттык": Cиз жогоруда белгилегендей, Кыргызстан менен Казакстан Орусия башында турган Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болсо, берки эки өлкө ага кирген эмес. Мындай шартта натыйжалуу кызматташтык тууралуу сөз кылса болобу?

Дэвид Люис: Албетте, бул жагдайды бир топ татаалдаштырат. Бирок башка жагынын алганда, эгерде саясий эрк болсо мындай институционалдык маселелерди кыйгап өтүүнүн жолдорун табышат го деген ойдомун. Өзбекстан менен Орусиянын соода-сатыгы көбөйүп баратат, ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстан ортосунда да бул тенденция алар экономикалык биримдикке мүчө болгон-болбогонуна карабай, күчөйт деп ойлойм.

Региондо экономикалык көп маселелер бар, чек арадан өтүүдө, бажыда – булар кызматташтыкты бир топ татаалдаштырат. Анан Кытайдын ролун өзгөчө бөлүп көрсөтсөк болот. Борбор Азия өлкөлөрү Бээжиндин “Бир алкак, бир жол” демилгесине биргелешип жооп бере алабы? Бул алдыңкы жылдары региондогу саясий процессти бир топ сыноого кептеши мүмкүн.

"Азаттык": Ошол эле маалда Борбор Азиянын өлкөлөрүнун сасяий ситемалары да бири-биринен айырмаланат. Кыргызстанда демократиялык, ошол эле убакта Тажикстан менен Казакстанда бекем авторитардык режим бар. Өзбекстан болсо темирдей бекем режимдин чеңгээлинен чыгууга аракетин кылууда. Мындай шартта аймактык кызматташтык канчалык өркүндөйт деп айтсак болот?

Дэвид Люис: Ооба, аймакта саясий системалар жеке лидерге байланган. Бирок ар кандай башкаруу режими аймактык кызматташууну илгерилетүүгө сөзсүз эле кедергисин тийгизет деп айтуудан алысмын. Бул жердеги өлкөлөр өз эгемендигин бекем коргоп, ага кандайдыр шек келтирүүгө жол беришпейт. Бирок ошол эле учурда өлкөлөрдүн башкаруу системалары өзгөрүп жатканы талашсыз.

Маселен, Өзбекстанды карасаңыздар. Казакстанда андай жышаан байкалбайт. Кыргызстанда тескерисинче демократия солгундап бараткандай таасир калтырат. Тажикстанда авторитардык режим бекемделип жатат. Бирок аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери саясий системалары ар түрдүү экенине карабай, экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкчылыгы бар.

"Азаттык": Эми учурдан пайдаланып, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев тууралуу сурайын деп турам. Ага берилген баа өтө жогору. Ал чөлкөмдү алдыга сүрөй турган жол башчы деген баа канчалык реалдуу?

Астанадагы жыйындан бир көрүнүш.
Астанадагы жыйындан бир көрүнүш.

Дэвид Люис: Ушул тапта ал чындап эле бир топ демилгелүү көрүнөт. Аймактагы кызматташууга артыкчылык берет. Назарбаев лидерлердин арасынан тажрыйбасы өтө чоң, глобалдык байланыштары бар, анын ичинде Орусия менен мамилеси жакын.

Өзбекстан менен Казакстан "аймакта ким лидер болот" деп атаандашып келгени белгилүү го. Эми Назарбаев менен Мирзиёев андай дымагын басып, чөлкөмдөгү лидерликти кандай алып кетээрин көрөбүз го. Мунун алгачкы белгилери Астанадагы саммитте эле байкалса керек.

Мирзиёев ушул тапта өтө кылдат, ошол эле маалда Каримовдун түшүнө кирбеген демилгелерди көтөрүп жатат. Анын алгачкы жемишин Кыргызстан, Тажикстан, ал тургай Түркмөнстан менен түзгөн мамилесинен байкасак болот. Эми өзбек-казак алакасы кандай өнүгөөрүнө көз салалы.

Менин жеке көз карашымда, эки лидер тең эле геосаясий себептен улам кызматташтыкка умтулушат. Гесаясатта алар Орусияны, Кытайды жана Батышты тең салмакташ үчүн да аймактык деңгээлде салмактуу көрүнгүсү келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG