Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

"Раим миллион" өкмөттүн "башын оорутту"


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Кыргыз өкмөтү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов боюнча райондук соттун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга кайрыла элек.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 25-июлда "Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынган" деген өкүм чыгарган. Мындай жарандык иште чечимге нааразы болгон тарап жогорку инстанцияга бир айдын ичинде кайрылышы керек эле. Деген менен бул жагдай кыргыз коомчулугунда Матраимов тууралуу ар кандай күдүк сөздөрдү ого бетер күчөттү.

Мыйзамда белгиленген мөөнөткө ылайык, кыргыз өкмөтү Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимов тууралуу чечимине байланыштуу Бишкек шаардык сотуна 25-августка чейин кайрылышы керек. Бирок доо арыз жазылар-жазылбасы тууралуу өкмөт бир айга жакын убактан бери үн ката элек.

Мыйзам боюнча кызматтан мыйзамсыз алынганы тууралуу даттанган жаран буйрук чыккандан кийин бир айдын ичинде сотко кайрылышы керек. Райымбек Матраимов эмне үчүн жарым жылга жакын убактан кийин гана арыз жазганы жөнүндө расмий түшүндүрмө бере элек.

Жогорку соттун мурунку төрагасы, парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмонов арыз жазуу мөөнөтү өтүп кетсе деле аны кайра калыбына келтирсе болорун айтты. Анын пикиринде, Райымбек Матраимов кызматтан мыйзамсыз бошотулган:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Мыйзамда ошондой 30 күндүк мөөнөт каралган, бирок арыз менен кошо сотко өтүп кеткен мөөнөтүн кайра калыбына келтирүү боюнча өтүнүч берсе болот. Жүйөлүү себептерин келтирсе, сот өтүп кеткен мөөнөттү кайра калыбына келтирип коюшу мүмкүн. Эмгек кодексине "саясий, президенттин, өкмөттүн номенклатурасына кирген кызматтагы адамдар сотко арызданууга болбойт" деп жазып коюшкан. Мунун өзү Конституцияга жатпайт, адам укуктарына каршы келген норма. Ал өкмөттө иштейби, президенттин аппаратындабы, кайда иштесе да анын укугу бирдей тартипте корголушу керек. Муну ошол шылтоо менен алдын-ала тийиштүү органдар менен макулдашпай, Матраимовду жөн эле кызматтан бошотуп коюшуптур. Бул Матраимовго эле тиешелүү нерсе эмес, көп эле учурлар болгон. Кийинки убакта өкмөттө чектен чыккан, мыйзамды бузган учурлар көп эле кездешип жатат. Мен, мисалы, Матраимовду көргөн да эмесмин, тааныбайм дагы. Бирок ал мыйзам бузуу менен иштен алыныптыр. Жөн эле "сен бизге жакпайсың" деп туруп эле бошотуп салышыптыр. Ал кандай адам болбосун, жакшы көрөбү, жаман көрөбү, симпатия, антипатияга карабай соттун чечимин аткарыш керек. Соттор да мыйзамдуу чечим чыгарышы керек.

Буга чейин Биринчи май райондук соту бир катар себептерди жүйө келтирип, чечим тууралуу түшүндүрмө берген. Анда сот "Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы далилденген жок, жазалоого негиз болгон кызматтык иликтөө жүргөн эмес" деп жазган. Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын сунуштамасы, тартип комиссиясынын бүтүмү болбогону, ооруканада дарыланып жатканда кызматтан алынганы көрсөтүлгөн.

Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов сот туура чечим чыгарганын билдирген.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова Матраимовду иштен алган Сапар Исаков башында турган өкмөттү сынга алды:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "коррупциялык схемалар бар экен, Матраимов кеткенден кийин бажы төлөмдөрү көбөйдү" деп өзү ачык эле айтпады беле? Ошентип күнөө коюп жаткандан кийин кылмыш иши козголушу керек эле. Текшерилип, ошол текшерүүнүн негизинде кызматтан кетирилиши керек эле. Соттолушу керек эле. Андай кылбай эле, "саясий ишенимден кеткени үчүн" деп жөн эле кызматынан бошотуп койду. Мунун өзү туура эмес, анткени мунун кызматы административдик кызмат болуп жатпайбы. Мамлекеттик административдик кызматтын негизги принциби - анын саясаттан тышкары болгонунда. Муну "саясий ишенимди жоготту" деген негиз менен кызматтан алган болбойт. Башынан булар мыйзамга ушундай туура эмес норма киргизип коюшкан. Мыйзамдагы жобо да, мунун кызматтан алынганы да туура эмес. Кызматтан алганда да мыйзамдын негизинде кетириши керек эле да.

Саясий серепчи Бекбосун Бөрүбашев дээрлик өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн, байлык топтогон аткаминерге чара көрүлбөй жатканы бийликтин коррупция менен күрөшүнө шек келтирет деген ойдо:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Кыргызстанда таасирлүү адам болуш үчүн акча болушу керек. Кыргызстанда адамдын таасирдүү экенин, коомдогу ордун акча, бийлик гана аныктап калды. Ошондуктан ал Кыргызстандагы таасирлүү жигиттердин бири. Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп ушунча байлык топтогондорду "таза эмес" деп ачык эле айтса болот. Президент "коррупция менен күрөшөм" деп жатат, бул абдан жакшы, муну баарыбыз колдоп жатабыз. Бирок коррупция менен күрөш - бул адам менен эмес, система менен күрөш болуп саналат. Беш кишини камап коюп, "мен коррупция менен күрөштүм, талкаладым" дегендин өзү туура эмес. Кыргызстанда мамлекеттик бийликтин башында тургандардын арасынан жарды киши таба албайбыз. Аларды "ак эмгеги менен байлык топтогон" деп айтуу да мүмкүн эмес. "Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, мынча байлыкты кайсы булактан топтодуң?" деп катуу текшерип чыгыш керек. Жалаң эле Матраимов эмес, ага окшогондор толтура, ошолордун баарын карап чыгыш керек. Мына, жаңы президенттин иштеп жатканына он ай болуп калды. Сот системасы мурун кандай болсо, ошол боюнча эле калды. Коррупция кандай өнүгүп жатса, ошол боюнча эле калды. Бизде "коррупция менен күрөш" деген ураанды өзүнүн саясий атаандаштарын жазалоонун, башкача көз караштагы адамдарды жазалоонун куралы кылып алышкан. Азыр деле биз ошол жол менен кетип баратабыз.

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Буйрукта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынды" деп жазылган. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат” деп жазылган.

Талдоочу Орозбек Молдалиев сот чечимине байланыштуу соңку жагдайлар Райымбек Матраимов тууралуу күдүк сөздөрдү ого бетер күчөткөнүн белгиледи:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- "Раим миллион" деген атка кечээ күнү эле конуп калган жок да. Кыргыздардын негизи таамай ат койгон жакшы өнөрү бар. Ал тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жүргөн. "Криминалга, контрабандага тиешеси бар экен" дегендер болгон. Бул сөздөр Казакстан бажыдагы контрабандага байланыштуу чек араны бир тараптуу жаап салгандан кийин күчөдү. Азыр эми сотко кайрылып, соттон өз пайдасына чечим чыгартып алгандан кийин "булар азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен жакын, шайлоодо жардам берген" деген имиштер көбөйүп кетти. Шайлоодо жардам бергендердин айрымдары ачык, фондуна акча которуп берет. Бирок көбү эле көмүскө жардам берерин чынында баарыбыз эле билебиз да. Өкмөт негизи буга жооп бериши керек эле. Өкмөт "бизде чечим туура эмес даярдалып калды" деп моюнга алышы керек эле же болбосо "жок, биз соттун чечимине каршыбыз" деп жогорку инстанцияга кайрылышы керек эле. Имиштер ушунун негизинде көбөйүп жатат. Ушундай резонанстуу, элдин баары билген маселелерге бийлик көңүл бурушу керек. Кана, бийлик тазалай аларын ушул жерден көрсөтсүнчү? Бүдөмүк болгон жерде ушак чыга берет, ушактар көбөйсө ишеним жоголот. Бийликке ишеним ушинтип жоголот. Азыркы бийликкке "аванс" катары берилген убакыт азая баштады.

Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовдун арызын канааттандыргандан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев аны сындап учкай билдирүү тараткан. Анда ал буга чейинки айткан сөздөрү бышыкталып жатканын айткан жана "Райымбек Матраимов бажыдагы мурунку кызматына барса деле, барбаса деле бул жана башка бюджетти толтурган түзүмдү башкара турганы элге анык болуп калды" деп билдирген.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

"Тилекке каршы, менин президент Сооронбай Жээнбековдун жеке өзүнө, андан кийин 2018-жылдын 31-мартында элдин көзүнчө айткан кеңештерим менен эскертүүлөрүмдү ал көңүлгө алган жок. Анын тегерегиндегилер тарабынан башталган коррупция менен укмуш күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүгө жамынып алып, саясий оппоненттерден өч алуу бийликтин, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн жарыя кылынган курсунун кадырын кетирет", деп айтылган экс-президенттин атынан таратылган маалыматта.

Бирок бул боюнча экс-президенттин өзүнүн ролун эске салгандар да болгон. Анда Райымбек Матраимов мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кызматтан кызматка көтөрүлүп жүргөнүн, соңку алты жылдан бери анын айланасында сөздөргө ошол убактагы бийлик чара көрбөгөнү айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG