Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Алмазбек Атамбаевдин айыптоосу жана өкүнүчү


Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына маек берип жаткан учуру.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына маек берип жаткан учуру.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель" телеканалына соңку коомдук-саясий кырдаал, өзүнүн аты аталган чуулгандуу окуялар тууралуу узун маек курду.

Анда соңку кездери өзүнө каршы каралоо башталганын айтып, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси, камактагы үзөңгүлөштөрү тууралуу комментарий берди. Өмүрбек Текебаевдин каматпай деле койсом болмок деген пикирин айтты.

Азыркы президент жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул маегинде сегиз айдан бери эмне үчүн үн катпай келгенинин себебин түшүндүрдү. Ал азыркы бийликти өзүн жана үй-бүлөсүн каралап жатат, жалган жалаа жапты деп айыптады:

- Биздин партиянын соңку курултайында мен жаңы президент Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилегимди, сунушумду айткам. Ошондон бери ал бул айтылгандан кандайдыр бир тыянак чыгарат деп күтүп жаткам. Ал биринчи жылында тынчырак иштесин дедим. Бирок ал айткандарыма көңүл бурган жок. Анан калса бул курултайдан кийин мага жана үй-бүлөмө жалган жалаа жабуу, каралоо башталды. Мен мындай калпты жана каралоону Акаев менен Бакиевдин тушунда да башымдан өткөргөн эмесмин. Тилекке каршы биздин эл мындай жаман нерселерге ишенип алышы мүмкүн. Ошондуктан элге чындыкты айтууга мезгил жетти.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь, 2017-жыл

Алмазбек Атамбаев байлыгы, Бишкектин жанындагы Кой-Таш айылындагы хан сарайына байланыштуу дооматтарды да четке какты. Ал эми Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш иштери тууралуу суроого жооп берип жатып:

- Биринчиден, авария болгон ЖЭБдин эски бөлүгүндө жакшы ремонт жасалган эмес. Эски бөлүгүнө 880 миллион сом бөлүнгөн, бирок ага айнек да тагылган эмес. ЖЭБди оңдоо иштери Жээнбеков премьер кезинде болгон. Бирок аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек, - деди экс-президент.

"Илмияновду оозун жабуу максатында камашты"

Атамбаев Икрамжан Илмияновдун камалышы тууралуу да оюн ачыкка чыгарды:

- Икрам ага акча керек болсо менден алса болоорун дайыма эле билген. Анткени ал менин бай экенимди, байлыгымдын таржымалын билген. Балким ал кайсы бир маселелерди, кадр маселелерин чече аларын көрсөткүсү келгендир. Азыр ал кадр маселелерине кийлигишкен деген ушактар бар. Бирок мен анын пара алганына ишенбейм. Ал пара алганы үчүн же кандайдыр бир коррупциялык иштерге байланыштуу камалганына ишенбейм. Илмияновду акыркы президенттик шайлоонун көмүскө жактары тууралуу көп нерсе билгени үчүн анын оозун жабуу максатында камашты. Ал тирүү турса бир күнү түрмөдөн да чыгат, ошондо ал болгон чындыкты айтат деп ишенем.

Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Илмиянов былтыр президенттик шайлоо өнөктүгү маалында "Дизель комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң доллар пара алган деп айыпталып жатат.

Атамбаевдин билдирүүсү тууралуу саясатчылардын пикирлери
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00



Атамбаев анын мурдагы жансакчылары, кийин жогорку кызматтарды жетектеген Улан Исраилов менен Болот Сүйүнбаев тууралуу дооматтарды да негизсиз деп билдирди.

"Текебаевди каматпай деле койсом болмок..."

Алмазбек Атамбаев "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин камалышы тууралуу суроого жооп берип жатып:

- Текебаев боюнча мыйзамды карабай деле койсом болмок экенин мойнума алам... Мыйзам боюнча ал жерде баары далилденген, Текебаевдин деле тарапкерлери ошол миллион тууралуу сөз кылышкан. Бирок мен андай кылбай деле койсом болмок экен. Мен күч органдарына баарын мыйзам чегинде жасагыла деп талап койчумун, - деди.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген айып тагылган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Саясатчылар айып-дооматтын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келишет.


Өткөн аптада Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деген айып менен Москвада камакка алынды. Азыр "атамекенчилер" жана айрым саясатчылар Текебавдин иши кайра каралышы керектигин айтып жатат. ​

"Журналисттерди сотко берүүдө эмоцияга алдыргам"

Экс-президент ошондой эле бийликте турган кезинде журналисттерди сотко бергенине өкүнөөрүн билдирди. Бирок ЖМКга жарыяланган кабарлар жубайы Раиса Атамбаевага катуу тийип, саламаттыгына терс таасир эткенин белгиледи:

- Ушакты ойлоп тапкандарды жана ар кандай маалымат жыйындарда жайылткандарды гана сотко берсек болмок. Президент катары журналисттерге туура эмес кылгандырмын. Анткени азыр карасам, чындыкты жазгандардын оозун жапканга курал кылып алышты. Бирок ошол маалда "Азаттык", "Заноза" ушакты кошул-ташыл кылып таратышкан. Мен "Азаттык", "Заноза", Жакыпова боюнча доодон баш тарттым. Балким туура эмес кылганмын. Мен эмоцияга алдырбашым керек эле.

2017-жылы Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан эле жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Атамбаев айрым доолордон президент болуп турганда, башкаларынан кызматтан кеткенден кийин гана баш тарткан.​

Райымбек Матраимов тууралуу

Алмазбек Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырды. Президент Сооронбай Жээнбековду "Матраимовго болушкан" деп айыптады:

- Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өтүнүп, суранганына карабай, Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Мага Сапар 23-ноябрда телефон чалып "Сооронбай Жээнбеков Райымды кызматтан алба деп суранып, жалдырап жатат" деп айткан. Сапар анын тилин албай койгону үчүн камалды. Кубанычбек Кулматов болсо бажы тармагын Райымдын адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Ош бажысында бир күндө эле бажы төлөмдөрү 10 эсе көбөйгөнү эсиңиздердеби? Кулматовду орус паспорту, мектеп үчүн эмес, Райым үчүн өч алуу максатында камашты.

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Буйрукта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынды" деп жазылган. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат” деп жазылган.

Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

"Мен Жээнбеков менен 24 жыл дос болдум"

Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди. Аны эски бийликтин жолоюна түшүп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат деп айыптады:

- Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам. Шайлоо алдында Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз эле болчу. Ал эми 2010-жылы ошол эле Мелис Мырзакматовдун жанында кимдир бирөөнүн далысына жашынган көлөкө эле болчу. Июнь коогасында анын өмүрүн тобокелге салып жүргөнү тууралуу ошол жерде жашагандардын эч кимиси эч нерсе айткан эмес. Мен Жээнбеков менен 24 жыл дос болдум. Ал өзү деле менин жардамым менен 2000-жылы вице-спикер болгонун айтып жүрөт. 2007-жылы менин өкмөтүмдө министр болгон, анын өтүнүчү менен иниси Асылбек Жээнбековду партияга киргизип, депутат кылгам. Сооронбай Жээбековду президенттикке чейин жеткиргем.

Алмазбек Атамбаев - 2011-2017-жылдары өлкөнү башкарган Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ал былтыркы президенттик шайлоо учурунда азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдогон. Бирок эки саясий өнөктөштүн мамилеси быйыл жыл башынан тарта бузула баштаган. Март айынан бери маңдай-тескей жолуга элеги белгилүү болгон Атамбаев менен Жээнбеков акыркы маектеринде бири-бирин сындашты.

Жээнбеков: Үчүнчү кишилер аркылуу жетеленме кылгысы келген

Сооронбай Жээнбеков "24.kg" маалымат агенттигине 16-ноябрда жарыяланган маегинде Атамбаев аны башкарып алууга аракет кылды деп күнөөлөгөн.

- Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт. Мен мактангым келбейт, бирок кыйын мезгилдерде, керек болсо андан баары качып кеткен кезде да дайыма анын жанында болгом. Үй-бүлөмө, жакындарыма коркунуч туулганда да Атамбаевди колдоп жүргөм. Азыр анын политтехнологдору мени "саткын" деп атап жүрүшөт. Бирок кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт - , деген Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Талдоочулардын баасы

Талдоочу Алмазбек Акматалиевдин баамында, Алмазбек Атамбаевдин соңку айткандары азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси курчуганынан кабар берет. Анын пикиринде, мындай абалда азыркы бийлик сабырдуулугун көрсөтүшү керек:

- Биз ал кишинин мүнөзүн билебиз, муну менен эле токтоп калбайт. Дагы эле өз кызыкчылыгын көздөп козутуп жатканы билинүүдө. Менимче азыркы бийлик буга сабырдуулук менен эле мамиле кылышы керек. Баштаган кылмыш иштерин аягына чейин чыгарып, далилдерди таап, таппаса бошотуп, атаандаштарына себеп бербеши керек. Антпесе коомго коркунуч алып келе турган абалга тез эле жетип калышыбыз мүмкүн. Эң коркунучтуусу ошол. Мунун алдын алып, кандайдыр чара көрбөсө, бул киши өтө агрессивдүү көз карашта болуп калганы билинип калды. Бул болсо коомго өтө коркунучтуу.

Жарандык активист Адил Турдукулов да мындан ары саясий күрөш курчуйт деген пикирге кошулат жана мындай жагдайда үчүнчү тарап болушу керек деп эсептейт:

- Бул жерде чынында эки адамдын эмес, эки команданын тиреши болуп жатканын көрүп турабыз. Бийликтин башкы функциясы - кадрдык тармакты тейлейт жана жетектейт деген маселе болуп жатпайбы. Сооронбай Жээнбеков да "үчүнчү адамдар аркылуу мамлекетти башкарууга таасир кылгысы келип жатат" деп ачык эле айтпадыбы. Бул жерде "Кадрдык маселеге ким жооптуу болот жана ким аныктайт?" деген суроо кабыргасынан коюлган. Эми тиреш күчөдү, муну башталышы гана деп айтсак болот. Атамбаев бул күрөштү толук жүргүзөт. Буга чейин ал 2005-жылы да, 2010-жылдагы революцияга да жигердүү катышкан, башында турган. Анын тажрыйбасы жетиштүү, каржылык, интеллектуалдык жана маалыматтык ресурстары бар. Ушундай жагдайда абалды турукташтырыш үчүн үчүнчү тараптын пайда болушуна коом да, мамлекет да дилгир деп ойлойм. Ушул үчүнчү тарап элдик курултай болобу деген үмүт бар. Бирок ачык эле айтыш керек, ошол курултайда деле бул же тигил тарапка тарткан күчтөр бар экен.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

"Тизмегейт": алгандар жана тангандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00



Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен. Бул боюнча президенттин аппараты "фейк" маалымат деп комментарий берген.

​Быйыл 31-марттагы КСДПнын курултайында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпестик ачыкка чыккан. Анда Атамбаев Жээнбековду ЖЭБдеги коррупция үчүн айыптаган. Кийин бул иш боюнча КСДПнын бир нече мүчөлөрү камакка алынган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG