Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Фарид Ниязов: Токтакунов жарыялаган документте айтылган ысымдар чын


Сооронбай Жээнбеков шайлоодо көп добуш алганы белгилүү болгондон кийин. 15-октябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков шайлоодо көп добуш алганы белгилүү болгондон кийин. 15-октябрь, 2017-жыл.

КСДПнын өкүлү, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязов укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документте чыныгы ысымдар жана иш-чаралар жазылганын билдирди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тараткан билдирүүдө Ниязовдун комментарийи келтирилген:

"Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Документтеги ысымдар жана иш-чаралар реалдуу экенин мойнума алам. Даталар да туура көрсөтүлгөн. Анын ичинде мен тууралуу да. Башка даталар жана сандар тууралуу документте аты аталгандардан сурап, тактаса болот. Мен башкарган штаб шайлоо мыйзамдарынын алкагында иш алып барган. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузмак эмес. Анын үстүнө мунун баарына биздин юристтер, БШК жана башка талапкерлердин штабдары көз салып турган".

КСДПнын билдирүүсүндө Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалынын суроолоруна жооп берери жана анын жүрүшүндө жарыяланган документ тууралуу да сөз болору айтылган. Маалыматка ылайык маек дүйшөмбү, 19-ноябрь күнү обого чыгат.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен. (ErN/KR)

XS
SM
MD
LG