Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Шайлоонун акчасы шек туудурду


Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда. 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда. 2017-жыл.

Укук коргоочу президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы мурда көрсөтүлгөндөн бир нече эсе көп каражат коротконун көргөзөт делген документти жарыялады.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтууда:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Бул документтин чындык экени көрүнүп эле турат. Аны текшерүү деле оңой эле. Ал жактагы адамдардын тизмесин, географиялык аталыштарды, коротулган максатын карап чыкса деле бул маалымат чындыкка жакын экени аныкталат. Бул эмнени билдирет? Ал шайлоо штабында көрсөтүлгөн каражаттан башка каражат пайдаланылганын далили. Бул болсо президенттик шайлоону уурдап алышканын түшүндүрөт.

Нурбек Токтакунов колундагы документке таянып маалымдаганы боюнча, Сооронбай Жээнбековдун штабы Борбордук шайлоо комиссиясына расмий түрдө билдирген каражаттан, атап айтканда 158 096 175 сомдон көп сумма иштеткен. Анын версиясы боюнча, Жээнбековдун штабы чынында шайлоого 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаган.

Адвокат айтылган каражаттар штабга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы болуп саналган Икрамжан Илмиянов аркылуу топтолгон болушу мүмкүн деп эсептейт.

Нурбек Токтакунов бул мыйзам бузуу экенин айтып, сөз болуп жаткан жагдайлар азыркы президентке импичпент жарыялоого негиз түзөрүн билдирүүдө.

Жарыяланган тизмеде штабга ондогон адамдардын канча акча төккөндүгү, аткарылган иштерге канча акча бөлүнгөнү жана президенттикке талапкердин ишенимдүү адамдарына бөлүнүп берилген деген суммалар көрсөтүлгөн.

Алардын ичинде Туманов, Примов аттуу адамдардан да 1 млн. сомдон ашык акча түшкөнү, ал эми Тайырбек Сарпашев 7 млн. 890 миң сом, Марат Аманкулов 2 млн. 260 миң сом алганынан баштап өлкөдөгү белгилүү ырчыларга аты-жөнү окшош адамдар акча алганы жазылган.

Учурда камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты болгон Токтакунов бул документтерди мурдагы премьердин ишин иликтөө учурунда таанышкан адамдардан алганын кошумчалады:

- Документтерди мен Сапар Исаковдон алган жокмун. Бирок Исаковду коргоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткан учурда ар түркүн адамдар менен жолугушуу өткөрдүм. Дал ошондой Исаковду коргоо учурунда бул маалыматты берген адам менен тааныштым.

Нурбек Токтакунов укук коргоо органдары бул маалыматтарды текшерип чыгышы керек экенин билдирүүдө.

Президенттик аппарат: бул фейк маалымат

Бирок адвокат жарыялаган документте эч кандай мөөр же анын ырастыгын күбөлөндүргөн эч бир адамдын колу жок. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбековдун командасы жарыяланган документтерди "фейк" же жалган деп атады. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул документ боюнча комментарий берүүнү туура көрбөйт.

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

- Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, кол тамга жок, - деди ал. - Фейк маалыматка комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген.

Ошондой эле Стамалиева Сооронбай Жээнбеков штабдын каржы ишине кийлигишпегенин, бул иштер менен Фарид Ниязов жетектеген штаб алектенгенин кошумчалады.

Ал эми Фарид Ниязов бул боюнча маалыматты комментарийлей элек.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева болсо “бул документти партиянын катчылыгы изилдеп жатканын, кийинчерээк кенен комментарий болорун" айтты.

Сооронбай Жээнбеков шайлоодо көп добуш алганы белгилүү болгондон кийин. 15-октябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков шайлоодо көп добуш алганы белгилүү болгондон кийин. 15-октябрь, 2017-жыл.

Ошол эле учурда Токтакунов жарыялаган документтеги аты аталган айрым адамдар да бул маалыматтарды жалган катары сыпатташууда. Алардын бири шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбеков менен бирге жүргөн "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов президенттин басма сөз кызматы жарыялаган жоопту “Азаттыкка” кайталады:​

- Биринчиден, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегеним анык. Муну танбайм. Бирок жарыяланган баракты фейк деп эсептейм жана комментарий бере албайм.

Анткен менен Интернетке жарыяланган баракчада аты аталган айрым адамдар документте көрсөтүлгөн каражатты көрсөтүлгөн мөөнөттө алышканын ырасташты. Бирок алар аты-жөнүн ачык жарыялоону каалашкан жок.

Талдоочулардын баасы

Нурбек Токтакунов жарыялаган документ социалдык тармактарда дароо талкууга түштү. Айрым саясатчылар бул президент Жээнбековдун кадыр-баркына көлөкө түшүргөн окуя болот деп эсептешет. Саясатчы Равшан Жээнбеков учурдагы президент жарыяланган документ боюнча түшүндүрмө бериши керек экенин билдирди:

- Эгерде мамлекетте күчтүү оппозиция болсо, күчтүү жарандык коом жана медиа болсо кайсы гана бийлик, кайсы гана өкмөттү болбосун кызматтан кетирүүгө чейин жеткирчү маселе болот. Бирок бизге окшогон мамлекетте бүгүн болбосо да, келечекте бийлик үчүн чоң баш оору жаратат. Менин пикиримде, бир топ маанилүү процесстер башталды. Биринчиси - бийликтин легитимдүүлүгү үчүн маселе жаралышы мүмкүн.

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жураев бул окуя мындан ары өлкөдөгү саясий күрөштү күчөтүп, кезектеги компроматтардын жарыяланышына себеп болот деген пикирде.

- Мындай кырдаал буга чейин деле күтүлгөн нерсе болчу, - дейт эксперт. Себеби Атамбаевдин да, Жээнбековдун да колунда компроматтар топтому бар. Ошондой маалыматтар "кандай кырдаалда чыгып кетет" деп күтүлүп келген. Ошол маалыматтардын биринчи толкуну болушу мүмкүн. Мындан ары бул эки тараптан жаңы компроматтардын чыгышын шартташы мүмкүн.

Ошол эле кезде саясатчы Эмилбек Каптагаев Нурбек Токтакуновдун Сапар Исаковдун адвокаты экенин эске салуу менен ага сын көз караш менен кароо зарыл экенин белгиледи.

Бул Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын каржылоого байланыштуу алгачкы жаңжал эмес. Буга чейин мурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кармалган соң КСДПнын катчылыгы “Илмиянов алды” деген 150 миң доллардын чоо-жайын тактоо боюнча тергөөчүдөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялаган. Анда акча былтыр шайлоодо "демөөрчүлүк жардам" катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендиги айтылган эле.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты бул маалыматка байланыштуу үн каткан эмес.

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев. Бишкек, 24-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев. Бишкек, 24-ноябрь, 2017-жыл.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын 54 пайыз добушу менен жеңип чыккан. Ал КСДПдан көрсөтүлүп, аны экс-президент Алмазбек Атамбаев ачык сүрөгөн эле. Быйыл февралдан бери Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилеси бузулуп, учурда алардын ортосунда күрөш жүрүп жатканы айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG