Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Икрамжан Илмиянов камакка алынды


Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу 20-октябрда чыгарды.

Жабык өтүп, дээрлик үч саатка созулган соттук жараяндан кийин Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге маалымат берди.

Ал тергөөнүн жана айыптоочу тараптын документтери менен толук таанышып бүтө электигин айтып, Илмияновдун иши өтө тездик менен өрчүгөнүнөн шек санады.

- Албетте тез эле айып тагып, сыртынан камакка алуу чечиминин чыгышы көп суроону, күмөн ойлорду жаратат. Сот жараяны өтө узакка созулуп кетти. Себеби, сот эмнегедир тергөөчүлөр берген айрым документтердин көчүрмөсүн тартып алууга уруксат берген жок. Экинчиден, сот процессинин ачык өтпөгөнүнө таң калдым. Мен ишке азыр гана киришкендиктен кенен маалымат бере албайм. Айыптоочу тараптын жана тергөөчүлөр сотко көрсөткөн документтер менен таанышып чыгышым керек.

​Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго ушул жылдын 28-сентябрында кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (алдамчылык) боюнча айып тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 20-октябрда кармап, Бишкекке алып келген.

Бир катар массалык маалымат каражаттары Илмиянов Татарстандын Казан шаарында колго түшүп, Москва аркылуу Бишкекке учак менен жеткирилгенин жазып чыгышты.

Илмиянов тергөө абагына жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Икрамжан Илмияновдун Казанда жүргөнү буга чейин эле маалым болгонун, УКМКнын аны мындай чуу менен кармашын "шоу" деп атады.

- Бүгүн биз Илмияновдун жубайы менен байланыштык. Анын үйүнө эч кандай чакыруу кагазы келбептир. Анын жубайына Илмиянов кайсы жерде экендигин эч ким чалып сурабаптыр. Мунун шоу менен кармалганы биз үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Илмияновдун эч кимден качпаганы жана жашырынбай эле жүргөнү баарына маалым. Анын Казанда жүргөнүн массалык маалымат каражаттары мурдатан эле кабарлаган. Тергөө иши саясий жактан боёлбошу керек. Анын иши калыс жана адилеттүү, ошол эле учурда кайсы бир саясий күчтөн көз карандысыз тергелиши керек.

Коомчулукта "Шопур" деген лакап ат менен белгилүү Илмиянов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көздөй адамы болгону белгилүү.

КСДПнын саясий кеңешинин дагы бир мүчөсү, парламент депутаты Чыныбай Турсунбеков камоолор боюнча саясий кеңеш жыйынга чогулушу керек деп эсептейт.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Кечээ эле бир команда болуп жүргөндүктөн бул олуттуу, анан оор дагы суроо. Мен ар дайым коомчулук тарапта болгон туура деп эсептейм. Мен Кудай алдында да, эл алдында да туура иш кылгандар тарабындамын. Партиянын саясий кеңеши бул маселе боюнча чогулуп, ишти карайт деп ойлойм. Себеби, саясий кеңештин бул эле эмес, көп мүчөлөрү камалып кетти. Ошондуктан бул тууралуу сөз болушу керек.

КСДП партиясы Илмиянов былтыр президенттик шайлоо аяктагандан кийин саясаттан чарчаганын жүйө кылып, партиялык иштен алыстаганын кабарлаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дагы бир ишенимдүү делген адамынын камакка алынышы ар кандай талкууларга жол ачты.

Саясий серепчи Орозбек Молдалиев "Атамбаев убагында жанында жүргөн кадрларын тескей албай калган" деген пикирде.

- «Атамбаев тегерегиндеги адамдар ким экенин, эмне иш кылып жатканын билбей жүргөн» деген ойлор бар. Мен аларга кошула албайм. Макул, Атамбаев өзү таза деп коёлу, бирок эмне үчүн жанындагылардын тазалыгына көңүл бурган эмес? Анткени «жандоочу кийик аттырат» дейт. Атамбаевди коштогондор эле кармалып жатса, анын тегерегиндегилерди «тазалап» жаткандай элес калтырат. Бирок баары сот процесстери башталганда билинет. Мисалы Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана алардан башка кармалгандардын баары тең эле Атамбаевдин көздөй адамдары да. Азыр болгону Фарид Ниязов эле калды.

Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев акыркы учурда камалып жаткан мурдагы жетекчилер коррупциянын жогорку чекке жеткенин көрсөттү деген пикирде:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Илмияновдун жана башка адамдардын кармалышы Кыргызстанда башкаруу системасындагы коррупциянын гүлдөп өскөнүн, алар мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербеген иштерге барганынын далили. Ошого каршы Сооронбай Жээнбеков күрөшөм деп жатат. Бирок төрт-беш кишини камап коюунун кереги жок. Биринчи кезекте жогорку кызматта отурган адамдар эмне себептен коррупцияга барып жатканын аныкташ керек.

Икрамжан Илмияновго 18-октябрда сыртынан айып коюлган. Анын эртеси күнү, 19-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага издөө жарыялаган.

Президенттин сайтындагы маалымат боюнча Икрамжан Илмиянов Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Бир нече жыл бою "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген. 2009-2010 - жылдары "Медиа форум" ачык акционердик коомунда экономисттин милдетин аркалап турган.

Апрель окуясынан кийин Алмазбек Атамбаев алгач Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары, андан кийин премьер-министр болуп турганда анын жардамчысы болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG