Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Бишкектин "майлуу" жери кимге сатылган?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин "Ала-Арча" резиденциясынын жанында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна бөлүнгөн жер тилкеси кызуу талкууга түштү.

"Ихлас" курулуш компаниясы ишин баштаган жердин мыйзам чегинде берилгенине күмөн санагандар да, "жерге тиешеси болушу ыктымал" деп аттары аталып жаткан белгилүү адамдар да ушу тапта өз чындыгын далилдөөгө аракет кылып жатышат. Кыргыз өкмөтү болсо парламент трибунасында көтөрүлгөн бул маселени иликтей баштаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү, депутат Таабалды Тиллаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын, абройлуу болуп эсептелген аймактагы курулуш иштери боюнча документтерди чогултуп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Андай жерлер Бишкекте аз эле да. Жер эмне үчүн берилди, эмне болду?.. "Азыр "Ихлас" компаниясына берилди" дейт. Ага берилсе, бюджетке канча акча түштү? Кайсы фирма болсо да менин кызыкчылыгым жок, болгону мыйзамдуулугу жана бюджетке канча акча түштү, эмне курулушу керек эле - ошону аныкташ керек. Негизи ал жерге "Ак үйдөн ПДП (так пландаштыруу планы) жасалган" деп айтып жатышат.

Депутат Тиллаев буга чейин ушул маселени Жогорку Кеңештин трибунасында көтөрүп, Бакиевдин, Акаевдин убагынан бери кармалып турган беш гектар аянт кимге, кандай жолдор аркылуу берилгенин иликтеп чыгууну өкмөткө сунуш кылган.

Интернет айдыңында болсо ага чейин Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан беш гектар жерди “Илмиянов менен Сатыбалдиевдин “Ихлас” фирмасы ээлеп алган" деген кабар тараган.

"Ихлас” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов 12-мартта билдирүү таратып, "гектарлаган жер тилкелери мыйзамсыз алынган жана компаниянын артында таасирдүү адамдар турат" деген маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, Интернет булактарында компанияны "каралоо" иши жүрүп жатат:

Биз так кесе айтабыз, булардын бизге такыр тиешеси жок! Алар менен өнөктөш да эмеспиз!

- Жантөрө Сатыбалдиевди, Икрамжан Илмияновду дайым бизге жармаштырып келишет. Биз так кесе айтабыз, булардын бизге такыр тиешеси жок! Алар менен өнөктөш да эмеспиз! Учурдан пайдаланып ошол кишилерге да кайрылгым келет, силер да үн катып, биздин компанияга тиешеңер жоктугун аныктап койсоңор.

Осмонов сөз болуп жаткан жер беш гектар эмес, 2,868 гектар экенин жана ал мыйзам негизинде алынганын, "каралоо" токтобосо мыйзам чегинде сотко кайрыларын билдирүүдө.

Ал ортодо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, ошол кезде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган Икрамжан Илмиянов анын "Ихлас" курулуш компаниясына тиешеси бар экенин жазган журналистти жана маалымат каражатын сотко берерин "Азаттыкка" билдирди:

Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

- Бир нече сайттар "Илмиянов менен Сатыбалдиевдин "Ихлас" фирмасы беш гектар жерди кантип ээлеп алды?" деген ат коюп алып жазышты. Божомолдоп, "мүмкүн, имиш" деп жазса да мейли, бирок бул жерде туура эмес маалыматты "туура" деп жазып коюптур. Минтип жазгандан кийин анын ичинде далилдерди кошуп жазышы керек эле. Мен муну ушул бойдон калтырбайм, адвокат иштеп жатат.

Илмиянов кайсы бир маалымат каражатынын, журналисттин атын атаган жок. Ал бул аракетим сөз эркиндигин басынтуу катары бааланышы да мүмкүн, бирок ириде өз абийиримдин тазалыгы жогору экенин далилдөөгө тийишмин деп билдирди. Илмиянов ошондой эле "Ихлас" курулуш компаниясына эч кандай тиешеси жоктугун, ишкананын чыныгы ээси ким экенин да билбей тургандыгын айтты.

Курулуш тармагында бизнеси жок экенин мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да билдирип жатат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев сөз болуп жаткан жер тилкеси тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, бул маселени кеңештин жалпы отурумунда талкуулоого убада берди.

Ал эми шаардын Курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Замира Кангелдиеванын айтымында, Бишкек шаарынын планы боюнча ал жер тилкеси көп кабаттуу үйлөр же коомдук курулуш үчүн каралган.

- "Бишкек башкы архитектурага" 2017-жылы түшкөн арыздын негизинде курулушка уруксат берилген. Алар убактылуу колдонуу укугу көрсөтүлгөн жердин күбөлүгүн бериптир. "Бишкек башкы архитектура" тарабынан 14 кабаттуу турак үйлөрдүн комплексин курууга архитектуралык пландаштыруу шарттары берилген.

Бишкек мэриясы бул жер тилкеси качан, канчага сатылганы жана андан бюджетке канча каражат түшкөнү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган жок.

Шаардын "майлуу" жери кандай жол менен коммерциялык колдонууга берилип, канчага сатылганын өкмөт да иликтей баштаганын өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу "Азаттыкка" кабарлады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG