Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

“Байтиктин" жерине сугун арткандар кимдер?


Артыкбай Кулунтаев "Байтик" станциясында 1969-жылдан бери иштейт
Артыкбай Кулунтаев "Байтик" станциясында 1969-жылдан бери иштейт

Чүйдөгү “Байтик” метеостанциясынын башчысы Артыкбай Кулунтаев аталган станцияга таандык жердин эки гектарын берүүгө каршы чыкканы үчүн кодуланып жатканын айтып чыкты.

Ал буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана министрликке караштуу Гидрометерологиялык агенттиктин жетекчилигин айыптап жатат.

Министр Кубатбек Боронов болсо кызматтык иликтөөдө Кулунтаевдин арызында айтылгандардын көбү ырасталбаганын билдирди.

"Күнү-түнү келишет, коркутушат"

Бишкектен 30 чакырымдай алыс, тоо этегинде, Ала-Арча суусун бойлой шиберлүү жерде жайгашкан “Байтик” метеостанциясы 1911-жылы курулган. Бир кылымдан ашкан бул станцияда Артыкбай Кулунтаев 1969-жылдан бери иштейт жана 1995-жылдан ушул күнгө чейин жетектеп жатат. Анын ырасташынча, жерди алууга кызыккандар 2013-жылы пайда болгон жана 2015-жылдан бери ачык аракет башталган.

"Азаттык" "Байтик" станциясынын талашка түшкөн жери боюнча айрым документтердин көчүрмөсүн алды. Ага ылайык, 2015-жылы 30-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районунун акиминин ошол кездеги биринчи орун басары, азыркы аким Касымбек Чодуров өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго кат жазган. Анда ал Байтик айыл аймагынын жетекчиси Эмил Назыркуловдун метеостанцияга 5,5 гектар жер гана таандык деген катынын негизинде кайрылып жатканын белгилеген. Станция турган жердин бир гектар жери жайыт экенин айтып, аны айыл муктаждыгы үчүн кайра кайтарып берүүнү өтүнгөн.

Мындан көп өтпөй, тактап айтканда, 9-апрелде Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору Зарылбек Итибаев Артыкбай Кулунтаевге жер боюнча ишеним кат жазып берген. Анда Кулунтаевге аталган мекеменин атынан жер боюнча документтерди тактаганга ыйгарым укук берилет деп жазылган.

Бирок Кулунтаев Итибаевдин тапшырмасын аткарууга каршы чыкканын, "Байтик" метеостанциясына 5,5 гектар гана жер таандык деп документтерди кайра жаздыртууга жана ага колун коюп, мөөр басууга макул болбой койгонун, ошондон бери кодулоого кабылганын айтууда:

- Мен 2015-жылы губернаторго чейин чыктым. Губернатор Мамлекеттик каттоо кызматынын адистерин алып келип, андагы документтерди менин картам менен салыштырып көрүп, тактап, "Байтик" станциясынын жери 7,5 гектар экен, бул өкмөттүн жери, башка бирөөгө сатканга, бергенге да болбойт деп акыркы жолу ошондо токтоттум. Мага ушундан кийин көп басым жасалды. Гидрометеорология агенттигинин жетекчиси Зарылбек Итибаев мени колдобойт. Башка адамдарды жөнөтүп басым көрсөтүп жатат. Министр Кубатбек Боронов былтыр бизге келгенде бул жерди ижарага берип, "Кыргызгидрометке" акча кылса болот деген. Өкмөттүн жери кандайча, эмнеге ижарага берилет? Ал мыйзам менен корголгон да. Бөлөк кишилер азыр мага дагы деле келип "макул болуп жерди берип эле койбойсузбу" деп жатышат. Мен жерин саткан элин, мамлекетин саткан менен барабар, станциянын жерин сатканга акым да, укугум да жок деп аларга түшүндүрүп айтам. Бирок болбой эле акыркы убакта күнү-түнү келип жатышат. Коркуткандар да бар.

Документтерге ылайык, талаштуу жер боюнча Чүй облустук администрациясы тактоо киргизген. Артыкбай Кулунтаевдин катына 2015-жылы 20-августта губернатордун ошол кездеги биринчи орун басары Туруспек Султаналиев жооп берген. Анда метеостанциянын жери 5,5 жарым гектар эле деген маалымат ката экени айтылган жана Аламүдүн районунун 1999-жылдагы токтомунун негизинде 7,5 гектар жер деп жазылганы белгиленген.

Биз Гидрометеология боюнча агенттиктин башчысы Зарылбек Итибаевдин өзү менен байланышып, жер сатууга кызыкдар деген доомат боюнча пикирин алууга аракет кылдык. Ал чырлуу жер, агенттиктеги дагы башка нааразылыктар боюнча сурай турганыбызды уккандан кийин байланыштын начардыгын айтып, сүйлөшүүдөн баш тартты:

- Жакшы угулбай жатат. Мен иш сапарда, ашууларда жүрөм. Мен шаарга үч күндөн кийин барам. Мен бул жакта дарыяларды карап, текшерип жүрөм. Такыр угулбай жатат.

Министр дооматтарды четке какты

Артыкбай Кулунтаев "Байтик" станциясынын талашка түшкөн жери боюнча президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилерине кайрылып жатат. Анын арызында Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин өзү, каржылык мыйзам бузуу, кадр саясаты боюнча да бир топ доомат, нааразылык айтылган.

"Азаттык" жер боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдон комментарий алды. Ал жер сатуу аракеттерине министр өзү да аралашкан деген дооматты четке какты. Кулунтаевдин арызы боюнча кызматтык иликтөө жүргөнүн, андагы дооматтардын көбү такталбаганын маалымдады. Бирок ушул тушта башка тиешелүү органдар дагы иликтеп жатканын белгиледи. Министр жер берилбейт деп убада кылды:

- Башка, буларга тиешеси жок түзүмдөрдүн офицерлери барып текшерүү жүргүзгөн. Арызда жазылган көп маселелер аныкталган жок. Кызматтык иликтөө жүрсө деле булар арызданып жатышпайбы. Ал арызды алар тиешелүү органдарга да жазып беришкен. Алар тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Эгерде анда кандайдыр бир маселелер аныкталса анда ага жараша биз чара колдонобуз. Биз ошол текшерүүнүн жыйынтыгын күтөлү. Азыр эми бир нерсе деп айтуу туура эмес болуп калат. Ал жер эч кимге берилбейт. Себеби ал жерде Дүйнөлүк банктын долбоору иштеп жатат. Ал жерди буюрса дагы өнүктүрөбүз. Бирөөгө жерди берүү маселеси болушу мүмкүн эмес. Эки гектар жерди булардан жергиликтүү бийлик талашып жаткан.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Байтик айылынын азыркы башчысы Бакыт Жунушбаев ага чейин бул кызматта иштеген Эмил Назыркуловдун жер тууралуу 2015-жылы жазган каттары жөнүндө маалыматы жоктугун билдирди. Бирок ал жаңы ишке келгенде, ушул жылдын февраль айында станцияга таандык жердин кайсы бир бөлүгүн ижарага алып иштетүү тууралуу кайрылгандар болгонун, жер такталып жатканын айтып берди:

- Ал метеостанцияны биз билебиз. Ал Ала-Арча коругунун аймагында жайгашкан. Бирок биздин маалымат боюнча ал жерде жайыт, Жайыт комитетине караштуу жерлер бар. Биз бул боюнча тиешелүү органдардан корутунду алышыбыз керек. Мисалы, жердин сегиз категориясы бар. Менин билишимче ошол суунун жээги жайыт болуп саналат. Айылдын мурунку башчысы айылдын кайсы муктаждыгына деп жазганын мен түшүнгөн жокмун. Мисалы, бирөө келип ошол жерге ден соолукту чыңдоочу борбор кылам десе, биздин жер боюнча комиссияга ал арызды киргизип, ошол жерден карап, эмне жер экенин тактап анан чечимдер кабыл алынат. Мен жаңы ишке киришкенде ушул метеостанциянын жери боюнча мага жарандар кайрылышкан. Ал арызды комиссияга киргизгенбиз. Биз ал боюнча тиешелүү жактарга кат жазып, корутунду алабыз. Комиссия андан кийин карап чыгат.

Башканын колу менен чок кармап...

"Коомдук талдоо институту" коомдук бирикменин жетекчиси Рита Карасартова "Байтик" станциясынын жерине байланыштуу жагдайды жерди жең ичинен сатуунун калыптанып калган ыкмасы катары сыпаттады.

- Бул калыптанып калган эле схема. Бардык эле органдарда ушундай болгон. Ат майдандардын гектарлаган жерлери жеке колго өтүп кеткен учурлар болгон. Азыр станциянын жерин чоңдор өздөрүнө алып койгону жатышат. Кийин бул боюнча прокуратура текшерсе деле ал жерде чоңдордун колу болбойт. Ал жерде ошол станциясынын жетекчисинин гана колу болот. Ошондуктан ал кол койбойм деп өзүнүн укугун коргоп жатканы туура. Анын ордуна башка киши болгондо сага деле мынча сотык жер чыгарып беребиз десе, ошого макул болуп, бейиштей болгон жерден жер алып алайын деп ошого деле барса болот эле. Бирок кийин бир нерсе болсо прокуратура аны эле соттойт. Ал кишинин азыркы позициясы аябай туура.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Ал арада Артыкбай Кулунтаев жер талаш эмне менен бүтөрүн билбей сарсанаа болуп жатат. Анын айтымында, эки гектар жер жеке колго өтүп, там-таш түшө турган болсо метеостанциянын ишине чоң залакасын тийгизет:

- Эгер бул жакын жерлерге үйлөр курулса метеомаалыматтардын баары бузулуп, аба ырайы тууралуу туура эмес маалыматтарды берип калабыз. Аба ырайы тууралуу божомолдор туура эмес айтылып калат.

Былтыр жыл этегинде Башкы прокуратура жер мыйзамдарынын бузулушу системалуу көрүнүшкө айланып баратканын билдирген. 2015-2016-жылдар аралыгында мындай 3,5 миңге жакын факт аныкталган жана 160тай кылмыш иши козголгон. Прокуратура органдарынын кийлигишүүсү менен 390 гектар жер кайра мамлекетке кайтарылганы маалым болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG