Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Ош: жер саткандар мэриянын шайын оодарды


Мыйзамсыз сатылган жер тилкелерге үйлөр салынып, тургундар жашап жатат.
Мыйзамсыз сатылган жер тилкелерге үйлөр салынып, тургундар жашап жатат.

Ош шаардык мэриясы Кубанычбек Нуранов аттуу жаран калаадагы 600 гектар жерге ээлик кылып, жер тилкелерди мыйзамсыз сатып жатканын ачыкка чыгарды. Ага чара көрүү мэриянын колунан келбей жатканын бийликтер да моюнуна алды.

Мамлекет ичиндеги "мамлекет"

Ал эми айыпталып жаткан Нуранов болсо Кара-Суу районунан шаарга кошулган бул жерлер анын чарбасына караштуу экенин ырастайт.

Кеп болуп жаткан 600 гектар жер аянты шаардын чет жакасындагы “Эдельвейс”, “Тюльпан”, “Алай-1”, “Алай-2”, “Озгур” жана “Төлөйкөн” дачаларынан турат.

Бул жерлер 12 жыл мурда президенттин буйругу менен Кара-Суу районунун карамагынан Ош шаарынын балансына өткөрүлүп берилген. Бирок бул аянтты Кубанычбек Нуранов аттуу ишкер өз алдынча эле ээлеп алып, жарандарды алдап, арзан сатып жаткан экен.

Кубанычбек Нуранов жер тилкеге берип жаткан акт.
Кубанычбек Нуранов жер тилкеге берип жаткан акт.

Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Таймураз Исакжанов жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Жер боюнча мамлекеттик актыны Кыргызстанда бир гана Мамлекеттик каттоо кызматы берет. Ал эми Кубанычбек Нуранов өзү саткан жердин баарына өз атынан Кызыл китеп берип жатат. Аны мурда картон кагазга эле жазып берсе, азыр типографиядан түстүү кылып чыгара баштады. Башкача айтканда, бул киши өзүнчө эле “мамлекет ичиндеги мамлекет” болуп калды. Бирок Нурановдун жер сатканы мыйзамсыз, бул кылыгы шылуундук. Анын мекемеси да, “алды-сатты” келишимдери да эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Бирок ал ушул күндөрү да жер тилкелерин сатканды улантууда.

УКМКдагы "коргоочу"

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, 600 гектар жерди шаардын балансына өткөрүп алуу боюнча буга чейин Ош шаардык кеңеши жана Ош шаардык мэриясы бир нече жолу токтом чыгарган. Нуранов ал токтомдорду тоготпой койгондуктан мэрия башка кызматтар менен бирге күч органдарына да кайрылышкан. Бирок ал жактан да ишкерге чара көрүлгөн эмес. Муну алар ишкердин артында турган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош аймактык бөлүмүндө иштеген Нурановдун бир тууганы менен байланыштырышат.

Замирбек Бозов
Замирбек Бозов

Ош шаардык архитектура башкармалыгынын жеке менчик турак жай бөлүмүнүн башчысы Замирбек Бозов буларга токтолду:

- 600 гектардын ичинде мурда Кара-Суу райондук Мамлекеттик каттоо кызматынан акты алып, үй салып, жашап жаткандар да бар. Бирок ал союз учурунда курулган дача үйлөр, же 2004-жылга чейин берилген жер тилкелер. Ал эми Кубанычбек Нуранов алардан сырткары бош жаткан жерди мыйзамсыз түрдө сатып жатат. Ушу күнгө дейре 300дөн ашык жер тилкесин сатып жиберди. Өзү казык кагып, таш коюп, белгилеп, кадимкидей эле соода кылып жатат. Жер тилкелерди кеминде 50 миң сомдон, болбосо 100 миң сомдон сатат. Акчанын баарын өз чөнтөгүнө салып алат. Бул боюнча шаардык мэрия менен чогуу комиссия түзүп, бул кишинин аракети мыйзамсыз экенин айтып көп ирет УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жана прокуратурага кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок.

“Асманда турган жер”

Ал эми жер тилкелерин сатып жаткан ишкер Кубанычбек Нуранов болсо калаа жакасындагы 600 гектар жер аянты анын Багбанчылык чарбасына караштуу экенин, жерлерди сатуу алардын укугу экенин билдирүүдө. Ал ошондой өзү берген жердин мамлекеттик актысын да мыйзамдуу деп эсептейт:

Нуранов Союз учурунда берилген ушул документтерге ишенүүдө.
Нуранов Союз учурунда берилген ушул документтерге ишенүүдө.

- Бул жерлер Кара-Суу районунан Ош шаарына өткөрүлгөнү чын. Бирок аларды Ош шаардык мэриясы толугу менен өткөрүлүп ала элек. Башкача айтканда, бул жерлер азыр Кара-Суу районуна да, Ош шаарына да карабайт. Өзүнчө турат. Бирок өзүнчө турган менен ал жерлердин баарынын ээси бар. Мурдатан, союз учурунда дача катары “Дачалар боюнча башкарма” Багбанчылар шериктештигине берилген жер тилкелер. Аны алып-сатууга бизге мэрия да, Ош шаардык архитектурасы да уруксат берүүнүн зарылчылыгы жок, биз өзүбүз билгендей сата беребиз. Жерди түздөн-түз мен сатып жаткан жокмун, жер ээлери сатып жатат. Мен болгону Багбанчылык чарбасынын жетекчиси катары аларга акт берип, мөөр басып жатам. Андан ары жер ээлери Мамлекеттик каттоо кызматы жердин кызыл китебин алып алышат.

Бирок Ош шаардык мэриясы, архитектура жана башка мамлекеттик органдар Нуранов тарабынан сатылган жер тилкелерге Мамлекеттик каттоо кызматынан Кызыл китептер берилбей турганын белгилешет. Ал тургай мыйзамсыз сатылган ал тилкелерге курулган үйлөр сүрдүрүлүп салынарын да эскертүүдө. Ошондон улам бийлик өкүлдөрү Кубанычбек Нурановго алданып, жер тилкесин сатып албоого үндөөдө.

Мыйзамсыз сатылган тилкелер жана уруксатсыз курулган үйлөр.
Мыйзамсыз сатылган тилкелер жана уруксатсыз курулган үйлөр.

Бул арада жер сатып алгандар же Нурановго бара албай, же жергиликтүү бийликтерге кайрыла албай убара. Алай-1 участкасынан жер алган Марат Абсаматов арманын мындайча айтты:

- Мен жер тилкени Кубанычбек Нурановдун Жапар деген жардамчысынан 55 миң сомго сатып алгам. Алты сотых деп айтышкан эле, бирок беш сотых эле чыгып калды. Азыр ага үй салып, балдарым менен жашап жатам. Ден соолуктун айынан тоолуу Папан айылында жашай албай шаарга көчүп келгем. Арзанына кызыгып сатып алгам да. Эгер документи мындай көйгөйлүү экенин билгенимде бул жерге басып да келбейт элем. Акчаны алдым деп тил кат беришкен, бирок ал нотариустан өтпөгөндүктөн, юридикалык күчкө ээ эмес экен. Эми документин толук бүтүрүп бер десем тиги Жапар да, Кубанычбек да “ана-мына” деп качып жүрөт. Кармай албай жатам.

Бийликтердин айтымында, бул жер тилкелери толугу менен Ош шаарынын балансына өткөрүлгөндөн кийин кезекте турган шаардыктарга бериле баштайт. Шаарда жер алуу үчүн 22 миңдей жаран кезекте турат.

Нуранов жана ал ээлик кылган мүлктөр.
Нуранов жана ал ээлик кылган мүлктөр.

Ишенимдүү булактардын айтымында, ишкер Кубанычбек Нуранов 300 тилкеден кеминде 15 млн. сомдой пайда көргөн. Ошондон улам айрымдар Нуранов жаңыдан курган ресторанды жана мончону да ушул акчага салдырган деп шектенишүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG