Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:31

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында Аламүдүн айыл аймагынын мөөрү жана мурдагы башчысынын жасалма колу менен 34 гектар жерди жеке турак жай курууга саткан көз боёмочулук ашкере болду.

Бирок бул тууралуу жамааттык арызды былтыр декабрда кабыл алган Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы туруу бөлүмү ишти эки ай кармап, жакында аны тергөөнү милицияга тапшырды.

Аламүдүн айыл аймагынын башчысы жерге кезекке тургандардан 30 миң сомдон топтоо фактысын ырастап, бирок ал генпланды оңдоо чыгымдарына кеткенин белгиледи.

Шылуунчулуктун учуру

Чүй облусундагы Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан Садовое айылынын жанындагы айыл чарба багытындагы 34 гектар жерди турак жай курууга бөлүп берүү боюнча былтыр күзүндө токтомдор чыга баштаган. Бул айдоо жери турак жай куруу үчүн берилчү жер аянтынын категориясына өткөрүлбөгөнүнө карабастан, жер тилкелери сегиз жыл илгерки дата менен, тагыраагы 2009-жылкы токтомдор катары белгиленген. Баарынан кызыгы, ал токтомдорго Аламүдүн айыл аймагынын ошол кездеги башчысы, маркум Жээнбековдун жасалма колу коюлган. Бирок документтерге коюлган мөөрлөр 2010-жылдан кийинки айыл аймагынын мөөрүнүн үлгүсүнө окшош болуп чыккан. Мамлекеттик соттук экспертиза коюлган колдун жасалма экенин жана басылган мөөр 2009-жылкы мөөрдүн үлгүсүнө дал келбей турганын аныктаган.

Мөөрдүн үлгүсү мына ошол жылкы эмес, 2015-жылга чейинки айыл аймагынын мөөрү болуп чыкты. Анан дагы дүйнөдөн өтүп кеткен айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын жасалма колу коюлуптур. Мунун бардыгын экспертиза аныктады.
Николай Клименко

Аламүдүн айылдык кеңешинин мурдагы депутаты Николай Клименко кылдаттык менен иштелген көмүскө көз боёмочулуктун бети ачылганын шардана кылды:

- Мурда бул жер Садовое айлына караштуу болчу. Анткени кайсы бир кезде бул айыл Ленин айыл аймагына караштуу болуп, кийин бизге кайтарылган. Бирок эмнегедир аталган жер аянты тигил жактын карамагында кала бериптир. Анан биздин айыл өкмөт арткы мөөнөт менен 2009-жылдагы токтомдордун негизинде бул жер аянтын былтыр күзүндө бөлүштүрө баштаган. Бирок мөөрдүн үлгүсү мына ошол жылкы эмес, 2015-жылга чейинки айыл аймагынын мөөрү болуп чыкты. Анан дагы дүйнөдөн өтүп кеткен айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын жасалма колу коюлуптур. Мунун бардыгын экспертиза аныктады. Бир катар айыл тургундары мына ошондой 2009-жыл менен көрсөтүлгөн токтомдорду 2016-жылы колго алганын ырастап, түшүнүк кат беришти. Анан биздин айыл аймакка тиешеси жок эле башка бир жарандар бул жакка келип, жер тилкелерин кестирип ала баштаганда, аларды видео тасмага тартып алышып, талаадан кууп чыгышкан. Ошондон кийин бул иштин артында көмүскө бир көз боёмочулук бар экени билинип, документтердин жасалма экени ачыкка чыкты.

Шайлоо алдындагы көмүскө жүрүштөр

Баарынан кызыгы, Аламүдүн айыл аймагындагы Садовое конушунун маңдайындагы бул жер аянты административдик жактан Ленин айыл аймагына караштуу болгон. Бирок тургундардын айтымында, былтыр күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында Аламүдүн айыл аймагынын кызматкерлери аталган жер аянты жеке турак жай курууга бөлүнө турганы боюнча бейрасмий маалымат жарыялашкан.

Аламүдүн айылынын нааразы болгон тургундары
Аламүдүн айылынын нааразы болгон тургундары

Аламүдүн айылдык кеңешинин мурдагы депутаты Михаил Коваленко былтыр күзүндө жасалган чаташкан көз боёмочулук быйыл жазда чоң жер чатагынынын чыгышына себеп болушу мүмкүн экенин эскертти:

- Биздин айыл аймагынын жетекчилиги бул ишке былтыр шайлоонун алдында анан андан кийин бул ишке катуу киришти. Башында шайлоого карата элден добуш алуу үчүн жер тилкелерин бөлүп беребиз деп жалган убада берип, шайлоочуларга айтып чыгышкан экен. Бул Мамлекеттик фонддун сугат жери. Бул айдоо аянтына күздүк буудай айдалганына карабастан, анын үстүн тебелеп, 4 сотыхтан бөлүп, чектерди чекесинен сата башташкан. Мындагы 34 гектар жер аянтын 4 сотыхтан бөлгөндө алты жүздөн ашуун чек чыгат. Анан эми ошону жасалма токтомдор менен чекесинен сатып, туйтунуп, пайда табууну көздөгөндөр бул ишти байкатпай жасаганга аракет кылышкан. Муну Ленин айыл аймагы деле билген. Бирок эч кандай арызданган эмес. Биз акимчиликке, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө даттандык. Бирок майнап чыккан жок. Мына ошондуктан бизде бул жерде кандайдыр бир келишип, биригип алып жасалган аракеттер бар го деген шектенүү жаралды. Бул аракеттер улана берсе, жазында бул жерди иштетип келгендер менен аны сатып алгандардын ортосунда кагылыш болуп, бир чоң чуу чыгат. Менимче, чоңдор мына ошону күтүп жатат окшойт.

Үн каткысы келбеген прокуратура

Бул жагдай боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн Чүй облустук прокуратурасына былтыр декабрь айында айыл аймагынын жарандары жамааттык арыз жазган. Бирок мына ошондон бери үн катпай келген прокуратура органдары жакында бул ишти кароону башка укук коргоо органдарына өткөрүп бергени маалым болду.

Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы туруу бөлүмүнүн башчысы Улан Шаршеев бул жагдай туурасында кагаз жүзүндө гана кайрылууну талап кылып, кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты:

- Бул боюнча бир топ арыздар бар. Алардын бири экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка, экинчиси Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн. Экспертизанынын жыйынтыгы келгенден кийин материалдардын аталган укук коргоо органдарына тапшырылганына бир жумадай болуп калды. Прокуратурага келип, кагаз жүзүндө кайрылсаңыз. Ошондон гана биз толук маалымат бере алабыз. Болбосо тиги укук коргоо органдарына кайрылып, ошолордун өзүнөн жооп алсаңыздар болот.

Акыйкатка сыйбаган жооп

Мына ушул жер чатагына байланышкан жагдайга байланыштуу 15-февраль күнү Аламүдүн айыл аймагынын кеңсесине ондогон жарандар келип, андагы жооптуу кызматкерлерден түшүндүрмө талап кылышты. Анткени алар жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча токтомдор арткы мөөнөт менен чыгарылганына жана мурдагы айыл өкмөт башчысынын жасалма колуна байланыштуу иштин жагдайларына кызыгышты.

Бирок жолугушууда айыл аймагынын башчысы Найзабек Көлбаев кызматтык жасалмалуулуктун негизинде жүргөн жер чатагына байланыштуу жагдай туурасында укук коргоо органдарынын иликтөөсүнөн соң гана маалымат бере ала турганын жүйө келтирди:

- Бул маселе жердин өзү (ред: биздин баланста) жок болгондуктан чыгып жатат. Анткени ал генералдык планда болгону менен корректировкага кирбей калган. Бул укуктук жактан кандайча аталарын мен даанасын айта албайм. Бул иш боюнча укук коргоо органдары тиешелүү чечим кабыл алмайынча комментарий да бере албайм. Бул боюнча текшерүү бүтсүн. Ошондон кийин анан мен кызматтык иликтөө тууралуу бир нерсе айтсам болот.

Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Найзабек Көлбаев отурган кеңсеге келген ондогон айыл тургундары сырттан келгендерге жер сатуу чатагына байланыштуу суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты. Бир топ талаш-тартыш, кайым айтышуу менен коштолгон жолугушуу учурунда айрым жарандар айыл аймагынын башчысын, анын орун басарын жана айрым кызматкерлерди жер тилкелерин жең ичинен сатууга айыптап чыгышты.

Аламүдүн: айдоо жерге түшкөн айылдар

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда конуштардын саны 60тан ашты. Бишкек шаарынын бир капталын курчап турган бул райондогу жаңы конуштардын дээрлик көбү мыйзамсыз пайда болгон.

Айыл тургундарынын бири Бурул Асакеева анын колунда жерге кезекке тургандардан ири өлчөмдө акча топтогон жагдайлар боюнча бир топ далилдер бар экенине токтолду:

- Биздин айыл аймагындагы эле, жер тилкесин алууга толук укугу бар жарандардан “жер беребиз” деп 30 миң сомдон топтогон фактылар бар. Мына ошол адамдар болуп, бул жакка чогулуп келип, эмне себептен акча төлөшүбүз керек дегенде ага карата айыл аймагынын башчысынын орун басары жооп берген үн жазуулары бизде сакталуу турат. Мына ошонун бардыгын биз прокуратурага бергенбиз. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Азыр эми топтолгон акчанын каякка кеткенине эч ким жооп бербей жатат. Сиздин Соурбекова деген кызматкериңиз чогулгандарга “мына ошол жерди биз 38 миллион сомго сатып алганбыз, кааласаңар да, каалабасаңар дагы отуз миң сомдон төлөйсүңөр” деп айткан. Мына ошол акчаны кайсы мыйзамдын негизинде жана кандай максатта топтодуңар эле?

Ошол эле кезде Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Найзабек Көлбаев анын дарегине айтылган буга окшогон дооматтарды четке какты. Ал жер тилкелерин алууга кезеккке тургандардан чогултулган акча кандай чыгымдарга жумшалганы боюнча коомчулукка түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирди. Муну менен айыл аймагынын башчысы 34 гектар айдоо жерди мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысын ырастадыбы же башка жер тилкелери боюнча айттыбы, анысы жоопсуз бойдон калды.

Найзабек Көлбаев иш тартиби менен ар бир айылды кыдырган учурда бул тууралуу кеңири баяндама жасап, отчет берүүнү убада кылды:

- Андай сөз болгон эмес. Түшүндүрмө катары айтсам, ал каражат генералдык планды иштеп чыгып, түзүүгө кетчү чыгымдарга төлөнө турган акча болчу. Тагыраагы, генпланды оңдоого. Мен алдын ала түзүлгөн иш тартибим боюнча ар бир айылды кыдырып чыгып, бул тууралуу расмий түрдө кеңири маалымат берем.

Карапайым калктын дооматы

Адистердин айтуусунда, жер мыйзамдары боюнча генералдык планды түзүүгө кеткен чыгымдар жер тилкесине кезекке тургандардан алынбайт. Болгону архитектура жана курулуш бөлүмдөрүнө жер тилкесин тариздештирүү үчүн гана белгиленген өлчөмдө мамлекеттик төлөм алынат. Аламүдүн айыл аймагындагы конуштарда бир топ жылдан бери жашап, ал жактан турак жай курууга мамлекет кепилдеген жер тилкесин ала албай келген үй-бүлөлөр көп. Буга чейин жер тилкесин алууга кезекте тургандардын айрымдарынан акча талап кылган учурлар тууралуу кээ бир жарандар айыл аймагынын имаратындагы жолугушуу учурунда айтып чыгышты.

Айыл аймагынын тургуну Рысгүл Сыдыкова айыл аймагынын башчысына карап, жер тилкелерин жең ичинен саткан учурлар жашыруун деле болбой калганын ырастады:

- Бул айыл өкмөтүндө иштеген Болот аттуу кызматкер үйгө келип, жерди акчага сунуштаган. Мен анын бетине коюп бере алам. Үйүмдө үч чоң уулум бар. Аларга жер тилкесин мыйзамдуу укугуман пайдаланып алайын деген болчумун. Жер тилкем жок болгондуктан, мен аларды ушул кезге чейин бөлүп чыгара элекмин. Силердин бири-бириңер менен болгон байланышты мен абдан жакшы билем. Жыйырма алты жылдан бери бул жакта жашап, бир жер тилкесин алалбай келем. Мага үч миң долларга жер тилкесин сунуштаган. Силердин жер сатып, сунуш кылган башка ортомчуңар дагы толтура. Силер ошолор аркылуу жерди сатып эле жатасыңар. Бул азыр эч кимге деле жашыруун эмес.

Мына ушундай жол менен жасалган көз боёмочулук фактысы боюнча Чүй облустук прокуратурасы иштин материалдарын эки айдан ашуун кармап жатып, экспертизанын корутундусун алып, бирок ошонун негизинде кызматтык жасалмалуулук жана жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга байланыштуу кылмыш ишин ачпаганы түшүнүксүз. Ал жактан муну арыз ээлерине прокуратурадан тергөөнүн алынып салынышына байланыштырышкан. Бирок кызматтык кылмыштар боюнча прокурордук көзөмөлдүн аныктамасы туурасында прокуратура негедир иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен арызданган тарапты кабардар кылган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG