Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Аламүдүн: айдоо жерге түшкөн айылдар


Бишкек четиндеги жаңы конуштардын бири.
Бишкек четиндеги жаңы конуштардын бири.

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда конуштардын саны 60тан ашты. Бишкек шаарынын бир капталын курчап турган бул райондогу жаңы конуштардын дээрлик көбү мыйзамсыз пайда болгон.

Мындан улам жаңы конуштарда суу, жол, электр энергиясы, мектеп жана бала бакча өңдүү проблемалар көп. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үлүшкө берилген айдоо аянттарын үй куруу үчүн тилке кылып бөлүп-бөлүп сатууга тыюу салуу керектигинин айтып жатышат.

“Жазында эле талаа болчу...”

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде күйөөсү экөө тең окутуучу болуп иштеген, төрт балалуу Назгүл Бишкектен тоо этек өйдө жайгашкан Түштүк-Чыгыш көрүстөнүнүн так эле жанындагы жерге эки кабат үй салып жаткан экен. Жазында эле бозоруп бош жаткан талаага ушул тушта жүзгө жакын үй түшүүдө:

- Свети, суусу бар. Азыр эми кышында свет өчпөйт бекен, суу токтоп калбайбы, кандай болот деп чочулап турабыз. Болбосо жакшы эле. Бул жерде транспорт гана кичине проблема болуп жатат. Шаарга 8-автобус гана каттайт. Анын ортосундагы аралык жарым сааттан ашып кетет. Кечки алтыдан кийин каттабай да калат. Балдарыбыз мектепке, өзбүз жумушка кечигип калабыз.

Назгүл там салып жаткан жеринин документтеринин баары жайында экенин айтууда. Расмий аты деле жок, бирок Арча-Бешик-3түн уландысы деп атап алышкан бул конуш болочокто мыйзамдаштырылып, мектеп, бала бакча өңдүү жайлардын курулуп-курулбасы азыр белгисиз:

Бишкек шаарынын кечки көрүнүшү. Адистер шаар бара-бара чоңоюп баратканын айтышууда.
Бишкек шаарынын кечки көрүнүшү. Адистер шаар бара-бара чоңоюп баратканын айтышууда.

- Негизи бала бакча, мектеп дегендер курулат деп угуп жатканбыз. Ушул жердин квартал башчысын деле чынында көрүп, жолуга элекпиз. Анан эми эл минтип там салып отурукташып жаткандан кийин бизге көңүл бурса керек. Өткөндө милициядан аймактык тескөөчүлөр келип, “силер кайсы жакка карайсыңар, ким болосуңар”, деп сурап, бир сыйра каттап кетишти. Эми бул алардын милдети, жумушу да. Алардан башка эч ким деле бизге көңүл бура элек. Бул жер жазында эле талаа болчу. Бирок мобул жолдорго шагыл төгүлүп, электр жарыгы тартылган мамылар орнотулган экен. Мына жаздан бери Кудай буюрса көбөйүп, өзүнчө эле айыл болуп калдык.

Түштүк-Чыгыш көрүстөнүнүн тегерегиндеги жерге үйлөр салына баштаганына жалпысынан үч жыл болду. Аламүдүн районунун акиминин орун басары Касымбек Чодуровдун билдиришинче, бул дыйканчылык максатта пайдаланчу жер болгон.

- Ал жердин аянты 69 гектар. Мурда шаарга карачу. Шаар болсо Чүй облусуна ижарага убактылуу берген. Кайсы бир мекемеде иштегендер үчүн чарбак максатында бөлүнгөн. Жер кодексинде ушундай жобо бар. Ал жер Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жанында болгондуктан санитардык зонага кирет. Кайсы бир жылы катуу сел жүргөндө мүрзөдөгү адамдардын сөөктөрү бери көздөй чыгып да калган экен. Эми ал жерди басып алып туруп там-таш салып жатышпайбы. Ал жер там салганга берилген эмес. Ооба, алардын колунда кызыл китеби бар. Бирок анын ичинде айыл чарба багытындагы жер деп жазылып турат.

Мыйзамдуулукту тактоо маселелери...

Азыр Аламүдүндө конуштардын саны 60тан ашты. Акимдин орун басары Касымбек Чодуров жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу маселелерине токтолду:

- Бул 61 конуштун ичинде беш үйдөн, 500 үйгө чейин бар. Айрымдары мыйзамдаштырылган. Бирок канчасы мыйзамдашканын так айтууга кыйын. Анткени биз азыр айрым конуштарды шаарга которуп жатабыз. Алар шаарга которулары менен мыйзамдуу болуп калышы да мүмкүн. Ушундан улам мынчасы мыйзамдаштырылган, тигинчеси мыйзамдаштырыла элек так айтуу кыйын. Ошол эле маалда шаардан бизге өтүп жаткан конуштар да бар. Мисалы "Манас" аэропортунун жанында Бугу-Эне деген шаардын анклавы калып калган. Ушул сыяктуу конуштарды шаар "силер алгыла, Бишкектин жанындагыларды биз алалы" деп атат.

Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

Эми Аламүдүн тууралуу маалымат бере кетели. Райондо 17 айыл өкмөтү бар жана болжол менен 200 миңге чукул адам жашайт. Жалпысынан 37 мектеп бар болсо, анын теңине жакыны авариялык абалда. Окуучулардын көптүгүнөн бир күндө үч кезмет менен окуткан мектептер да бар. Шаарга жакын жайгашкан айыл-конуштардын айрым окуучулары Бишкекке барып-келип билим алат.

Акимдин орун басары Касымбек Чодуров райондогу жаңы конуштар жер басып алуулардын жана үлүшкө берилген айдоо аянттардын тилке-тилке кылып бөлүп сатуунун негизинде көбөйүп жатканын кеп салды:

- Айыл чарба аянттарын мыйзамсыз басып алып, курулуш жүргүзгөндөр көбөйүп кетти. Айдоо үчүн берилген үлүш жерлерге салынып кетип жатат. Мисалы эки гектар үлүш жердин ээси жерин 4-5 сотыхка бөлдүртүп, схемасын чийдиртип, көчөнү тарттырып ошонун негизинде Мамлекеттик каттоого кайрылып, документин жасатып туруп сатып жатат. Мыйзам жактан буга бөгөт кое турган эрежелер жок. Бирок ошол эле маалда каттоодон өткөнү тууралуу кагазда бул жер айыл чарба багытында колдонулушу керек деп жазылып турат. Бирок ага карабай эле сатып жатат. Сатып алгандар арасында муну билгендер да, билбегендер да бар.

Кубанычбек Мамакеев Аламүдүн районунун прокурору болуп жакында дайындалды. Жакында эле Коррупуцияга каршы координациялык кеңештин эксперттерин жыйнап, мыйзамсыз жер сатууну токтотуу чараларын талкуулады:

- Коргоо кеңешинин чечими боюнча Сокулук району менен Аламүдүн району ушул жер маселеси боюнча кара тизмеге кирген. Биздин райондо бул маселе өтө курч. Жер басып алуунун биринчи толкуну 2005-жылы болгон. 2010-жылы да куду ушул эле көрүнүш кайталанды. Азыр болсо дагы айдоо аянттарын, мамлекетке караштуу жерлерди басып алышы ыктымал, ошого камынып жаткандар да бар.

Прокуратуранын демилгеси менен милиция кызматкерлери, атайын кызматтын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Топ оболу Байтик айыл өкмөтүн текшерип чыкты. Аталган топтун мүчөсү, АКОС коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү бирикмесинин Чүй облусу боюнча жетекчиси Камил Умаров мыйзамсыз жер берүү фактыларынын көптүгүн, буга көп учурда жогорку кызматтагы аткаминерлер аралашарына токтолду:

- Мисалы Байтик айыл өкмөтүндө жекече үйлөрдү салуу үчүн 13 гектар жер бөлүнгөн. Азыр ал жерди каалаган кишиге, каалагандай акча менен сатышты. Мен алар менен беш жылдан бери кармашып жатып, азыр ал жер камакка алынды. Сот ал жерлер мыйзамсыз берилгени тууралуу чечим чыгарды. Бирок азыр айыл өкмөттөрү жерди сатуу боюнча чыгарган чечимдерин кайра жокко чыгарбай жатат. Мындай учурлар көп. Бизде бир участок 20 миң долларга чейин барып жатат.

Аламүдүн районунун акиминин орун басары Касымбек Чодуров үлүшкө берилген жерлерди үй куруу үчүн саткандарды жоопко тартуу керек деп эсептейт. Андан сырткары Жогорку Кеңеш бул маселени карап атайын мыйзам кабыл алуусу зарыл:

- Биринчиден, айдоо үчүн үлүшкө берилген жерлерин бөлүп саткан адамдарды жоопко тартуу керек. Анткени төрт-беш сотых жерлер менчикке сатылып жатат. Калган жерлери көчө болуп калууда. Ал жерлер ошол эле үлүш ээсинин менчигинде калат. Жогорку Кеңеш үлүш жерлерди сотыхка бөлүп-бөлүп сатууга мыйзам менен тыюу салышы зарыл.

Мурунку депутат Бейшенбек Абдырасаков конуш маселесин Социалдык турак-жай программасы аркылуу чечүүнү сунуштап келет. “Азаттыктагы” маегинде өкмөт жетиштүү көңүл бурбаса жер басып алуулар, мыйзамсыз конуштар дагы көбөйө берерин айтты. Ал жактагы социалдык маселелер бара-бара саясатка айланат деп кошумчалады:

- Жаңы конушта 90 пайыз жакыр адамдар жашайт. Экинчиден, 90 пайыз эл жумушсуз. Көп балалуулар көп. 20 жаштан 50 жашка чейинкилер байырлайт. Элдин тукум улай турган катмары ушул жерде. Франциядагы ушундай кырдаал боюнча даректүү тасма бар. Париж аябай өсүп-өнүгө берген, анын айланасындагы конуштар каралбай калып калган. 20 жылдан кийин ал жакта эл аябай көбөйүп, проблемалар чыккан. Ошол жердеги жаштар арасында жумушсуздук, жакырчылык, аракечтик, баңгилик, кылмыштуулук көп болуп, свет, мектеп дегендей маселелер чыккан. Мына биздин конуштарга да 23 жыл болуп калды. Биздики да ошого баратат. Милициянын маалыматын карай турган болсок, катталган кылмыштардын көбү ушул конуштарда жасалган. Оорулар да көп. Эгер өкмөт конуштарга бала бакча, мектеп салбай койсо, ал жакта Рыспек, Камчы өңдүү криминалдар өсүп чыгат. Муну бийлик эске алышы керек.

Конуш маселеси Бишкектин дагы бир капталында турган Сокулук районунда да бар. Бишкек менен анын айланасындагы конуштардын дээрлик баары калайман жер басып алуулардын эсебинен пайда болгон.

XS
SM
MD
LG