Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Алмаз Тажибай: Жерлер ойлонулбастан таратылган


Жаңы конуштардын жолдору да, үйлөрү да бирдей.
Жаңы конуштардын жолдору да, үйлөрү да бирдей.

Жашоо шарттын жоктугуна нааразылыгын билдирип, 8-9-август күндөрү Бишкек – Торугарт жолун тоскон Ак-Жар жаңы конушунун тургундары конушту Чүй облусунун карамагынан чыгарып, Бишкекке каратууга жетишти.

Ушундай эле шарты бар жаңы конуштар дагы ондоп саналат. Жаңы конуш көйгөйлөрү тууралуу пикири менен "Перемена" инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси Алмаз Тажибай бөлүштү.

- Сиздердин уюм жаңы конуштардагы абалга мониторинг жүргүзүп жүрөт. Суу, электр энергиясы, жол транспорт маселелери бир гана Ак-Жар жаңы конушунда болбосо керек?

- Бишкекти тегерете 47 жаңы конуш жайгашкан, ошонун баарында эле социалдык инфраструктуралар түзүлгөн эмес. Ошондой эле суусу, электр энергиясы жана башка шарттар жок.

- Мындай жагдайда кимди күнөөлөөгө болот? Жерди басып алгандарга мыйзамдаштырбай жаткан чиновниктердиби же бирөөнүн жерин айла жоктон басып алган элдиби?

- Элде да салмактуу күнөө бар. Бирок ушундай чар-жайыттык үчүн бийликтин күнөөсү чоң. Анткени шаар четиндеги жаңы конуштардын көпчүлүгүн 2005-жылы тополоң болуп, мурдагы президентти кууганы үчүн элге социалдык жактан актаныш үчүн, конуштарды ойлонбой эле четинен кертип берип жиберишкен. Ал жерлер кайсы бир ишканага, кимдир бирөөгө тиешелүү, менчиги экени эсепке алынган эмес.

Газ кууру, жылуулук түтүктөрү өткөн жерлерге жалаң там салынып кетти. Ошонун баарына жер берилген учурда бийлик менен баарлашып иштешкен, шылуун ишмерлер абалдан пайдаланып, жерлерди алып, ошол эле конуштарга сотигин 500 доллардан таратып, андан да кымбатка сатып жиберишкен.

Ошол жерлерди алып жатканда жашоочулар "бул жерди алсам, ал мыйзамсыз болсо, келечегим кандай болот, балдарымдын келечеги кантет" деп ойлонушу керек эле. Бул жерде биринчи орунда бийликтин күнөөсү бар, жоопкерчилиги жок.

- Жопкерчилик бийлик менен катар эле жер басып алган элде да бар го? Анткени башка бирөөнүн үлүш жери, дыйканчылык кылган менчиги демек тургай, стратегиялык маанидеги объекттердин жерлери басылып алынган. Мисалы, Бишкектеги ишке кире элек №2 ТЭЦке тиешелүү жерди жергиликтүү бийлик мыйзамдаштырып берип койду. Качандыр бир ТЭЦ ишке кирсе абал ошондо курчубайбы?

- Ооба, ал жер 2-ТЭЦтин үлүшү. Ошол жерлерди да элге берип койгон. Мына, кайра эле бийликке такалып атат. Анда отургандар "эч нерсе болбойт, сот биздин колубузда, биз билебиз" деп өз билгенин кылышат. Эгер минтип отурсак, келечекте бул жагы Токмок, бул жагы Кара-Балтага чейин чоң жолдордо да ушундай конуштар орун алып, ошонун баары Бишкек шаарына кирип калат.

Ак-Жар жаңы конушуна мамлекеттик стандарт менен турак-жай тургузууга болбойт, анткени ал жердин кыртышы сейсмикалык талаптарга жооп бербейт. Эгер жер титирөөлөр болуп, кыйрап калса, ким жооп берет?

- Акжарлыктар жол тосуп, өкмөткө талап койгон соң, конушту Бишкек шаарына каратуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок ушундай эле инфраструктурасы жок конуштар Бишкекти айланта курчаган Аламүдүн, Сокулук райондорунун карамагында да бар. Кийинчерээк так бүгүнкүдөй талап менен алар нааразылык акциясына чыкпайт деген кепилдик барбы?

- Кепилдик жок, ар кандай чатактуу кырдаал болушуна кооптонуу бар. Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын дээрлик баары Сокулук жана Аламүдүн районундагы фермерлердин жерине түшүп атпайбы. Ошонун баары Бишкекке өтүп кетти. Бул өз кезегинде адамдардын бийликти, бири-бирин жек көрүүсүнө алып келет.

Бийлик өз учурунда үлүшүн жер басып алуучуларга тарттырып жиберген дыйкандарга компенсация беребиз деп убада кылып, аны да беришкен жок. Мунун баары качандыр бир кайра ызы-чууга алып келиши толук ыктымал.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG