Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 07:13

Өгөйлөнгөн конуштар


Конуштар кагазда борбор калаанын бөлүгү деп эсептелсе да, анын тургундары шаардын мүчөсү катары сезбей, орой мамилеге дуушар болуп, бир топ укуктары бузулуп жатканын айтууда.

Келечек конушу Бишкекти айланта курчаган ондогон конуштардан бир аз эле айырмаланат: бул көчөгө качан асфальт төшөлөөрү белгисиз. Бишкектен 20 мүнөттүк жолдо алыс жайгашып, борбордун бөлүгү деген эле аты болбосо, алыстагы айылдай эле көрүнөт.

Ишемби күн болгонуна карабай сыртта ойноп-чуркап жүргөн бала көрүнбөйт жана үйлөрдүн короолору да жымжырт. Мени менен бараткан тургундар “чоңу да, кичинеси да базарда” деп жооп беришти. "Дордой" базарына ирегелеш болгондуктан келечектиктер ошол базарда эмгектенет. Же “Дордой” базары болгондон улам бул конуш пайда болгон деп айтсак туура го.

Жаркынай Султанованын көйгөйлөрү конуш тургундарынын жалпы акыбалын сүрөттөп берчүдөй: алыстан келген, баланча-түкүнчө документтин түйшүгү, каттоосу жоктон улам балдарды мектепке орноштуруу бир азап, бала бакча жок, оорукана тууралуу айтпай эле коёлу.

- Паспорт же менде жок, же күйөөмдө жок. Эки балам окуй турган болуп калды эле, метрика үчүн ЗАГСка барсак “биз бере албайбыз” деп койду. Ал үчүн паспорт керек. Паспорт алалы десек эч кандай шарт жок. Паспорт столдорунда 600-700 доллар сурайт. Мектепке эки баламды “Балдарды коргоо борбору” аркылуу эптеп киргизип алдым. Алардан деле тыным жок, ай сайын "күбөлүгүңдү алып кел, бол, балаңды чыгарам" деп чалышат. ФАПка барып көрүнө албайбыз, документ сурайт. Мыйзам аркылуу документтериңди оңдойун десең шарт жок. Ал үчүн айылга барыш керек экен. Айылга акча жок. Мен азыр түңүлүп калдым, алгым деле келбей калды. Кайсы жерге барсаң акча сурайт. Ак үйдө отургандар бизге окшогондорго бир аз жардам берсе жакшы болмок да, паспорт алуу маселесин жеңилдетип дегендей. Мисалы, мен отузга чыктым, бир да жолу шайлоого бара элекмин. Эми элге окшоп мен деле ошол жерге баргым келет да.

Ай сайын эки миң сом төлөп, алты киши жашаган 15 чарчы метрдин ичинде Жаркынай келечекте балдары саламаттуу жана жогорку билимдүү болуп, улуу кызы доктур болсо экен деген максаты менен бөлүштү.

Конушка отурук алгандар жөн жерден Келечек деген ат бербесе керек. Бул жерде ар бир үй-бүлө келечек менен жашайт, бирок он жыл жашагандар да, үч-төрт жыл мурун келгендерге алар күткөн келечек келчүдөй эмес.

Жаркынай Султанованыкы түшүнүктүү болду. Ал эми башка тургундардын колунда документтердин баары болсо да, үйдү ижарага алып каттоо жок болгондуктан, ошондой эле маселелерге чалдыгып жатышат. Мындай жашоодон тажаган Келечек конушунун тургундары сегиз жыл мурун чогулуп, демилге топ түзгөн экен.

"Биз ошентип кыйналып, балдарыбызды мектепке араң киргизгенден кийин өзүбүз демилге көтөрүп, уюшуп алдык. Бизден кийин келген ата-энелерге жардам берели, консультация болсо да жардам болот деп уюшуп алдык, сегиз жыл болду. Ошондон бери канча ата-энеге жардам бердик, канча деген окуучуларды мектепке орноштурдук", - дейт топтун мүчөсү Айнура Рыскулова.

Демилге топтун акыркы жетишкендиги – бул шаар бийлигинин Келечекке коңшу Дордой конушунда мектеп куруу боюнча кабыл алган чечими. Укук коргоочулар шаарды курчаган конуштар кагаз жүзүндө Бишкек деп саналса да, аларга карата одоно мамиле болуп жатканын белгилешет.

“Доор эли” коомдук бирикменин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева мамлекет географияны эмес, Конституцияны карманып билимге, ден соолукка жана башка социалдык укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерин аткарыш керек дейт.

- Бул нерсенин баарын жергиликтүү кеңештердин депутаттары чечүүгө жардам бериш керек эле да. Биз бардык маселелер боюнча Жогорку Кеңешке кайрылганы көнүп калдык. Бул туура эмес. Биз канча жолу ошол конуштарга бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаттарын чакырып, жолугушуу уюштурууга аракеттендик, бирөө да кызыгып койгон жок. Жакында жаңы депутаттар шайланды, эми алардан жардам болот деген оюбуз бар.

Ал эми “Балдардын укугун коргоо” борборунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов конуштарда маселелердин эң негизгиси каттоо болуп жатат деп кошумчалай кетти.

- Документтердин тизмегин калыбына келтирүүгө паспорттогу каттоо маселеси болуп жатпайбы. Кайсы жерде турсаң ошол жерге катталышың керек. Анан буга байланыштуу алар мамлекеттик кызматтарды толук пайдалана алышпайт: үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна бара албайт, балдар медициналык кызматтарды пайдалана албайт. Ушуга байланыштуу 18ге чыгайын деп калган балдарыбыз паспорт ала албай жатышат. Көп маселе ошол каттоодон чыгууда.

Акыркы маалыматка караганда, 43 конушта 200 миңден ашык адам жашайт. Ал эми жакында өткөн шайлоодо бробор калааны кошкондо бардыгы болуп350 миңдей тургун тизмеге киргизилген.


Жеңиште ууланган суу ичишет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00
XS
SM
MD
LG