Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Ипотека: бир миллиард сомдун “жоголушу”


Бишкектеги курулуштар.
Бишкектеги курулуштар.

Былтыр мамлекеттик ипотекалык компаниянын бюджетин каржылоого бөлүнгөн бир миллиард сомдон ашуун акча максатсыз колдонулуп кеткени белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети муну одоно каржылык мыйзам бузуу катары карап, бул үчүн тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуштады.

Ошол эле кезде Эсептөө палатасына бул акчанын каякка жумшалып кетишинин дайынын табуу маселеси тапшырылды.

Кыскарып кеткен каражат

Былтыр өкмөттүн 2016-жылы 11-мартта “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” бюджетин каржылоо үчүн 3,7 миллиард сомдук казыналык баалуу кагаздарды чыгаруу тууралуу буйругу жарыяланган. Мына ошол буйрукту аткаруу максатында 2016-жылы 20-июлда жалпы наркы 49 400 миллион долларга барабар мамлекеттик казыналык баалуу кагаздар сатылган. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтындагы торчосунда тиешелүү маалыматтар камтылган. Мына ушуга байланыштуу мамлекеттик ички карыздын көлөмү 4 миллиард сомго өскөнү каржы министрлигинин сайтында да көрсөтүлгөн.

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бакыт Шамкеев баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча ссудалык бюджетке толук которулуп берилбегенин төмөндөгүчө ырастады:

- Былтыр өкмөттүн буйругу менен бекитилген. Ошонун ичинен азыркы күнгө карата бир эле миллиард сомду Каржы министрлигинен бюджеттик ссуда катары алдык. Калганы ал жактан быйыл берилет. Негизинен биз Каржы министрлиги менен 2,5 миллиард сомго эле бюджеттик ссудага келишим түзгөнбүз. Бизге бөлүнө турган жана бекитилген каражаттын өлчөмү мына ошол 2,5 миллиард сомго гана каралган. Анан башкасын билбейм. Аны Каржы министрлигинен тактагыла.

Каржы министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтар боюнча, өкмөт башчысы 2016-жылы 26-августта мамлекеттик ипотекага жумшалчу 3,7 миллиард сомду 2,5 миллиард сомго кыскартып, 2016-жылдын 11-мартындагы мурдагы буйругуна өзгөртүү киргизген.

Ошол эле кезде баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү акчадан кыскартылып, алынган бир миллиард 200 миллион сомдун кийин каякка жана кандай чыгымдар үчүн жумшалганы расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле Жогорку Кеңеш бекитип берген ссудалык бюджетке кайсы мыйзамдын негизинде оңдоолор киргизилгени дагы белгисиз бойдон калды.

Бишкектеги курулуштар.
Бишкектеги курулуштар.

Көз карандысыз юрист Нурлан Наматов бюджет укугун бузуу - кылмыш жоопкерчилигине барабар экенин белгиледи:

- Бул нерсе чындыгында өтө чоң чатактын башаты. Анткени акчаны алып, аны каалаган жагына сала бергидей премьер-министрлик кызмат бул жерде бирөөнүн жеке менчик дүкөнү эмес да. Бул жерде эмне себептен бизде мындай иштер парламенттин макулдугусуз болуп жатат деген суроо турат. Каржылык мыйзамдарда бюджетти аткарууда келип чыккан кесепеттер катары эмне кылбоо керектиги тууралуу так жазылган. Бул жерде өкмөт мамлекеттик ипотеканы каржылоого кете турган каражатты такыр башка бир чыгымдарды жабууга багыттап салганы аныкталып жатпайбы. Бул иш премьер-министрдин буйругу менен парламенттин макулдугусуз жана андан жашыруун жасалып жатпайбы. Бул мыйзамдарды түздөн-түз одоно түрдө бузуу болуп саналат.

Парламент өкмөттү "коколойбу?"

Ошол эле кезде былтыр парламент “Жеткиликтүү турак жай” программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ипотеканы ишке киргизип, казыналык баалуу кагаздарды чыгаруудан түшкөн 3,7 миллиард сомду толугу менен бюджеттик ссуда катары мамлекеттик ипотекалык компанияга бөлүп берүүнү караган болчу. Бирок Каржы министрлиги мамлекеттик ипотекалык компаниянын ссудалык бюджетине бекитилген 3,7 миллиард сомдун 1 миллиард 200 миллион сомун өз алдынча башка муктаждыктарга киргизип жибергени жакында ачыкка чыгып калды.

Премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте.
Премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте.

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зияддин Жамалдинов азыр мына ошол каражаттын максатсыз чыгымдалганын иликтөө жагы Эсептөө палатасына тапшырылганын белгиледи:

- Биз бюджеттин аткарылышы боюнча маселени карап жаткан учурда ошол маалымат чыгып калып, аны иликтөө боюнча маселени карап чыгууну Эсептөө палатасына тапшырдык. “Мына ошол каражат каякка жумшалганын текшергиле” деп айттык. Ошол мамлекеттик баалуу кагаздарды сатышкан. Андан түшкөн акчаны биз мамлекеттик ипотекалык компанияга которуп берүү чечимин кабыл алган болчубуз. Бирок азыр бекитилген ссудалык бюджетте ал акчанын 1 миллиард 200 миллион сому кыскарып кетип, каякка багытталганы дайынсыз болуп жатпайбы. Каржы министри бизге ал каражат боюнча ынанымдуу түшүндүрмө бере алган жок. Азыр биз Эсептөө палатасынын иликтөө жыйынтыгын гана күтөбүз. Биз ошол жыйынтык чыкканга чейин башка бир чара көрө албайбыз.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети мамлекеттик ипотекалык компаниянын ссудалык бюджетине баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча эмне себептен толугу менен которулбай калганын өз алдынча иликтөөгө алууну максат кылууда. Анткени өкмөт ошол 3,7 миллиард сомду кийин кайра өз алдынча эле 2,5 миллиард сом деп кыскартууда кайсы мыйзамды жетекчиликке алганы белгисиз. Бул багытта маселени өз алдынча иликтөө боюнча жумушчу топ түзүү жагы сунушталды.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев бул иш боюнча Каржы жана Экономика министрликтеринин жоопкерчилигин кароо жагы өкмөткө тапшырылганын айтты:

- Алар бул каражатты башка муктаждыктарга жумшоо зарылдыгы болгон учурда дагы биз менен макулдашы керек эле. Каржы министрлиги бюджетти бекитүү учурунда мына ошол чегерилген каражаттын кыскартылган бөлүгү “былтыр жайында Көчмөндөр оюндарын уюштуруу чыгымдарын каржылоого кирип кетти” деп жатат. Бул жерде бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзам бузулду. Эми алар азыр жагдайды оңдой албайт. Биз комитеттин атынан бул ишке катышы бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап чыгуу боюнча өкмөт башчысына атайын кат жолдодук. Конституция боюнча премьер-министр бул маселени карап чыгып тиешелүү чечим кабыл алышы кажет. Эгерде ал дагы карабай турган болсо, анда биз бул маселени палатага алып чыгып, бюджеттин аткарылышындагы мыйзам бузуулар боюнча өкмөттүн өзүнө суроо койобуз. Мында бюджеттик план аткарылбай анан көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кеткен чыгымдардан улам муну аягына чейин каржылай албай калдык деген түшүндүрмө беришүүдө. Бул жерде Каржы министрлиги менен Экономика министрлиги бюджеттик болжолду туура эмес аныктап, планды дагы туура эмес коюшкан.

Өкмөттүн кабарсыздыгы

“Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамга ылайык, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү өкмөт тарабынан иштелип чыгып, аны парламент бир катар оңдоп-түздөөлөр менен бекитет. Мына ошого байланыштуу мамлекеттик казына каражатынын тагдыры чечилет.

Бишкекте курулуп жаткан үйлөр.
Бишкекте курулуп жаткан үйлөр.

Өкмөттүн былтыр 11-марттагы мамлекеттик ипотекалык компаниянын ссудалык бюджетин толтуруу үчүн казыналык баалуу кагаздарды сатуу боюнча №95 буйругу укуктук ченемдердин электрондук тутуму болгон “Токтомдун” базасынан өчүрүлгөн. Ошондой эле буга өзгөртүү киргизген 2016-жылдын 26-августундагы өкмөттүн буйругу дагы Юстиция министрлигинин укуктук ченемдеринин базасынан өчүрүлгөн.

Өкмөт аппаратынын каржы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы Азиз Аалыев буга окшогон суроолорго жооп бере албай турганын айтып, суроону башка жакка багыттады:

- Бул маселени сиздер Каржы министрлигинен тактасаңыздар. Бул суроо боюнча ал жактан Жогорку Кеңешке атайын жооп даярдап бериши керек. Азыр эми бул жерде каржылык мыйза бузуу болдубу же болгон жокпу деп так кесе айтуу кыйын. Бул жерде бюджеттин аткарылышы боюнча жылдык отчет жарыялангандан кийин белгилүү болот. Бул боюнча менде так маалымат жок эле. Бирок мен бул маселеде кандайдыр бир мыйзам бузуу болду деп эсептебейм. Ошондуктан бул жерде бардыгы мыйзам чегинде болгон деп терең ишенем.

Каржы министрлигинин жообу

Мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды учурунда Өнүктүрүү фонду сатып алганы белгиленди. Парламентте мына ошол баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражатты мурда каралгандай максаттуу чыгымдоонун ордуна өкмөт аны бюджеттин бүтпөгөн “тешигин” жабууга багыттап, таңкыстыкты жабууга чыгымдап жибериши мүмкүн” деген шектенүүлөр бар. Анткени парламентте бюджеттин планы аткарылбай жатканы сынга алынган эле. Себеби өткөн 2016-жылдагы республикалык бюджеттин таңкыстыгы 20,9 миллиард сомго барабар болгон.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков мамлекеттик ипотекага каралган каражат максатсыз чыгымдалган деген дооматты төмөндөгүчө четке какты:

- “Бир миллиард сом жок болуп кетти” деп ким айтты? Биз мамлекеттик ипотекалык компанияга каралган акчаны атайын бекитилген иш тартиби боюнча берип жатабыз. Өкмөттүн токтому менен мына ошол акчанын өлчөмү 3,7 миллиард деп бекитилген болчу. Бирок баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча иш жүзүндө 3,3 миллиард сом болгон. Анан биз берилген жолдомолордун негизинде мамлекеттик ипотекалык компанияга каражатын бөлүп-бөлүп эле берип келе жатабыз. Биз жыл башында эле каралган акчанын бардыгын берип салбайбыз да. Анан эми тиешелүү тараптар келип, текшеришсин. Бул боюнча тиешелүү талап кылынган документтер турат. Бул боюнча тиешелүү маалыматтарды берүүгө дайым даярбыз.

Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитети мамлекеттик ипотекага бөлүнгөн казыналык баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акчанын мыйзамсыз чыгымдалышы боюнча тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого өкмөткө 10-февралга чейин убакыт берди. Анда өкмөт башчысы жамааттык жыйында өзүнүн аппаратындагы жана тиешелүү министрликтердеги кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо маселеси парламенттик комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG