Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Партиялар убада кылган "жыргал жашоо"


"Ата-Журт" партиясынын Жалал-Абад шаарында илинген баннери. 2016-жыл
"Ата-Журт" партиясынын Жалал-Абад шаарында илинген баннери. 2016-жыл

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышып жаткан партиялардын негизги убада-ураандары белгилүү болуп калды.

Бул жолу деле транспорт, жол, суу, медицина жана билим берүүгө байланыштуу социалдык маселелер чечилет деген убадалар басымдуу. Шайлоо жараяндарынын байкоо салган талдоочулар болсо, айтылгандардын көбү куру убадалар экенин, айрымдарын аткаруу дээрлик мүмкүн эместигин эскертет.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар арасында коомдук унаада жүрүү бекер болот, ар бир төрөлгөн балага 50 миң сомдон берилет деп убада кылып жибергендер болду.

Тез жардам кызматын реформалоо тууралуу сөздөр айрыкча ушул тармакты билген адистердин жаалын да келтирди. Жөө жүргөндөргө ыңгайлуу шарт түзүү, шаардагы тыгындарды азайтуу максатында көп кабаттуу унаа токтой турган жай куруу, кыргыз тилин үйрөтө турган бекер курстарды ачуу, билим алуу, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу өңдүү убадалар да бар.

Динди бетке кармаган “Улуу Кыргызстан”

Динди бетке кармаган “Улуу Кыргызстан”

Кыргызстанда динге негизделген саясий партия түзүүгө мыйзам жол бербейт. Ошол эле кезде президент баш болгон мамлекеттик жетекчилер, аттуу-баштуу саясатчылар динге көз карашы түз экенин, жума же айт намаздарга барышарын жашырышпайт.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева партиялардын программаларын, анда айтылган убадаларды талдап чыкты. Ал шайлоого бараткан партияларды куру убара менен алек болуп жатат деп сындады:

- Бардык партиялардын конкреттүү социалдык программалары жок. Мисалы, шаарга биринчиден жарандарын коопсуздугу керек. Татыктуу айлык акы, муктаждарга социалдык жардам берүү. Мына ушулардын баары каралган жок. Конкреттүү сунуштар жок. Мисалы, унаа токтоочу жай куруп беребиз деп жатышат. Аны куруу үчүн жер керек, ал жайды эл колдонобу деген маселе бар. Унаа токтотуучу жай системасы жалпы шаардык коопсуздук системасына кирип, ошонун алкагында чечилиши керек.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова убадалардын аткарылышына көзөмөл жоктугун, мындан улам саясий жоопкерчилик унутта калып жатканын белгиледи:

- Мисалы, бир партия бюджетти кеңейтебиз деп жатат. Бул убаданы аткаруу кыйын. Убадалардын көбү эле биздин шайлоочуларды азгыруу-алдоо амалы болуп жатат. Программаларды карасаңар, тигинтебиз, минтебиз деп убадаларды оңду-солду эле берип жатышат. Мисалы, азыр шаарда коомдук транспортто бекер жүрө алган үч эле категориядагы адамдар бар. Мурда ушундай 13 категория бар болчу. Убада берип жаткандар муниципалдык унааларды акысыз кылабыз, же жеке менчик коомдук транспортторду дагы кошобу, белгисиз. Жеке менчик коомдук унааларды бекер кылууну элестетүү да мүмкүн эмес. Муниципалдык унаалар болсо өздөрү дотацияда отурат. Эгер бекер кылабыз деп убада беришсе анда партиялар акчаны өз чөнтөгүнөн чыгаруу керек болуп калат. Мисалы, азыр “Өнүгүү-Прогресс” партиясы “Бишкектеги жөө жүрүү зоналары мезгил талабы” деп айтып жатат. Бул убадабы же жөн эле айтылган сөзбү? Же болбосо "Көз карандысыз өлкө, эркин элдин мамлекети" деп чыкты. Бул эмне дегени? Убада деген да ушундай болобу? Айтор ушундай таңкалычтуу убадалар болуп жатат.

Жеке менчик коомдук унааларды бекер кылууну элестетүү да мүмкүн эмес. Муниципалдык унаалар болсо өздөрү дотацияда отурат. Эгер бекер кылабыз деп убада беришсе анда партиялар акчаны өз чөнтөгүнөн чыгаруу керек болуп калат.
Айнура Усупбекова

“Политмер kg” долбоору 2011-жылдан бери шайлоо процесстерине, анда айтылган убадаларга жана аткарылышына байкоо жүргүзүп келет. Долбоордун жетекчиси Наргиза Нанакеева бул шайлоо убадалары мурдагыдан айырмаланбаганынан кеп салды:

- Жалпысынан алганда баягы эле популисттик убадалар болуп жатат. Мисалы, "Кыргызстан" партиясында жалпысынан убадалар көп айтылат. Мисалы стабилдүүлүк орнойт, жаңыланууга жол деген убадалар бар. Мындай маанидеги убадалар негизи бардык эле партияларга тиешелүү. Болгону ким көбүрөөк, ким азыраак айтып жатат деп байкап жатабыз. “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата-Журт” партияларында шаарды жарыктандыруу, унаа токтой турган жайларды салуу, ипотека берүү өңдүү конкреттүү жана реалдуу убадалар бар. Бирок бардык эле партияларда жашооңорду жеңилдетибиз деген өңдүү жел убадалар орун алган. Бул жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгондуктан ар бир региондун өзүнүн талап-суроосуна жараша убадалар берилип жатат.

Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Союзбек Салиевдин айтымында, программалардын аткарылышы шаар бюджетинен түздөн түз көз каранды:

- Программаларда айтылган убадалардын аткарылышы Каржы министрлиги шаарга түшкөн салыктын канча пайызын шаардын өзүнө калтыра турганына түздөн түз көз каранды. Эгер шаарда чогулган салыктын баарын шаардын өзүндө калтырса, бир топ маселе чечилмек. Бирок бизде мамлекетти караган, дотацияда отурган региондор көп. Андан башка да өкмөттүн чыгымдары бар. Шаардан чогулган салыктын баары ошол жакка кетет. Ошол эле учурда жол жана башка инфраструктура үчүн деп эл аралык донорлордон дагы акча келип калат. Эгер утуп келген партия кеңеште басымдуулук кылса, Каржы министрлиги менен тил табыша билсе программаларын ишке ашырса болот.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун үгүт өнөктүгү, добуш берүүгө бир күн калганда аяктайт. Кыргызстан боюнча 20дан ашык шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Андагы 600гө жакын орун үчүн 35 партиядан 700дөн ашык талапкер ат салышып жатат.

Добушту соодалашкандар жазаланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG