Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Жер талаштын түйүнү чечилбеди


Айдоого түшкөн конуш. Бишкек
Айдоого түшкөн конуш. Бишкек

Кыргызстанда миңдеген үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүп келе жатышат. Бул мыйзам кабыл алынмайын алардын жашаган турак жайлары мыйзамсыз жер тилкелерине курулган болуп эсептелет. Өкмөт бул маселе каралат деп убада кылганы менен азырынча эч кандай чечимге келе элек.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул маселе талкууланды. Программага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков жана Мамлекеттик каттоо кызматынын Жер каттоо департаментинин башчысы Нарынбек Исабеков катышты.

“Азаттык”: Бул күндөрү жер маселесине байланыштуу Сокулуктун Ново-Павловка айылындагы курулушу бүтө элек 29 үйдү белгисиз адамдар түн жамынып бузуп кетишкен. Бул окуядан улам азыр жер талашкан жарандар араздашууда. Ново-Павловка айылын жергиликтүү эл бейрасмий түрдө Ак-Ордо-3, Акыл-Ордо деп атап жүрөт. Нарынбек мырза, жөнөкөй жарандар арасындагы жер талаштын төркүнү сиздерге маалымбы?

Нарынбек Исаков: Ново-Павловкадагы чыр-чатак 2008-2009-жылдан бери келе жатат. 2009-жылы жерди, сугат жерлерин трансформация кылууга мораторий киргизилген, ошону менен мыйзамдык жолу токтогон. Ошого байланыштуу жанагы жер ээлери пайда издеп, участкаларга бөлүп сата баштаган. Ортодон шылуундар пайда болуп, ишеним кат менен бир тилке эки-үч жолу сатылып кеткен учурлар бар. Анын баары расмий түрдө каттоодон өтүп, келишим түзүлгөн эмес, тил кат же ишеним каттар менен эле берилип жатат да. Өткөндө Жогорку Кеңештин бир жыйынында Башкы прокуратурадан 230дай кылмыш иши козголгон деген маалымат берилди.

“Азаттык”: Эсенгул мырза, бул окуяны төркүнүн териштире келгенде жер басып алуу, алдамчылык менен жер тилкелерин сатуу, айдоо жерин билип-билбей сатып алып, курган үйү мыйзамсыз болуп калган жарандардын нааразылыгы өңдүү көрүнүштөр калкып чыкты. Эгер ал жарандардын турак жайларын мыйзамдаштырып койсо, анда ортодо жерди каршы-терши сатып, пайдасын көргөндөрдүн жоопкерчилигине көз жумуу керекпи?

Эсенгул Исаков: Албетте болуп калат. Мындай көрүнүш 2005-жылдан тарта байма-бай болуп келген. Айыл чарба жерлерин басып алгандан баштап, аларга каршы иш-чара жүрбөй калган. Жер басып алгандарды, айыл чарба жерине мыйзамсыз үй куруп алгандарды токтотуу керек эле. Ошондо бийлик көз жуумп койгон. Маселе бүгүнкү күнгө чейин чубалып келип, миңдеген турак-жайлар курулуп калды. Ал кандай курулду, жаман курулдубу же жакшы курулдубу, архитектуралык чиймеси барбы же жокпу, кыскасы баары бир куруп салышты. Айдоо жерине там салууга тыюу салган мораторий үч айга эле кабыл алынган. Үч айдан кийин жаңы мыйзам кабыл алынышы керек эле. Жоопкерчилиги каралып, Кылмыш, Жарандык, Жер кодексине өзгөрүүлөр кириши керек эле. Мамлекеттик каттоо кызматы менен иштеп ошону баштаганбыз. 2013-жылы мыйзам кабыл алынган. Бирок ал иштебей жатат.

Түбү көрүнбөгөн жер талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG