Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:27

Жаңы мыйзам жер талашка жол ачабы?


Нарындагы Байболот коктусу, бул жердеги Сөйкө кенин чалгындаган компания менен элдин ортосунд чатак чыккан.

Өкмөт даярдаган "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору күздөн бери коомдо катуу талаш жаратууда.

Ага кен иштетүүдөн баштап, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жерлерди пайдаланууну жөнгө салган жоболорго чейин киргизилиши башкы себеп болууда.

Өкмөт жер боюнча мыйзамдарга кандай өзгөртүү сунуштап жатат? Эмне үчүн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары жер аянттарын коомдук зарылдык үчүн алууга каршы? Бош жерлерди башкаруу укугу жергиликтүү бийликке берилсе коррупцияны күчөтпөйбү?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Жамалбек Ырсалиев, “Биздин укук” коомдук бирикмесинин жетекчиси Калича Умуралиева катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, өкмөт жерди пайдалануу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорун парламент кароосуна бергенден бери коомдо жер талашты пайда кылган талкуулар жүрүп атат. Аны кечээ Жогорку Кеңеште өткөн парламенттик угуу деле көрсөттү окшойт. Өкмөт жер боюнча канча мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады? Ал өзгөртүүлөр эмне үчүн карама-каршылыкты пайда кылды?

Жер кайсы учурда алынат? Эгер мамлекет үчүн стратегиялык маанидеги курулуш түшө турган болсо, же кен чыга турган болсо же магистрал салына турган болсо атайын мекемелердин уруксаты менен, компенсациясы төлөнгөндөн кийин алынып коюшу мүмкүн.
Мирлан Бакиров

Мирлан Бакиров: Туура, бул мыйзам долбоору талкууга түшкөндөн бери катуу талашты пайда кылды. Өзгөртүүлөр жалпысынан тогуз мыйзамга, алардын ичинде Жер кодексине, Токой кодексине, "Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга киргизилип жатат.

Ал эми талашты Бишкек жана Ош шаарларындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жерлер жана башка бош жерлер коомдук муктаждык үчүн алынат деген туура эмес маалымат жаратып жатат. Бул жалпы мыйзам болгондон кийин Кыргызстан боюнча бардык жерге күчү жайылат. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы жерлер кантип жөн эле алынып калсын? Алар кайсы учурда алынат? Эгер мамлекет үчүн стратегиялык маанидеги курулуш түшө турган болсо, же кен чыга турган болсо же магистрал салына турган болсо атайын мекемелердин уруксаты менен, компенсациясы төлөнгөндөн кийин алынып коюшу мүмкүн.

Ошондой эле сот чечими менен алынышы мүмкүн, жөн эле жерден алынбайт. Мындан тышкары талаш жараткан маселе - кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу. Токой фондунун аймагында кен чыккан жер болсо ал жерди эч кандай трансформациялабай туруп эле, өкмөттүн уруксаты жок жетекчилер менен ишкерлердин макулдашуусунун негизинде кенди казып алып, кийин ал жерди рекультивациялап туруп токой фондунун карамагында кала берсин деген маселе жаратууда.

Депутат Дастан Жумабеков жетекчилик кылган жумушчу топ маселени иликтеп чыкканда 200дөн ашык компанияга токой фондусунун карамагындагы кендерди иштетүүгө лицензия берилген экен. Токой кодексиндеги талаптар боюнча кендерди иштетүүгө жол берилбейт. Демек, карама-каршылыктар бар. Ошон үчүн мыйзамдык карама-каршылыктарды иликтеп, долбоорду жакшылап иштеп чыгуу милдети Юстиция министрлигине тапшырылган. Андан тышкары биз жер-жерлерде бүткүл Кыргызстан боюнча коомдук талкууларды өткөрдүк. Парламенттик угуу да болду, демек азыр добуш берүү гана калды.

“Азаттык”: Коомдук талкуулардан кийин жергиликтүү эле кандай өзгөрүүлөр кирип жаткандыгын түшүнүп жатышабы? Кийин каршылык кылышпайт деген ишеним барбы?

Мирлан Бакиров: Мен эми элдин баары түшүндү жана талаш-тартыш чыкпайт деп кепилдик бере албайм. Ар бир региондо талкуулар өткөндүгү анык.

“Азаттык”: Калича айым, парламенттик угуу учурунда бул мыйзам долбоорун ушул турушу менен кабыл алууга болбойт, себеби анда бир канча мыйзамга киргизиле турган жоболор топтолуп калды деген ойлор көп айтылды. Демек, аны кайра даярдоо зарылбы?

Акаевдин мезгилинде шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы бош жерлерди бизнесмендер талап алып жатканда ошол кездеги парламент андай жерлер мамлекеттик жана коомдук кызыкчылык үчүн алынбасын деген норманы Турак-жай Кодексине киргизген. Азыр ошол жобону ушул мыйзам менен жойгону жатышат.
Калича Умуралиева

Калича Умуралиева: Парламент бул мыйзам долбоорун кабыл албашы керек. Себеби, бул долбоордо мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына карама-каршы келген нормалар бар. Долбоордун концепциясы үч багытта даярдалган. Анын бири - кен байлыктары бар жерди трансформация кылбай туруп эле кенди казып алып, андан кийин аны айыл чарба жери же башка багытта пайдаланууга болот деген жобону киргизип жатышат. Бул такыр туура эмес.

Өкмөт бул тууралуу 756-токтомду кабыл алган. Ал токтом мыйзамга карама-каршы кабыл алынган. Азыр ошол токтомго мыйзамды туура келтирүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат. Орустар айткандай, булар арабаны аттын астына салып айдап баратышат. Эгер өкмөт мыйзамга каршы токтом кабыл алса, анда парламент аны жокко чыгарууга милдеттүү болчу.

Экинчиден, Акаевдин мезгилинде шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы бош жерлерди бизнесмендер талап алып жатканда ошол кездеги парламент андай жерлер мамлекеттик жана коомдук кызыкчылык үчүн алынбасын деген норманы Турак жай кодексине киргизген. Азыр ошол жобону ушул мыйзам менен жойгону жатышат. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар көп болсо 3-5 чарчы метр жер аркылуу басып жүрүүгө гана укуктуу. Эми ушул мыйзам менен ал жерлер да тартылып алына турган болсо, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары учуп кирип, учуп чыгышы керекпи, эгер ал жерлер алына турган болсо анда көп кабаттуу үйдү толук бойдон алып, тургундарына компенсация төлөп бергиле деп каршылык көрсөтүп, сентябрда нааразылык митингине да чыкканбыз.

Үчүнчүдөн, жерди бир категориядан башка бир категорияга которуп, башкаруу укугунун эл шайлаган депутаттардан алынып, жергиликтүү бийлик жетекчилерине берилип жаткандыгы талаш жаратууда. Мындай маселени депутаттар чечиши керек, себеби депутаттар элдин өкүлү катары шаардын, айылдын, райондун өнүгүү планын бекитет, демек, алар жерди бөлүштүрүү укугуна да ээ болушу керек. Азыр бул мыйзам менен жер бөлуштүрүү укугун айыл өкмөттөрүнө бергиле деп жатышат. Ал бир адам, коллегиалдуу чечим кабыл албай, бир эле адам чече турган болсо, мурдатан гүлдөгөн коррупцияны ого бетер күчөтөөрү белгилүү.

“Азаттык”: Жамалбек мырза, ушул долбоордо мамлекетке тиешелүү жерди башкаруу укугун мурункудай эл өкүлдөрү болгон депутаттар эмес жергиликтүү бийлик чечет деген жобо киргизилип жатыптыр. Мындай жобо коррупцияны күчөтөт деп каршы болгондор көп болууда. Сиз ага макулсузбу?

Жамалбек Ырсалиев: Күчөтөт дегенге мен макул эмесмин. Себеби, алар кайсы жерди кандай пайдалануу керектигин жакшы билишет деген ойдомун.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG