Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Узун-Акматтагы алтындын күйүтү


Токтогул
Токтогул

Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылынын тургундары Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө каршы кайрадан акцияга чыкты.

Буга чейинки жол тосуу аракеттери үчүн жети аял административдик жазага кириптер болду. Жергиликтүү бийлик менен кен казуучу компания нааразы тараптарды кимдир бирөө үгүттөп жатат десе, жашоочулар бийлик “каралар” аркылуу коркутууга өттү деп, бири-бирин айыпташууда.

Жергиликтүү эл айылдан беш чакырым алыс жайгашкан Узун-Акмат кени ишке кирсе, аймактагы уран калдыктары ачылып, кооптуу кырдаал жаралат деп ойлошот. Ошол себептүү алар компаниянын иштөөсүнө байма-бай каршылык көрсөтүүдө. Жергиликтүү бийликтин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү азырынча жыйынтык бере элек. Акыркы жолу жергиликтүүлөр айыл өкмөт алдына 13-сентябрда чогулушту.

Андан мурда август айынын этегинде райондогу Кара-Күңгөй айылынын тургундары “Кассана Минералс” компаниясынын техникаларын жолдон өткөрбөй коюшкан. Техникаларды жана компания жетекчисинин унаасын эки сааттан ашык кармап турду деген негиз менен жети аял административдик жазага тартылган.

Алардын бири Уултай Сейиталиева бийликтин мындай мамилесине нааразылыгын минтип билдирди:

- Элдин баары алтын каздырбай эле тынч жашайбыз деп каршы чыгып жатышат. Анан эми көп катары көрүп, балдарыбыз үчүн чыгабыз да. Өткөндө чыксак, үйдөн келип милиция менен сотко алып кетишти. Сот учурунда мага "көчөгө чыкпа, балдарды үгүттөбө, болбосо камап салабыз" деди. Баш көтөргөнүн алып барып камай берсе болобу? Мыйзам баарына бирдей дейт, андай эмес экен. Кен казган компанияга иштеп, карапайым калкка иштеген мыйзам жок экен.

Ал эми жергиликтүү жашоочулардын бири Ырысалы Жөлөков кендин айынан эл экиге бөлүнүп жатат деген ойдо:

- Азыр элди экиге бөлүп, баш көтөргөндөрдү алып барып камап уюштуруучулар деп, элди ушинтип кыйнап жатат. Элдин эч нерсе менен иши жок. Болгону мамлекеттик денгээлде болуп жаткан соң келип түшүндүрүп бериш керек. Кен иштесе зыяндуулугу жок, силерге мындай пайда келтирет деп айткан адам жок болуп жатат. Анткендин ордуна "караларды" жана "кызылдарды" алып келип элдин үшүн алып бүттү.

Мындай дооматты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рысбек Аширалиев төгүндөп, аялдарды административдик жазага тартуунун себебин минтип түшүндүрдү:

- Мыйзамдын негизинде жети аялга административдик чара көрүп жатабыз. Алар “Кассана Минералс” компаниясынын жтекчисинин унаасын өткөрбөй койгондуктан жетекчинин арызынын негизинде чара көрүлдү. Административдик кодекстин 364-беренесине ылайык, үч аялга 300 сомдон айып пул салынып, төртөө эскертүү алышты. Чечимди райондук сот чыгарды. Ал эми "каралар" тургундарды коркутуп жаткандыгы боюнча бизде маалымат жана кайрылуу жок.

Чолпон - Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Туратбек Абдыгулов нааразы тараптардын артында кимдир бирөөлөр турат деген ойдо:

- Бул компаниянын жетекчиси кен ишке кирсе 2% эмес, пайданын 8% жергиликтүү бийликке калтыралы деп айтып жатышат. Бир жарым жылдан бери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Бирок алар кен ишке кирсе, уран чыгат экен деген кооптонуу менен нааразы болушууда. Бирок ал андай эмес экендиги эки жолу келген комиссиянын чечимдеринде аныкталбадыбы. Кайсы бир кызыкдар адамдар элди үгүттөп жатышат.

"Сөйкө-шакегибизди берели"

Токтогул районунан иштетүүгө уруксат берилген 18 гектар жерде 69 килограмм алтын запасы бар экени аныкталган. Жергиликтүүлөр болсо кыз-келиндердин алтын буюмдарын чогултуп берүү шарты менен кенди казбагыла деген талапты коюшкан. Каршы чыккандардын бири Уулбү Жээнбаева:

- Мен жетекчиси Талантка "ушунча элди кыйнабай эле, 69 килограмм алтын үчүн сөйкөлөрүбүздү топтоп берели" деп ачык айттым. Ошентсем келин-кезектин баары мени колдоп, бизди тынч койчу деди.

Кенди иштетүү укугуна ээ “Кассана Минералс” ишканасынын директору Талант Медеров мындай деди:

- Экология бузулат, радиация бар деген маалыматты кармангандар элди бизге каршы үгүттөп жатат. Менин оюмча биз лицензия алган аймакта өз алдынча мыйзамсыз алтын казгандар бул сөздү таратып жатышы мүмкүн. Бирок биз бардык кадамдарыбызды мыйзамдын негизинде жүргүзөбүз. 2004-жылы Кыргызстан Орхус конвенциясына кирген. Анда кен иштеткен компания, жергиликтүү бийлик жана коомчулук кандай милдеттенме алаары так жазылган. Баарын мыйзам жана сот аркылуу гана чечиш керек.

Токтогул районундагы Узун-Акмат кенин иштетүүгө “Спектр” компаниясына 2009-жылы уруксат берилген. Бирок кийинчерээк лицензия “Кассана-Минералс” компаниясына сатылган. 2015-жылдын август айында аталган компания Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен алтынды казууга уруксат берген лицензияга ээ болгон. Бирок өткөн жылдан бери элдин каршылыгынан улам иш башталбай турат.

Ал кендин иштешине каршы болуп жаткан Чолпон-Ата айылы 1973-жылы Токтогул ГЭСин курууда азыркы көл түбүндө калган эски айылдан көчүрүлгөн. Учурда айыл өкмөттүн карамагындагы беш айылда жети миңге чукул калк жашайт.

Жалал-Абад облусунун аймагында кен казууга 39 фирма лицензия алса, учурда алардын тогузу гана туруктуу иштеп келет. Компанияларда миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон. 2015-жылы облус аймагында 22 нааразылык акциялары уюштурулса, алардын көпчүлүгү кендерге байланыштуу чыккан.

XS
SM
MD
LG