Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Нарын: алтын жаткан коктудагы жаңжал


Нарын районунун Кара-Үңкүр аймагындагы Байболот коктусунда алтын кенин чалгындоо жана иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан "Сөйкө" компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Буга жергиликтүүлөр аталган компания жаратылышты талкалап, айлана-чөйрөнү булгап жатат деген дооматтары себеп болгон. Ал эми "Сөйкө" компаниясы мыйзамдын чегинде иш алып барып жаткандыгын айтууда.

"Жаратылышты талкалап, коктудан түшкөн сууну булгап жатасыңар" деген миңбулактыктар алтын кенди чалгындап, иликтеп жаткан "Сөйкө" компаниясынын ишин токтотуп, техникаларын камакка алгандарына бир айдан ашты.

Аталган компания иш жүргүзүп жаткан Байболот коктусу Кара-Үңкүр аймагында жайгашканы менен жайытты Нарын районунун Миң-Булак айылынын малчылары жайлашат.

Миңбулактыктар бул компаниянын ишин таптакыр токтотуу талабы менен эки жылдан бери тийиштүү мекемелерге кайрылып жүрүшөт. Анын себебин Миң-Булак айылынын тургуну Кубанычбек Эсенов мындайча түшүндүрдү:

- Коктунун башынан булактын суусу агып келет. Ал суу болсо эл ичкен сууга кошулат. Булар иштеп жаткан жердеги даараткана, жуунучу жайдан чыккан суу тоодон түшкөн сууга кошулуп жатат. Мурунку кооз коктубуз бүгүнкү күндө ушундай таштандыга айланды. Булардын ишине бүгүн бөгөт койбосок эртең кеч болуп калат. Өздөрү бул жерде 17 кило чайкама алтын бар деп жатышат. Ошол көлөмдөгү алтындын арты менен жаратылышыбыз орду толгус жоготууга учурап, карагайлар талкаланып жатат. Мындай көлөмдөгү алтын мамлекетибизге көп деле пайда алып келбейт болуш керек. Туристтик потенциалы жогору жерибизди 17 кило алтынга алмаштырып коюуну акылсыздык деп эсептейм.

Миң-Булактын дагы бир тургуну Улан коктуда бир гана аттык жол бар болчу дейт. "Сөйкө" компаниясы ишин баштаганы оор жүк ташый турган автоунаанын жолу салынып, жолдун жээгиндеги карагайлар жапырт кыркылганын ырастайт.

- Бир ат басчу жол бар эле. Коктунун бул күнгөй бетинде карагат, бадалдар, ал эми тескей бетинде карагайлар бар болчу. Мына бул жерде эле он чакты карагай кыйылып жатат. Биз бир карагай кыйсак эле олчойгон айып салат. Булар чоңдор менен сүйлөшүп койгонбу?

Улан айтып жаткан карагайлар кыркылып, он миң чарчы метрден ашык жер кыртышы бузулгандыгы үчүн "Сөйкө" компаниясына Нарын токой чарбасы тарабынан 47 800 сом айып салынып, мамлекеттин эсебине толук өндүрүлүп алынган. Мындан сырткары жумушчулар пайдаланган даараткана да талаптарга жооп бербегени үчүн компанияга 2304 сом доо коюлган.

Нарын аймактык Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын инспектору Рудбек Абдраев кендерди иштетүүдө алгач мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюш керектигин айтат:

- Нарын облусу дотацияда турат. Биз жөнүндө көп нерселерди айтып жатат. "Тигил, же бул жакка тартып жатат, алардын сөзүн сүйлөйт" дешет. Жок, биз мыйзамдуу иш алып барабыз. Аларды да түшүнсө болот. Алар "10 же элүү кило үчүн жаратылышты талкалап салбайлы" деп жатат. Биз өз кызыкчылыгыбызды мамлекеттен өйдө койбошубуз керек. Башкалардан карыз же насыя албай жашасак жаманбы?

"Сөйкө" жоопкерчилиги чектелген коом Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен Байгубат коктусуна алтын кенин чалгындоо үчүн 2010-жылы тиешелүү уруксат кагазын алган. Ал эми аталган коктуда ишин былтыр баштаган.

"Сөйкө" коомунун жетекчиси Ишен Айтмамбетов ишке тоскоол болгон миңбулактыктарды сынга алып, тийиштүү органдарга кайрылганын айтты.

- Мыйзамсыз да. Ички иштер министрлигине караштуу кайтаруу кызматы турса да аларды көзгө илбей, техникаларды чыгарып кетүү - бул мыйзамды тебелегендик да. Мен прокуратурага, ИИБга арыз жаздым. Алардын башында турган адамга иш козгогон жок. Азыр алар "жолдун баары карагай болчу" деп жатышпайбы. Жок, шагынды жол болчу. Сүрөттөрү бар. Ал эми кыркылган карагай, бадалдардын айып пулун толугу менен төлөп бергем. Эки баштуу киши жок да. Мен да бардык документтеримди толуктап, уруксат алып туруп техникаларымды киргизгем.

Бул маселе учурда өкмөттө каралып жатат. Алар кандай жыйынтык чыгарышса, кен казуу иштери ошого жараша чечилет.

Нарын: Алтындын азабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

XS
SM
MD
LG