Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Жер талаш "ЗиЛдин" ишин токтотту


"ЗиЛ" базасы ишин токтотту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

"ЗиЛ" базасы ишин токтотту

Бишкекке жакын жайгашкан "ЗиЛ" кышкы эс алуу базасы иштебей турат. Буга эс алуу базанын кожоюну менен жергиликтүү тургундардын чыры себеп болду. Чыр базанын четиндеги автоунаа токтоочу жайга бөлүнгөн жерди талаштан чыккан. Жергиликтүү тургундар бул тилкеге соода күркөлөрүн койгусу келсе, база ээси ага каршы чыккан.

"ЗиЛ" кышкы эс алуу базасындагы чыр өткөн аптада орун алган. Анда базанын жанындагы унаа токтотуучу жайга Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылынын жергиликтүү тургундары лыжаны ижара берчү күркөлөрдү орното баштаган.

Буга базанын кожоюндары каршы чыккан. Базанын директору Акбар Рыскулов аталган жер тилкеси аларга тиешелүү болгонун “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Базага чымыр денелүү үч жигит келип, мени издешиптир. Базада иштеген баланы сабашыптыр. Мен ал кезде жогору жакта жүргөн элем. Мени таппай койгон соң түштөн кийин келебиз деп эскертип кетишиптир. Түштөн кийин айыл башчы баш болгон толтура адам келип, контейнерлерди түшүрө баштады. Мен бул мыйзамсыз болгонун, бийликке кайрыла турганымды айтсам, "биз бийликпиз" дешти. Бул мыйзамсыз аракет да. Менде бардык документтер бар.

Мындан соң Рыскулов милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде күркө орноткон тургундардын бири камакка алынып, кайра бошотулду. Акбар Рыскулов унаа токтотчу жерди 49 жылга ижарага алганын айтып, мыйзамдуу иштетип келатканын билдирди.

Бул жаңжалдан соң ал эс алуу базасынын ишин токтотуп, аны кайра жандандыруудан чочулап турганын айтууда.

Эс алуу базасынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча 21-ноябрда Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында атайын жыйын өттү. Ага район жетекчилиги жана мыйзам бузду деп айыпталып жаткан айыл тургундары катышып, өз жүйөлөрүн айтышты. Жыйынга эс алуу борбордун өкүлдөрү катышкан жок.

"ЗИЛ" боюнча жыйын
"ЗИЛ" боюнча жыйын

Айылдыктар жана жайыт комитети күркөлөр коюлган жер лыжа базасына тиешелүү эмес экенин ырастайт. Алардын белгилешинче, базанын кожоюндары күркөлөрдү жылдырууга укугу жок болчу. Бул тууралуу айылдын тургуну Акылбек Шаршенов төмөнкүлөрдү айтты:

- Бирөө келип алып эле бизге ультиматум коё береби? Бала-бакыра айылда жумуш жок болгон үчүн ал жерге барып, оокат кылалы деп жатат. Студенттер келип иштеп, акчасын таап кетип жатат. Биздин балдар ал жерге салыгын төлөп, ижарага алган соң эмнеге каршы чыгып жатат?

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы Талант Алчынбаев да жергиликтүү тургундар күркө койгон жер “ЗиЛ” эс алуу борборуна таандык болгон эмес деп тастыктоодо:

- Лыжа базасынын бир метр жерине да айыл тургундары кирген жок. Бул жерде картаны көрсөтсөк деле 3 гектар 80 сотых жер аларга таандык. Ал эми айыл тургундары күркө койгон жер болсо аларга тиешеси жок.

Базанын жетекчиси Акбар Рыскулов аталган жер базага тиешелүү деп ырастап, жергиликтүү бийлик менен жайыт комитети атайлап элди чаташтырып жатат деген пикирин билдирди.

Ал эми райондук бийлик болсо бул маселени чечүүгө аракет көрүп жатканын айтууда. Ысык-Ата районун акиминин орун басары Мидин Алыбаев билдиргендей, бул маселени иликтеп, лыжа базасынын тоскоолдуксуз иштешине шарт түзүлөт:

- Биз да базанын директору менен жолугуп сүйлөшөбүз. Бул маселеде орток пикир табышыбыз керек. Себеби бул чырдын аларга да кереги жок. Айыл тургундары да базаны иштетпейбиз деп айтпашы керек. Базанын иштеши эки тарапка тең керек.

Аталган базанын айланасындагы чыр бир нече жылдан бери уланып келет. Былтыр да жергиликтүү тургундар эс алуу жайына кеткен электр линиясын өчүрүп койгон эле.

“Карион ЗиЛ”: талаштын төркүнү эмнеде?

“Карион ЗиЛ”: талаштын төркүнү эмнеде?

Ысык Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жайгашкан “Карион ЗиЛ” лыжа базасынын аткаруучу деректири Акбар Рыскулов реанимацияга жатып калды.

Талдоочулар жаралган кырдаалда жергиликтүү бийликтин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болуп жатканын айтышат. Эксперт Азамат Акелеевдин айтымында, инвестор менен жергиликтүү тургундар ортосундагы мамилени жөнгө салууга бийлик органдары жетиштүү көңүл бурбайт:

- Инвесторлорго байланыштуу тоо-кен тармагы болобу, туризм болобу маселе чыгып жатат. Бул жерде мыйзамдын үстөмдүгү болбой, өз билемдик өкүм сүрүп жатканын айтууга болот. Мындай жергиликтүү бийликтер менен укук коргоо органдары өз милдетин так аткарбай жатат. Инвестор келип, жергиликтүү бийлик менен кантип тил табышам деп башын оорутпаш керек. Алар салык төлөп, иш орундарын камсыз кылуунун гана айласын көрүш керек.

"ЗиЛ" – Чүйдөгү ири кышкы эс алуучу жайлардын бири болуп эсептелет. Ага Кыргызстандан сырткары чет өлкөлүк туристтер да келишет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG