Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:09

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында алгачкы жолу Бишкектеги ири социалдык объекттердин бири боюнча менчиктештирүүнүн жыйынтыгы мыйзамсыз деп табылып, сот тарабынан жокко чыгарылды.

Прокуратура органдарынын төрт жылдык териштирүүсүнүн натыйжасында Бишкектеги мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен "Ак-кула" ат майданы туура 20 жылга чукул убакыттан кийин кайра мамлекетке кайтарылды.

Бирок бул кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Айыл чарба министрлигиндеги ошол учурдагы жогорку кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылбай калды.

Прокуратура учурда ат майдандын карамагынан чыгарылып, жеке тараптарга сатылып кеткен жер тилкелерин жана майда курулуштарды мамлекетке кайтаруу боюнча соттук териштирүүлөр аягына чыга электигин белгиледи.

Жеке менчикке өтүүнүн чоо-жайы

Жогорку сот Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасынын "Ак-кула" ат майданын жеке менчиккке сатуу келишимин мыйзамсыз деп табуу боюнча доо арызын канааттандырды. Муну менен Жогорку сот ат майданга ээлик кылган тараптын менчик укугун жокко чыгаруу боюнча биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечимин күчүндө калтырды.

Жогорку соттун бул чечими акыркы жана кайра даттанууга жатпастыгы белгилүү. Эми бул иштин жагдайы кандай болгонуна көңүл буралы.

Айыл чарба министрлигинин агрардык реформа боюнча башкармалыгы 1997-жылы 11-февралда мамлекеттин карамагындагы "Ак-кула" улуттук ат майданын "Ак-кула" акционердик коому кылып түзүп, анын 80 пайыз үлүшүн эмгек жамаатына берип, калган 20 пайызын министрликтин карамагында калтыруу чечимин кабыл алган. Бул ишти 2011-жылдан бери иликтей баштаган Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы мына ошондой жол менен акционерлештирилген ат майданын Айыл чарба министрлиги 1998-жылы 23-февралда мыйзамсыз сатып жибергенин аныктап чыккан.

Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова ат майданы андан үч жыл мурун эле Бишкек мэриясынын карамагына өткөнүнө карабастан, Айыл чарба министрлиги аны менчиктештирүү чечимин кабыл алган жагдайга төмөндөгүчө токтолду:

- 1995-жылдын 30-октябрындагы өкмөттүн токтомуна ылайык, "Ак-кула" ат майданы Бишкек шаардык мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилген. Бирок ошого карабастан 1997-жылы "Ак-кула" мамлекеттик акционердик коому мыйзамсыз түрдө кайрадан "Ак-Кула" акционердик коому болуп түзүлүп, 80 пайыз акциясы эмгек жамаатына жана калган 20 пайызы Айыл жана суу чарба министрлигинин карамагында калган. Бирок 1998-жылдын 23-февралында "Ак-кула" акционердик коому Айыл чарба министрлигинен ипподромдун мүлкүн толугу менен сатып алып, менчик укугун ыйгарган күбөлүктү мыйзамсыз түрдө алып алган. Мына ушул жагдайлар иликтенип чыгып, Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы тарабынан сотко доо арыз берилген болчу.

Өкмөт 1995-жылы "Ак-кула" ат майданын Айыл чарба министрлигинен алып, Бишкек шаардык мэриясына өткөрүп берүү боюнча токтом чыгарганынакарабастан, ал эмнегедир 1998-жылдын 28-июлуна чейин министрликтин карамагында калган. Андан соң ал жең ичинен жеке менчикке сатылганы таң калыштуу.

Мына ошол учурда Бишкек шаардык мэриясы дагы ат майданын өзүнө өткөрүп алууну эмнегедир талап кылган эмес. Анткени Бишкек шаардык кеңеши 1996-жылы эле, ал ат майданын мэриянын карамагына алуу тууралуу токтом чыгарган. Бирок Айыл чарба министрлиги тарабынан 1998-жылдын 23-февралында сатылган ипподром ошол эле жылдын 28-июлунда жеке менчик тарапка катталган.

Бул жерде Айыл чарба министрлиги "Ак-куланы" мэрияга өткөзүп бербегени аз келгенсип, башында аны эмгек жамаатына деген шылтоо менен мамлекетке үлүш чегерүү аркылуу акционерлештирип, андан соң аны жеке менчикке сатып жиберүүгө үлгүргөнү тергөө материалдарында аныкталган.

Ошондой эле менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдагы "мамлекеттин карамагындагы социалдык объекттер сатылбайт" деген тыюу салуу чарасына карабастан, баш калаадагы улуттук ат майданы арзанга сатылып кеткени иликтөө учурунда ачыкка чыккан.

Ат майдандын азыркы баасы

Бул ишти иликтөө демилгесин биринчилерден көтөргөн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев мамлекет улуттук ат оюндарын өткөрүү үчүн ага ижарага акы төлөгөн жана анын аянты чекесинен кертилип, сатылган жагдайларга төмөндөгүчө токтолду:

- Жалпы аянты 57 гектарды түзгөн "Ак-кула" ат майданы болгону 814 миң сомго гана сатылып кеткен. Мына ошого дагы макул дейли. Бирок анын кожоюндары ошондон кийин дагы чыгым кылып, ат майдандын абалын оңдошкон жок да. Ат майданы кароосуз калып, ал жакка оюн көргөнү барган элге эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Шаарыбызда жалгыз улуттук ат майданы болсо, анын абалы дагы оор бойдон калды. Эч кандай шарт түзүлгөн жок. Бирок ага карабастан улуттук ат оюндарын өткөргөн учурларда ар бир турнир үчүн биз 500-600 миң сом ижара акысын төлөчүбүз. Бул аз келгенсип, ат майдандын кожоюндары анын аймагындагы жер тилкелерин четинен кертип, жеке менчик турак жай курууга сата башташты. Ошол учурда биз бул ишти иликтөө керек экенин ойлонуп, демилге көтөрүп, тиешелүү тараптарга кайрылуу менен чыгып, даттана баштадык. Биз тиешелүү мамлекеттик текшерүү органдарына кайрылган каттарыбыз эле бир топ болду окшойт.

Учурда 57 гектарлык жер аянты менен "Ак-кула" ат майданын көз карандысыз баалоочулар 55 миллион АКШ долларына баалаган. Мына ушуга байланыштуу ат майданын кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүү жана ал боюнча менчиктештирүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу маселеси Жогорку Кеңеште 2011-жылдан бери эле көтөрүлүп келе жаткан.

Бирок депутат Канат Исаевдин айтымында, ошол учурда эмнегедир бул ишти толук иликтеп чыгып, ага укуктук баа берүү боюнча иш-аракеттер алдыга жылган эмес. Парламент депутаты Канатбек Исаев Көк бөрү улуттук федерациясын жетектеп турган учурда дагы бул тууралуу маселе көтөрүп, бирок андан жыйынтык чыгара албай келгенин айтты.

Канатбек Исаев бул жагдайды иликтөөнү кечеңдетип келген прокуратура органдары соңку мезгилде ишти ыкчамдык менен илгерилетип, аны сотко жеткирип, натыйжалуу жыйынтык чыгарганына таң калуусун жашырган жок:

- Биз бул боюнча учурунда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына дагы кайрылганбыз. Өкмөткө, Башкы прокуратурага, Бишкек шаардык кеңешине дагы бир нече курдай кайрылып, канааттандырарлык жооп ала алган жокпуз. Прокуратура органдары бир убакта текшерип чыгып, "ат майданы мыйзамдуу эле сатылган экен" деген корутунду чыгарган. Текшерүүнүн жыйынтыгын ал жактын архивинде жок болуп калып, ала албай койгонбуз. Мына ушуга окшогон табышмактуу жагдайлар аябай көп кездешти. Буга чейинки өкмөт башчыларынын баарына кайрылганбыз. Бирок биринен дагы мына ушул ишти толук иликтеп чыгып, аны мыйзам чегинде мамлекеттин карамагына алуу ниетин байкай албадык. Айыл чарба министрлигинин юристтери жана андагы бир топ жетекчилер сотко келгенде кайра тескери көрсөтмө беришип, ат майданы мыйзамдуу менчиктештирилген деп айтып жатышкан. Эми мынтип бул иштин аягы жакшы бүтүп, акыйкаттык, калыстык үстөмдүк кылыптыр. Бирок бул иш боюнча жооп бере турган адамдарды коомчулук билиши керек болчу. Биз аларды учурунда аты-жөнүнө чейин арызда баса көрсөтүп, мына ошол мыйзамсыз менчиктештирүүнү жүргүзгөн мурдагы кызмат адамдарына чара көрүүнү талап кылган элек. Бирок азыр деле ат майданы мамлекетке өткөнү менен буга катышы бар адамдардын жооп бербей калганы кызык.

Сатып алган тараптын укугу эмне болот?

Чынында эле депутат Канатбек Исаев баамдагандай, бул иште кылмыш курамы, мамлекетке келтирилген зыяндын жана көрүлбөй калган пайданын өлчөмү аныкталганы менен бул доо арызда жоопкер тарап жок.

"Ак-кула" акционердик коомундагы пайыздык үлүштөр улам бир колдон-колго сатылып отуруп, бир нече адамга караштуу экени белгилүү болгон. Алардын арасында Ливандан келген жеке ишкерлер тобунун дагы пайыздык үлүшү бар экени жана учурунда алардын ат майданын оңдоого кеткен чыгымдары төлөнүшү керектиги тууралуу да мурда сотто маселе көтөрүлгөн болчу.

Көк бөрү оюнун көргөнү келгендер
Көк бөрү оюнун көргөнү келгендер

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшанбек Жээнбеков ат майданын менчиктештирген кызмат адамдары менен аны сатып алуучулардын укугу эки башка каралышы керектигин айтып, менчик укугун бузууга жол берилбестигин белгиледи:

- Эгерде чынында эле мына ошол ат майданы мыйзамсыз менчиктештирилген болсо, анда аны сатууга тиешеси болгон мурдагы кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралышы керек. Бирок бул жерде мына ошону сатып алган тараптарда күнөө жок. Аны менчиктештируүгө уруксат берген тараптын жоопкерчилигин кароо зарыл. Бул иш аябай эле татаалдашып кетти да. Анан калса, башында ат майдандын айланасындагы объекттерди менчиктештиргендер аны кайра экинчи же үчүнчү колго сатып жиберген учурлар дагы бар. Бул жерде мына ошол кийинки сатыктан алгандардын бул жерде күнөөсү жок. Алар укуктук жактан алганда таза алармандар. Мына ошондуктан бул жерде алардын кызыкчылыгы дагы эске алынып, алардын укугу басмырланбашы зарыл. Негизи бул ат майдандын мамлекетке алынышы жакшы. Бирок мына ошол жердеги чаташкан маселелер терең иликтенип чыгып, күнөөсүз тараптын укугу бузулбашы кажет.

Жоопкерчилиги жок кылмыш иши

Мындан дээрлик 19 жыл мурун Айыл чарба министрлигинин жогорку кызмат адамдары "Ак-кула" ат майданын акционерлештирүүгө жана менчиктештирүүгө укугу болбогонуна карабастан социалдык жана маданий маанидеги мамлекеттик объектини сатып жибергени сотто далилденген.

Кылмыш укугу боюнча адистешкен юристтердин айтымында, бул жерде тиешелүү кызмат адамдарынын мамлекет мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ишенип тапшырылган мамлекет мүлкүн сатып жиберүү, алдамчылык жана шалаакылык деген сыяктуу бир катар кылмыш белгилери камтылган беренелер боюнча иш козголушу мүмкүн эле.

Бирок Башкы прокуратуранын соттук өкүлчүлүк бөлүмүнүн прокурору Руслан Абдрахман иштин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жоопкерчилик маселеси каралбай калганын билдирди:

- Кылмыш-жаза кодексиндеги үч жылдык мөөнөт эбак эле өтүп кеткенине байланыштуу бул иш боюнча жоопкер адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болгон жок. Анткени мыйзамда кылмыштын эскирүү мөөнөтү деген бар. Мына ошондуктан бул ишке катышы болгон мурдагы кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомдору чыккан. Бирок ошол эле кезде мамлекеттин кызыкчылыгын калыбына келтирүү үчүн аталган ат майданы боюнча иликтөө жүрүп, анын материалдары сотко берилип, соттун чечими менен ал мамлекетке кайра кайтарылып отурат. Бул жерде мамлекеттик маанилүү объектти мыйзамсыз менчиктештирүүгө уруксат бергени үчүн Айыл чарба министрлигинин мурдагы жогорку кызмат адамдары жоопко тартылышы керек болчу.

Прокуратура органдары бир убакта текшерип чыгып, "ат майданы мыйзамдуу эле сатылган экен" деген корутунду чыгарган. Текшерүүнүн жыйынтыгын ал жактын архивинде жок болуп калып, ала албай койгонбуз.

"Ак-кула" ат майданы акционерлештирилген жана толугу менен менчиктештирилген 97-98-жылдар аралыгында Айыл чарба министрлигин Каримшер Абдымомунов, Жумакадыр Акенеев жана Александр Костюк сыяктуу инсандар жетектеген. Костюк министрдин орун басары болгон.

Мурдагы айыл чарба министри Жумкадыр Акенеев ат майданын акционерлештирүү боюнча чечим кабыл алынгандан кийин кызматка келгенин айтып, ага эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи. Анын айтымында, Акенеев 1997-жылы 4-апрелде министрлик кызматка келип, андан 11 айдан кийин кеткен. Тергөө материалдары боюнча боюнча ат майданын сатуу боюнча келишимге 1998-жылы 23-февралда кол коюлганы көрсөтүлгөн. Жумакадыр Акенеев бул жагдай тууралуу мына буларга токтолду:

- 1997-жылы февраль айында менден мурунку министр Каримшер Абдымомунов деген кол коюптур. Менин бул ишке эч кандай тиешем жок. Анткени мен 4-апрелде министр болуп дайындалгам. Чынын айтканда бул "Ак-кула" маселесине көңүл бурган эмесмин. Анткени андан башка иштер аябай көп болчу. Мен министр болуп келгенде ат майданы бериле элек болчу. Бирок ал биздин карамагыбызда эле деп ойлогом. Мен 11 ай иштеген соң кызматтан кеттим. Анан ал жакта ошондой иштер болгонун кийин гана билип жатам. Мен бул кызматтан кеткенден кийин анан башка документтерге кол коюлуптур. Мен бул тууралуу тергөөгө көрсөтмө бергем. Эгерде менин бул ишке тиешем болсо, мени ошондо эле камап, бул боюнча жоопко тартышмак. Мага болсо "Мээрим" фондуна жардам бересиң деген талап коюшканда, мен андан баш тарткам. Анан мен ошондон соң кызматтан кеттим.

Калган мүлктүн тагдыры эмне болот?

Ошол эле учурда "Ак-кула" ат майданы мамлекетке өткөрүлгөнү менен мурда анын карамагында болуп, кийин кертилип сатылып кеткен жер тилкелери, майда курулуштар жана атканалар сыяктуу 22 объект боюнча соттук териштирүүлөр бүтө элек.

Бишкектин Ленин райондук соту алардын ар бири боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, сотко анын баарын мамлекеттин карамагына алуу боюнча доо арыздарды берген.

Бөлүмдүн прокурору Руслан Абдрахман ошол иштер боюнча соттук териштирүүлөр ар кайсы соттук инстанцияларда экенин айтып, иштин көбү бүтүп, азы калганына токтолду:

- Ошол ат майдандын аймагындагы жер тилкелери, майда курулуштар, атканалар сыяктуу объекттер боюнча иштер дагы деле сотто жүрөт. Бирок негизгиси бүтүп, ат майдандын өзү мамлекетке алынды. Бул объекттердин тагдыры эми соттук териштирүүлөрдөн соң гана чечилет. Сот аларды дагы мамлекеттин карамагына алуу боюнча чечим чыгара турган болсо, анда сот чечимине ылайык ат майдандын айланасындагы жер тилкелерге курулган үйлөр бузууга жатат. Бирок азыр эми айрым жер тилкелерине ээ болуп калган жарандар өздөрү өз ыктыяры менен андан баш тартып, Мамкаттоого барып, өткөрүп берип жатышат. Кээ бирөөлөрү болсо соттошуудан тажашты. Жарандардын кай бирлери болсо дагы деле үмүт этип, аягына чейин соттошууга барабыз деп ниеттенип турушат.

"Ак-кула" ат майданы Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында мыйзамсыз менчиктештирилди деген негизде кайра мамлекетке кайтарылган алгачкы ири социалдык объект экени белгиленди.

"Ал социалдык маанидеги гана объект болбостон, маданий жана тарыхый мурастардын тизмесине киргени үчүн аны менчиктештирүүгө мыйзам жол берген эмес" деп айтылат бул тууралуу таратылган Башкы прокуратуранын учкай маалымдамасында.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG