Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:11

Менчиктештирүү саясатынын өкүттүү акыбети


Нарындагы эт комбинаты жеке менчикке өткөндөн кийин ушундай абалга келген. (Архивдик сүрөт)

Кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу программасы Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, коомчулукта талкууланууда.

Мамлекет эмне үчүн өз карамагындагы мекеме-ишканаларды элдин пайдасына иштете албай жатат, негизги маселе каражаттын тартыштыгыбы же мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатынын жоктугубу, өкмөттүн бүгүнкү өзгөртүү программасынын натыйжасы болобу ж.б.у.с. суроолорду бүгүнкү “Арай көз чарай" берүүбүздөн кеп кылабыз.

Талкууга Кыргызстандын мурдагы өнөр жай министри Алмамбет Матубраимов жана экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев катышты.

Эфирдин башында Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаков 12-июнда мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу боюнча парламентте буларды билдирди:

“Кыргызтуракжайкомсоюздун” 25 ишканасын жана башкаларды кыскарткандан кийин 140 мамлекеттик ишкана калды. Анын ичинен 59 ишкана мекеме болуп өзгөрөт. Алар толугу менен мамлекеттен каржыланат. 14ү филиал болот. 19у акционердик коом, төртөөнү менчиктештирүүгө, 18 мамлекеттик ишкананы жоюуга сунуш бердик. Бул маселе өкмөттө каралып жатат", - деди Болсунбек Казаков.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, өкмөттүн мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу демилгесин кандай кабылдап жатасыздар, Мамлекеттик мүлк фонду айтып жаткан демилгелер бүгүнкү күндүн талабына, мамлекет кызыкчылыгына жооп берет деп ойлосуздарбы?

Менчиктештирүү деген чоң ишкананы эки-үч кишиге жөн эле кармата салуу эмес, менчиктештирүү - бул социалдык саясат. Ишкана жабылып, ондогон киши жумушсуз калбашы керек.
Айылчы Сарыбаев

Айылчы Сарыбаев: Бизде рынок системасына өткөндөн бери "мамлекет жаман, мамлекет жаман башкаруучу, жаман менеджер, эч нерсе уюштура албайт, мамлекеттик ишкананы “тап душманы" катары түп-тамырынан бери жоюу керек” деген атайын таңууланган көз караш жашап келет.

1990-жылдардын башында эч кандай экономикалык негизи, планы жок эле менчиктештирүүнү жүргүзгөн адамдардын саясаты ушул күнгө чейин уланып келет.

Ооба, кээ бир ишканалардын иши жүрүшпөй калса, аны менчиктештирүү зарыл. Бирок андай ишкана эч убакта жумушчу орундарын кыскартпоого тийиш. Тескерисинче, өз продукциясын көбөйтүү жолу менен кошумча жумушчу орундарын көбөйтүү маселесин көтөрүү керек. Колдон келсе мамлекеттик ишканаларды менчикке берип кереги жок. Менчиктештирүү деген чоң ишкананы эки-үч кишиге жөн эле кармата салуу эмес, менчиктештирүү - бул социалдык саясат. Ишкана жабылып, ондогон киши жумушсуз калбашы керек.

Бизде баары тетирисинен болду. Азыр коюлуп жаткан маселе туура. Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси айтып жаткан акционердик коомго айландыруу маселеси жүйөлүү. Акционердик коомдор азыркы рынок мамилеринде эң эле натыйжалуу иштеген, пайда бере турган, ийгиликтүү башкарууга боло турган менчиктин формасы. Мен 2005-жылы бардык мамлекеттик ишканаларды кайрадан инвентаризациялоо керек деп маселе көтөргөм. Рыноктун бүгүнкү шартына жараша аларды кайра баалап чыгуу керек болчу. Бул маселени 2010-жылы да көтөрдүк, эки жолу тең мамлекет унчукпай койгон.

“Азаттык”: Алманбет мырза, Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматы боюнча 166 мамлекеттик ишкана кайра түзүлөт экен. Алардын көбү акционердик коом болуп өзгөрөрү айтылууда. Ошондон улам сурагым келет, мамлекеттик ишканаларды акционердик коом статусуна өткөрүү өзүн актадыбы, пайдасы болдубу, аты өзгөргөнү менен заты өзгөрдүбү?

Убагында менчиктештирип байып алгандар бири да өндүрүштө иштеген эмес. Бирөө да Кыргызстанга инвестиция салган жок. Эң негизгиси менчик акционердикиби, жеке менчикпи же таза мамлекеттикиби жоопкерчилик суралган жерде гана натыйжа болот.
Алманбет Матубраимов

Алманбет Матубримов: Акционердик болобу, мамлекеттик болобу маселенин экономикалык мыйзамдарын чечүү керек. 1990-жылдардын башында министр, өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп иштеп турганда мен негизинен менчиктештирүүгө каршы болгом. Анткени биз анда менчиктештирүүгө даяр эмес болчубуз. Баары талдап карап чыгуу керек болчу, союздук ишканалар кооперация менен иштешчү. Шериктеш башка мамлекеттердин баары өз жолун таап, өндүрүшүн сактап калды. Мен легендарлуу парламентте да менчиктештирүү мыйзамына каршы чыккам, “биз менчик ээсин таап, анан менчиктештирип берели” дегем. Мамлекеттик мүлк фондусу эмне кылат, Өнөр жай министрлиги кандай жоопкерчилик тартат так жазылбай калган.

Бирок мамлекет өз менчигин система түзүп, башкара алган жок. Өнөр жай министрлигин жоюп коюшту, өндүрүшсүз эч кандай мамлекет болбойт. Айыл чарбада мынча, кайра иштетүүдө мынча болду деп жөн эле кошуп жазганды токтотуу керек. Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасы кандай болот, жоопкерчиликти кимден сурайбыз чечүү керек. Билесизби, менчиктештирип жатканда ишкананын багытын өзгөртпөйм, жумушчу орундарды кыскартпайм дешкен. Демек, менчиктештирүү туура эмес жүргөн. Убагында менчиктештирип байып алгандар бири да өндүрүштө иштеген эмес. Бирөө да Кыргызстанга инвестиция салган жок. Эң негизгиси менчик акционердикиби, жеке менчикпи же таза мамлекеттикиби жоопкерчилик суралган жерде гана натыйжа болот.

Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG