Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 21:00

Жер бизнеси: жазасыз калган аткаминерлер


Бишкектин четиндеги жаңы конуш

Башкы прокуратура Кыргызстанда жер мыйзамдарын бузууга байланышкан кылмыш иштери былтыр көп козголгонун билдирди.

Мындай кылмыш иштеринде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы айрым депутаттарынын, аткаминерлердин ысымдары да аталган.

Ушул тушта жерди мыйзамсыз сатуу, бөлүштүрүү боюнча козголгон, бирок кайсы бир себептер менен токтоп калган, кыскартылган кылмыш иштерин жандантуу, тергөөнү улантуу демилгеси көтөрүлүп жатат.

"Айыл өкмөт болгонум үчүн уулум жер албашы керекпи?"

Былтыр жайында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүндө жер бөлүштүрүүгө байланыштуу талаш чыккан. Айылдык кеңештин айрым депутаттары, жергиликтүү тургундар жер алган 70 адамдын арасында айыл өкмөт башчы Гүлнара Умарованын карачечекей эки уулу, күйөө баласы, бир туугандары, жакындары, тааныш-билиштери, аким баштаган аткаминерлердин да жакындары бар экенин айтып, прокуратура баштаган тиешелүү органдарга арыз жолдошкон.

Ала-Бука
Ала-Бука

Нааразы болгондордун арасында жалгыз бой эне Бегайым Эшалиева да бар. Ал 20 жылдан бери жер алуу үчүн кезекте турганын айтты:

- Азыр атамдын үйүндө отурам. Ошол атамдын үйүндө отургандан бери 20 жолу арыз таштадым, 20 жолу документтерди топтодум. Ал жыл сайын жоголот, кийинки жылы кайра чогултам, айтор биздин райондо башаламандык көп болуп жатат. Жерге документ даярдалганын билип калып, чуу чыгарып, бардык жакка арыз жазып токтотуп калдык. Кызыл китебин баштап калышкан экен. Бул жерде акимдин, Мамкаттоодо иштегендердин, айыл өкмөттүн, чоңдордун баарынын туугандары бар.

Бул факты боюнча облустук прокуратура былтыр жайында кылмыш ишин козгогон. Бирок "даттануу мөөнөтү өтүп кетти" деген жүйө менен айып тагылган тарап сотко арыз жазган. Соттун бардык инстанциялары бул арызды канааттандырган жок жана өткөн айда иш кайра Жалал-Абад облусундагы район аралык сотко жөнөтүлдү.

Мурдагы айыл өкмөт башчы Гүлнара Умарова "жер мыйзамсыз бөлүнгөн" деген дооматты четке кагып келет. Ал уулдары, жакындары жерди кезекке туруп алганын айтууда.

- Мен уулум Кыргызстандын жараны болгондон кийин жер алганга укугу бар. 18 жашка чыккан президенттин баласы болобу, "Азаттыкта" иштегендин баласы болобу, айыл өкмөттүн баласы болобу - баары эле ала алат. Балким мен ошол убакта айыл өкмөт болгондурмун. Менин балам болсо эмне болуптур? Ар бир жаран мамлекеттен бир жолу жер алганга укуктуу. Мен эмне, өзүмдүн 50 же 300 таанышыма бериптирминби? Мыйзамдын чегинде, кезекке тургандарга карап, ошонун гана негизинде бердим. Болбосо мен эч кандай тууганыма берген эмесмин. Аны депутаттар айтып жатат. Менин балам эмне, "эл душманыбы" бекен?! Ал дагы Кыргызстандын жараны. Эгер анын жери жок болсо, батирде жашаса, жер алганга эмнеге укугу болбосун?

Эми эмнеси болсо да бул факты сотто каралмакчы.

Жети миллион турган жер 125 миңге кантип сатылды?

Башкы прокуратура жерге байланыштуу мыйзам бузуу көп катталарын маалымдаган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Канат Султановдун "Азаттыкка" билдиришинче, былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу кылмыш иштери көп козголгон:

- Жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 2016-жылы 750 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 1673 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, аларды кароонун жыйынтыгы менен тартип жоопкерчилигине 279, администрациялык жоопкерчиликке 31 кызмат адамы тартылды. Мамлекеттин пайдасына 90 млн. 416 миң 872 сом өндүрүлгөн. Прокурордук көзөмөлдөөнүн натыйжасында 75 кылмыш иш козголгон. 2017-жылы 771 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 1711 прокурордук чара көрүү актылары келтирилген. Аларды кароонун жыйынтыгы менен тартип жоопкерчилигине 423, администрациялык жоопкерчиликке 45 кызмат адамы тартылган. Мамлекетке баалануучу наркы 3 млрд. 800 млн. сомдон ашык сумманы түзгөн, жалпы аянты 629 гектар болгон 156 жер тилкеси кайтарылган. Ошону менен бирге муниципалдык менчикке жалпы аянты 472,1 чарчы метрди түзгөн турак жайы кайтарылган. Прокурордук көзөмөлдөөнүн натыйжасында 87 кылмыш иши козголгон.

Эми козголгон кылмыш иштеринин айрымдарына токтоло кетели. 2017-жылдын этегинде Аламүдүн райондук прокуратурасы Пригородный айыл өкмөтүнүн жана райондук акимчиликтин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактагы башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине "Коррупция", "Алдамчылык" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Анда "2011-2016-жылдары Үмүт жаңы конушунун башкы планына жалган маалыматтарды киргизип, 300гө жакын адамга мыйзамсыз жер берген" деген айып тагылган. Кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Өткөн айда Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы менен кошо Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагынан 70 сотых жердин узак убакытка ижарага мыйзамсыз берилгенин аныктап чыкканы маалымдалган. Анда бул кылмышты аталган айыл аймагынын, Аламүдүн райондук акимчиликтин жооптуу кызматкерлери чогуу жасаганы сөз болгон. Жер тилкенин өз баасы 150 миң доллар же болбосо жети миллион сомдон ашык болгону менен 125 миң сомго гана сатылып кеткени кабарланган. Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Жер мыйзамдарын бузуу", "Кызматтык жасалмалоо", "Жасалма документтерди колдонуу", "Өзүмбилемдик" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергелип жатат.

Анткен менен Аламүдүн райондук акимчиликтин бөлүм башчысы Белек Мыктаров соңку кездери жер мыйзамдарын бузуу фактылары азайып жатат деп ишендирди:

- Айыппул салып, кайра баштапкы абалына кайтарып - ушундай жумуштар көп эле болот. Айрыкча үй салынып калганда кыйыныраак. Азыр пайдубалы курулуп, курулуш таштандылары пайда болор замат дароо барып, токтотуп, көзөмөл катуу болуп жатат. Азыр эми мурдагыдай эмес. Айыл өкмөттөрдүн баарына тапшырма берилген, эгер ошондой болуп калса дароо бизге, укук коргоо органдарына кайрылып, "басып алуу болду" деп, дароо чара көрүшөт. Координациялык кеңештин квартал сайын болчу жыйынында да каралат. Район активдери менен жума сайын болчу чогулуштарда да айтылат. Комиссия да бар бизде. Ошондой фактылар болору менен дароо барып, акты жазып, көзөмөлдөп турабыз.

Жер бизнесине аралашкан мыктылар

Жер сатуу боюнча кылмыш иштеринде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын да аттары аталган.

Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.
Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.

Өткөн жылдын этегинде Бишкектеги Октябрь райондук соту парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду он жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Анын уулу менен төрт шериги сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге беш миллион сом айыппул салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган.

Аларга "2008-жылы Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деген айып тагылган, "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соттолгон тарап өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жүрөт. Алардын жакындары жогорку инстанцияларга арыз жазган.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго мындан туура бир жыл мурда жер сатууга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Анда Исаков "Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтү болуп турганда 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган, 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга мыйзамсыз берип жиберген" деп айыпталган. Бул иш боюнча тергөө бүтө элек. Депутат өзү ак экенин айтып жүрөт.

2016-жылдын этегинде ошол кезде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты болуп турган Нурмахамат Баяхуновдун жерге байланыштуу кылмыш иши кыскартылган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы "депутаттын аракетинде кылмыш курамы жок" деп аныкталганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганын маалымдаган.

Жер саткан адамдар жазага тартылмайынча бул көрүнүш улана берет. Аны коомчулук көрүшү керек.
Абдувахап Нурбаев

Андан бир жыл мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Нурмахамат Баяхуновго Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда жер сатууга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген, кийинчерээк "иш депутатка каршы эмес, факты боюнча козголду" деп чечмелеп чыккан.

Баяхунов менен үйгө муктаждардын “Нур күч” атуу бирикмесинин ортосундагы жер маселеси боюнча жаңжал чыкканы да белгилүү. Бул уюмдун мүчөлөрү Баяхунов Ново-Покровка айылынын башчысы болуп турганда 16 миллион сом чогултуп, айыл чарба жоготууларына кенемте катары беришкенин айтып келишет. Бирок Баяхунов мунун баарын четке кагып, акча албаганын жана эч кимге эч кандай убада бербегенин билдирүүдө.

Бул окуядан бир ай өтүп-өтпөй Баяхунов мандатын өз эрки менен тапшырган жана анын ордуна Аалы Карашев депутат болуп келген.

"Жабылган иштер кайра жандансын"

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Абдувахап Нурбаев жер боюнча козголгон, бирок кандайдыр себептер менен токтотулган, кыскартылган кылмыш иштери кайра жанданышы керек деп эсептейт.

- Президент Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында "токтотулган кылмыш иштеринин баарын кайрадан жандандыргыла" деп айтты. Башкы прокуратура, УКМК, күч органдары токтотуп койгон иштерди сурап жаткан экен. Менимче бул багытта да иштер жылат го. Бул иштер сөзсүз каралышы керек. Анткени жер саткан адамдар жазага тартылмайынча бул көрүнүш улана берет. Аны токтотуп, кылмыш кылгандарды жазага тартыш керек. Аны коомчулук көрүшү керек.

Депутат Нурбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчтөндүрүш керектигин да кошумчалады.

Абдубахап Нурбаев
Абдубахап Нурбаев

- Көптөн бери эле "борбордон обочолонтуу саясатын жүргүзүш керек" деп айтып келатабыз. Биз жергиликтүү башкаруу органдарына бийликти көбүрөөк бергенде гана билимдүү, деңгээли бар татыктуу адамдар келет, ушундай нерселер жоюлат. Азыр карап көрсөңөр, айыл өкмөттөрүнө келген адамдарда "жер сатат" деген гана түшүнүк бар. Жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары да аны-муну бөлүп алууну эле ойлойт. Билимдүү, эл-жерине күйгөн адамдардын келишине шарт түзүп бериш керек. Бийликти борбордон аймактарга берүү зарыл.

Жоопкерчилик маселесине парламенттеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев да токтолду. Ал Башкы прокуратура, Жогорку Сот Жогорку Кеңешке отчет бергени келгенде жерге байланыштуу кылмыш иштери тууралуу суралат деп ишендирди:

Көптөгөн айыл өкмөттөрдө кадр жок, сынакка эч ким катышпайт. Ошол эле жер адиси болуп эч ким барбайт.
Кенжебек Бокоев

- Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар, анын 31и бир эле айылдан турат. Биздин бийлик органдары, бийлик айыл өкмөттөрдү, мэрияларды көп жылдан бери карабай, өгөй баладай кылып таштап койгон. Алардын кадры эмне болуп жатат? Көптөгөн айыл өкмөттөрдө кадр жок, сынакка эч ким катышпайт. Ошол эле жер адиси болуп эч ким барбайт. Өтө көп кылмыш иштери козголгону менен камалган айыл өкмөт башчылары жок. Ошондуктан Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун, өкмөттүн отчеттору келгенде муну сураш керек. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аймактарды өнүктүрүүнүн чегинде карап чыгып, жаңы форматка салбаса, анда ар кандай текшерүүлөрдөн коркуп, эртең айыл өкмөт болом деген киши калбай калат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаев жердин берилишине байланыштуу дагы бир маселени көтөрдү. Анын айтымында, айрыкча Бишкек менен Ош шаарларында жана алардын жака белиндеги жер тилкелеринин мыйзамсыз берилишинен улам өлкөнүн башка региондору жабыркап жатат:

Негизги проблема Бишкек менен Ош шаарларында гана. Булар республикалык маанидеги шаар болгондуктан экөөнү өзүнчө караш керек.
Бакыт Рыспаев

- Кыргызстанда айыл чарба категориясына кирип калган, калктуу конуш катары участокторду бере албай жүргөндөрү бар. Убагында берилип кеткен, колдоруна токтомду алган, бирок жерин албай жүргөндөр бар. Болбосо үйү 20-30 жыл мурда салынган, бирок үйүнүн токтому жок болгон учурлар кездешет. Кыргызстан боюнча ушундай чоң проблема бар. Өкмөт муну чынында көпкө созуп жиберди. Көптөн бери эле чече албай убара болуп жүрүшөт. Негизги проблема Бишкек менен Ош шаарларында гана. Булар республикалык маанидеги шаар болгондуктан экөөнү өзүнчө караш керек. Убагында биз ушундай деп сунуш да киргизгенбиз. Калган жерлерде проблема деле жок. Ошол жерлерди чечип бербесе, аягы социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн. Себеби, үйүнүн документи жоктугунан насыя ала албаса, тирилиги токтоп турса эмне кылат? Жаштар, жаңы үй-бүлөлөр көбөйүп жатат. Бир үйдө төрт-беш үй-бүлө тыгылып жашаган учурлар бар. Уулу үйлөнсө аны кайсы жакка бөлөт, куда-сөөгүн кайда тосот дегендей маселелер курч. Бишкек менен Ошто мыйзамсыз, коррупциялык айла-амалдар менен берилип кеткен жерлерге такап эле региондогу жерлер чечилбей жатат. Өтө чоң проблема ушул жерде.

Жерлердин мыйзамсыз сатылышы, берилиши айыл өкмөттүн башчысы, анын кызматкерлеринин сабаттуулуугу тууралуу да маселени козгогон. Эки жыл мурун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик эл аралык уюмдардын жардамы менен "Мыйзамдуу айыл өкмөт" деген долбоорду ишке ашырган. Анда Базар-Коргон, Ала-Бука, Жети-Өгүз, Ат-Башы жана Нарын райондорунда айыл өкмөт кызматкерлери жана айылдык кеңеш депутаттары үчүн жер берүүнүн жол-жобосу, кылмыш ишин козгоого чейин жеткирген каталар тууралуу тренингдер да уюштурулган эле.

"Азаттыктын" архиви: Бишкектин жер мафиясы. 4-май, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG