Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Ала-Бука: жер бөлүштүрүү жең ичинен жүргөнбү?


Иллюстрация
Иллюстрация

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн беш ай мурда жумуштан четтетилген башчысы "70 адамга жер тилкелерин мыйзамсыз тараткан жана айыл аймактын балансындагы жарым миллион сомдон ашык мүлктү өзүнө чегерген" деп айыпталды. Бирок мурдагы жетекчи бул айыптардын баарын четке кагууда. Жер мыйзамдары бузулду деп тергелген ишти райондор аралык соту карап жатат.

Былтыр Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Көпүрө жана Акурча участкаларынан 12 гектар жер трансформациядан өткөрүлүп, жер тилке катары тургундарга бөлүнүп берилген.

Бирок 70 адамга участок бөлүү мыйзамсыз болгонун айылдык кеңештин депутаты Асылбек Стамов билдирет. Ал жерлер чыныгы муктаждарга эмес, жетекчилердин үй-бүлөлөрүнө тийгенин айтты:

- Айылдык кеңештин кезексиз сессиясында мурдагы айыл өкмөт башчысы Гүлнара Умарова Акурча участкасы 70 адамга таратылганын айткан. Алардын ичинен 61 адамдын документи бар, тогуз адам жок болуп чыккан. Ошол тогуз адам айыл өкмөт башчысынын орун басары, жооптуу катчы жана башка кызматкерлер болгон. Мындан сырткары айыл өкмөт башчысы Гүлнара Умарова баласына эки жактан тең бирден участок алган. Ошондой эле Эркин деген депутат бардык туугандарына, кыздарына жер тилкесин алууга жетишкен. 61 адамдын ичинде татыктуулары деле бар, бирок алардын саны он чакты. Райондогу жетекчилердин дээрлик баарына бөлүштүрүп берген.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Асылбек Стамов жер бөлүштүрүүдө документтердин баары жасалмаланган дейт:

- Айыл өкмөт башчысы документти фальсификациялаган. Жер бөлүү тууралуу буйрук чыгаргандан кийин эки күн өткөн соң гана жер ээлери арыз жазган. Андан соң жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн документ алган. Айыл өкмөттөгү жер комиссиясынын мүчөлөрү участкаларды бөлүштүрүүгө катышканыбыз жок деп айтып жатышат. Ал жерде белгисиз эле адамдардын ысымдары жүрөт.

Бул ишти Жалал-Абад райондор аралык соту 26-сентябрда 4-жолу карады. Сотко жер бөлүштүргөн адистер жана жерди мыйзамсыз алган деген тургундар толук келбегендиктен улам сот кийинкиге жылдырылды. Айыпталып жаткан мурдагы айыл өкмөт башчысы Гүлнара Умарова баары мыйзамдуу болгон деди:

- 2016-жылдын 12-декабрында эле жерди бөлүштүрүү боюнча токтом чыккан. Кыш убагында болгондуктан архитектура бөлүп берген эмес. Кийин 2017-жылдын март айында жерге жайгаштыруу адистери АПЗ даярдап, архитектура кызматкерлери менен бирге жерди бөлүштүрүп берген. Ошол учурдан тартып ызы-чуу жаралды. Үч балалуу, кароосу жок адамдарга берели деп жамааттык уюмдардын сунушу менен бөлүштүрүлгөн. Бул жерде баары мыйзамдуу болгон деп эсептейм.

Гүлнара Умарова ушул жылдын январь айында Ала-Бука айыл өкмөтүнө экинчи жолу башчы болуп шайланган. Бирок 2017-жылдын апрель айында көпчүлүк айылдык кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөгөндүктөн жумуштан четтетилген. Умарова бул иштерди жаш депутаттар атайын уюштуруп жатканын ырастады:

- Жаш депутаттар мага кысым көрсөтүп, ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен жумуштан кетиришти. Алардын жүйөсү - жаштар келип иштесин, ордуңузду бошотуңуз деп ачык эле айтышып, кээ бир депутаттарды мага каршы үгүттөп, ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Мурдагы айыл өкмөт башчы Умаровага “кызмат абалынан пайдалануу” беренеси менен козголгон экинчи ишти УКМКнын Жалал-Абад облусундагы бөлүмү териштирип жатат. Анда жетекчи айыл өкмөттүн карамагындагы мүлктү өздөрү сатып алып, жергиликтүү бюджетке 600 миң сом зыян алып келгендиги айтылат. УКМК бул багытта тергөө иштери жүрүп жатканын гана билдирди. Айылдык кеңештин дагы бир депутаты Самат Койчунбаев буларга токтолду.

- Бизге суу кампасынан от жагуучу меш жоголду деген маалымат түшкөн. Депутаттык комиссия жерине барып текшергенде чындыгында суу кампанын терезелерин сындырып, кран менен мешти алып чыгып, Алишер Навои атындагы мектепке орнотуп беришиптир. Айыл өкмөттүн балансындагы мешти жеке ишкер менен келишим түзүп, ошондон сатып алды кылып, 600 миң сом акчаны айыл өкмөт төлөп берген. Кийин 17 миң сом жеке ишкер, мешти орнотууга 20 миң сом жана жол чыгымына 20 сом берилген. Калган сумманын баарын кайра мурдагы айыл өкмөт башчысы Гүлнара Умарова өзү алган. Биз бул багытта ошол учурдагы өкмөт башчысына Сооронбай Жээнбековго жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганбыз. Райондогу прокурорлор ишти жакшы карабагандыктан, биз суранып облустук УКМКга жөнөттүк. Азыр ошол жакта бул иш тергелип, сотко өтөйүн деп жатат.

Умарова айып тагып жаткандар менен сотто сүйлөшөрүн билдирди жана кененирээк интервью берүүнү каалаган жок. 26 миңден ашуун адам жашаган Ала-Бука районунун борборундагы Ала-Бука айыл өкмөтүндө 3 миңдей адам жер алууга кезекте турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG