Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Самаков жана анын шериктери камалды


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Карганбек Самаков 10 жылга камалды. Аны менен кошо анын уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилди. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынды.

Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган экс-депутат Карганбек Самаковго байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук соту 19-декабрда өкүм чыгарды. Эртең менен саат ондо башталган процесс түнгө чейин созулуп, саат 24:00 болгондо сот Дамирбек Назаров өкүмдү угузду:

- Коюлган айыптар боюнча ишти карап чыгып, сот Самаков Карганбек Садыковичти Кылмыш кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү ("Кылмышка шериктеш болуу") жана 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууга өкүм кылат. Анын мүлкү мамлекетке конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөсүн.

Судья Дамирбек Назаров. 23-ноябрь, 2010-жыл.
Судья Дамирбек Назаров. 23-ноябрь, 2010-жыл.

​Сот буга улай Самаковдун 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алды. Бул үй камагынын эки күнү абактагы жазасынын бир күнүн кыскартарын белгиледи.

Ошондой эле 2010-2011-жылкы мунапыстарга ылайык Карганбек Самаковдун абак мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартты. Натыйжада экс-депутат сот залынан камакка алынды.

Самаков менен кошо анын уулу Кубанычбек Самаков, санаалаштары катары айыпталган Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев да сегиз жылга кесилишти. Сот бул иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга камакка алууга өкүм чыгарды.

Игорь Чудинов, Исендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.
Игорь Чудинов, Исендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.

Кылмышка тиешеси бар деп айыпталган экс-премьер-министр, парламент депутаты Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер- министр Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сом айыппул салынды.

Бирок айыпталуучулар соттун бул чечимине макул болбостон, жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришүүдө. Карганбек Самаковдун уулу Аман Самаков чечим “шашылыш кабыл алынды” дейт:

Судья Чыңгыз Адамкулов бул ишти бир жарым жыл караган. Анда күбө катары келген 65 кишинин баары биздин пайдабызга көрсөтмө берип, “Самаковду тааныбайбыз, биз чогуу эч кандай мыйзам бузган эмеспиз” деп көрсөтмө беришкен.

- Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов бул ишти бир жарым жыл караган. Анда күбө катары келген 65 кишинин баары биздин пайдабызга көрсөтмө берип, “Самаковду тааныбайбыз, биз чогуу эч кандай мыйзам бузган эмеспиз” деп көрсөтмө беришкен. Айыптоочулар бир да ишенимдүү далил келтире алышкан эмес. Утуш биз тарапка ооп, атам менен агамдар дээрлик актала турган болуп калганда сотту дароо алмаштырып салышты. Ишти жаңы алган сот бардык күбөлөрдү кайра өзү суракка алып чыгышы керек экен. Бирок антпей эле кечээ артынан бирөө-жарым кууп келаткансып, шашылыш өкүм чыгарып салды. Биз үчүн бул күтүүсүз чечим болду. Биз эми Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, атам, агам жана башка айыпталгандар күнөөсүз экенин мыйзам чегинде далилдейбиз.

Экс-депутат Карганбек Самаковго жана аны менен кошо эркинен ажыратылгандарга "2008-жылы Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деген айып тагылган.

Иш Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен былтыр ачылган. Быйыл жыл башында сот процессинде прокурорлор Карганбек Самаковго 19 жылга эркинен ажыратууну суранган. Алар Чудинов менен Айдаралиевди 11 жылга, Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди 18 жылга абакка кесүүнү өтүнгөн.

Күнөөлөнүп жаткандар жерди трансформациялоо мыйзамдуу болгонун айтып келишет. Алардын тарапташтары да бул ишти саясий буюртма менен байланыштырууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков мындай деди:

Эсенгул Исаков.
Эсенгул Исаков.

- Мен бул соттук процесстерге башынан-аяк катышкан киши катары, иш менен таанышкан юрист катары өкүмдөрдүн баары мыйзамсыз чыгарылды деп айта алам. Буюртманын артында ким турарын билбейм, бирок мен муну ачык эле саясий буюртма болду деп айта алам. Анткени Карганбек Самаков жана аны менен чогуу камалган жаш балдар кадимки эле рыноктук шартка ылайык, менчик жерди алып, сатып иш кылышканы, эч кандай мыйзамды бузбаганы аныкталган. "Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" дегидей Самаков жана анын жардамчылары 2008-жылы мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Эгер ошол “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпташ керек болсо, ошол кезде кызматта турган Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиевди камаш керек эле. Бирок аларга айып салып, тиешеси жок адамдарды камап салды. Бул уят эле иш болду.

Ошол эле учурда экс-депутаттын жана анын жардамчыларынын камалышына, аларга козголгон кылмыш ишине саясий буюртма деп баа берүү орунсуз экенин айткандар да бар. Серепчи Бакыт Бакетаев буларга токтолду:

Бакыт Бакетаев.
Бакыт Бакетаев.

- Мен бул иштин чоо-жайын деталдуу билбейт экенмин. Бирок сырттан байкоо салып, бул чарбалык эле иш деп ойлойм. Анткени Карганбек Самаков оппозициялык ишмер эмес, бийликке катуу сын-пикирлерди айткан эмес. Бийликти каралап, каршы чыккан эмес. Анча-мынча сын айтса да орду-орду менен айтып келди. Эгерде кылмыш иши ачылган болсо, анан сот аларды камаган болсо, анда демек ошол жер тилкелерин трансформациялоо учурунда кайсы бир эрежелер, мыйзамдар бузулган. Анан сот ишти ошол боюнча карады. Ошондуктан бул саясаттан алыс иш го дейм.

Жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев буга чейин камакка алынып, соттолгон. Ал Самаковдорго ишти жабуу жөнүндө убада берип, алардан 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган.

Былтыр жайында бул чырлуу жер боюнча өкмөттүн өзүндө да талаш чыккан. Башкы прокуратура 2008-жылдагы жерди трансформациялоо боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнүп өкмөткө кайрылган. Өкмөт алгач каршы чыгып, кийинчерээк чечимин өзгөрткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG