Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Соттордун "кара тизмеси" түзүлө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун "кара тизмесин" түзүүгө киришти.

Алардын айтымында, соттук кароого жатпаган иштер боюнча мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган жана саясий буюртмаларды аткарган соттордун ысымдары коомчулукка жарыяланып, ага чара көрүү керек.

Анткен менен тизмеде аттары аталган айрым соттор алардын ишине бир жактуу баа берип, каралоого эч кимдин акысы жок экенин белгилешти.

"Кара тизменин" алгачкы "карлыгачтары"

Сот жараяндарына катышып, байкоо жүргүзгөн адвокаттар жана жарандык активисттер буга чейин караган иштеринин жыйынтыгы боюнча коомчулукта терс пикир жараткан соттордун "кара тизмесин" түзүп, аны коомчулуктун талкуусуна коюуга белсенишүүдө.

Тизмеге буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ар кайсы соттук деңгээлде иштеген 23 судьянын ысымы киргизилди. Бул тизме андан ары улантыла турганын айткан парламенттин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева "кара тизменин" башынан орун алган соттордун ысымдарын окуду:

- Бул тизмеге кирген Момуналиев, Токтомамбетов, Архарова, Келбекова, Абдуллаев, Оморова, Калыбаев, Толубаева, Ваджиева, Скрипкина, Бейсекеев, Кудайбергенов, Ильясова, Исакова, Пульманова, Асанбаева, Үмөталиева, Сатыбалдиева, Асанова, Баатыралиев, Мельникова, Жумагулов, Воронцова, Эрнис Айбек уулу, Алымкулов деген соттордон биз сот тутумун толугу менен тазалап, ага окшогон судьялардан тез арада арылышыбыз керек.

Ошондой эле мыйзамсыз чыгарылган сот чечимдеринен жабыркаган жарандар да ушул коомдук кыймылга келип кошулушууда. Алардын ар бири өзүнүн башынан өткөн окуяларын айтып берип, "сот жараяндары мыйзамсыздык менен коштолгон" деген пикирин ортого салышты. Оштон келген Бактыбек Юсупов соттордун адилетсиз чечиминин айынан үйсүз калганын айтты:

- Мен Ош шаардык сотунун судьясы Рамазан Кожомкулов деген судьянын жакын адамдары болуп кеткен уюшкан топтун кызыкчылыгына карата чыгарган чечиминин курмандыгы болдум. Ошол соттун чечими менен Оштогу үйүмдү тартып алыш үчүн мени алты жылга кесип коюшту. Болбогон бир жалган жалааны жаап, эч кандай далилдерсиз жана мыйзамсыз өкүм чыкты. Мен бул сот өкүмүнө нааразы болуп, Ош облустук сотуна кайрылсам, ал жактан да Рамазан Кожомкулов менен учурунда прокуратурада чогуу иштеген Алмазбек Абдылдаев деген судья анын чечимин күчүндө калтырып койду. Ал судья менин ишимди менин катышуумсуз карап, ошондой чечим чыгарган. Бул - өз ара байланышып алып, бирөөнүн ыңгайына жараша өкүм чыгарган коррупция.

Соттор сыртынан тон бычканга каршы

Бактыбек Юсупов Бишкекте өткөн сотторго каршы митинг учурунда атын атаган Ош шаардык сотунун судьясы Рамазан Кожомкулов 2016-жылы мөөнөтү бүтүп, кызматын өткөрүп бергени белгилүү болду. Андан сөз болуп жаткан иш боюнча чыккан өкүмгө карата комментарий алганга мүмкүн болбоду.

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокуратура кызматкерлерине люстрация мыйзамын киргизмейинче сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.

Ошол эле Бактыбек Юсуповдун ишин экинчи инстанцияда караган соттордун бири, Ош облустук сотунун судьясы Алмазбек Абдылдаев чыгарган чечими боюнча жакпай калган сотторду тизмеге киргизип алып, бир жактуу каралоо туура эмес экенин билдирди:

- Ал кишиге карата чыккан өкүмдү карап чыгыш керек экен. Эмне иш боюнча мен андай өкүм чыгарганым азыр эсимде жок. Себеби беш жыл ичинде беш миңден ашуун өкүм чыгардым. Азыр анын ар бирин эстей албайм. Бирок ал чечимдердин ар биринин укуктук негиздери бар. Өкүмдөрдү мен отуруп алып эле жөндөн-жөн өзүм каалагандай чыгара бербейм. Адегенде Кудайдан, анан мыйзамдан коркуш керек. Мен кимдир-бирөө боюнча жөндөн-жөн эле каалагандай чечим чыгарбайм. Андай болушу мүмкүн эмес.

Жаңыдан түзүлгөн "кара тизмеге" оппозициялык саясатчыларга, укук коргоочуларга жана журналисттерге карата козголгон административдик жана кылмыш иштери боюнча өкүм чыгарган судьялар да киргизилген. Алардын арасынан соттор Ирина Воронцованын жана Кымбат Архарованын ысымдары өзгөчө аталды. Анткени алар Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлүп жатканын айткан укук коргоочу Рита Карасартова төмөндөгүдөй комментарий берди:

- Бүгүн биз Жогорку соттун судьялыгына талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан жергиликтүү соттордун аттарын атадык. Алар учурунда саясий буюртмаларды аткарган соттор. Эгерде ал соттор Жогорку соттун судьялыгына келип кала турган болсо, анда президенттин жакында айтканы сөз боюнча эле калган экен деп түшүнсөк болот. Анткени Жогорку сот деген эң бийик сот. Ал биринчи жана экинчи инстанцияларда чыккан сот чечимдеринин кемчиликтерин оңдоп, адилеттикти калыбына келтирип, коомду алдыга жылдырууга салым кошушу керек. Алар чечимдерди кабыл алууда мыйзамдарды жана Жогорку соттун пленумунун чечимдерин жетекчиликке албай чечим чыгарып жатышканы түшүнүксүз.

Тасмада: Сот реформасын талап кылган митинг

Сот реформасын талап кылган митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Жарандык коом өкүлдөрү коомчулукта терс пикир пайда кылып, тизмеге кирген сотторду кайрадан судьялык кызмат орундарына бекитпөөгө үндөгөн атайын кайрылуу кабыл алышты. Бирок аттары аталган ал соттор алардын ишмердигине бир жактуу баа берүүгө мүмкүн эмес экенин жүйө келтирип, алардын кызматына шайкештигин кароо маселеси укуктук тартипте каралышы керек экенин белгилешти.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова өзүн Жогорку соттун судьясы болууга татыктуу деп эсептейт:

- Эми бул Сотторду тандоо кеңешинин чечими да. Алар эсептейт. Берген суроолорунун баарына жооп бердим. Ошого жараша балл коюшту. Жеке ишибизди карап чыгышты, сертификаттарым, грамоталарым бар. Лектор катары сабак өтөм. Ошонун баары эске алынды да. Ал эми көрө албагандар сүйлөй берет. Биз караган ар бир иште эки тарап бар. Биз чыгарган чечимге баары тең эле макул болбойт да. Сөзсүз бир тарап нааразылык билдирет.

Президенттин сыны күчүндө

Бишкекте 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөл органдары, анын ичинде соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айтып, катуу сынга алган. Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыз жана адилетсиз чечим чыгарган соттордун ишине кийлигишүүгө аргасыз болорун айткан болчу:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Жаңыдан шайланган президент катары соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш кылган кылмышкерлерди бошотуп жатса, мыйзамды бузуп жатса, жарандардын укуктарын тебелеп жатса - эл шайлаган президент катары эмне үчүн мен муну карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин кайсы жерден мамлекеттик органдар адам укугун тебелеген болсо, элге, мамлекетке зыян келтирип жаткан болсо - мен анда президент катары бардык маселеге кийлигишем.

Соттордун "кара тизмесин" түзүү кыймылын негиздеген адвокаттар менен жарандык активисттер сот реформасын тездетүүнү көздөгөн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун демилгесин колдоо үчүн ушундай иш-чаралар уюштурулуп жатканын билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG