Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Конгантиевдин "коңулда" калган иши


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушунун себебин төрт айдан бери иликтеп бүтө элек.

Быйыл жай айында УКМК "экс-министрдин 2010-жылдагы кандуу окуяларга күнөөлүү экени далилденген жок" деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.

Бул коомчулукта нааразы пикир жараткандан кийин 12-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага Конгантиевдин ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган дароо эле экс-министрге карата 2010-жылы апрель окуяларынан кийин "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери менен козголгон кылмыш ишин иликтей баштаган. Мекеме атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө укуктук баа берилерин да маалымдаган.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватова иликтөө ушул күнгө чейин аяктай элек экенин ырастады:

- Ал иш дагы эле иликтенип жатат, азырынча эч нерсе айта албайм. Биздин башкармалык иликтеп жатат. Токтотулган башка кылмыш иштери бар да, балким ошолор менен чогуу каралып жатса керек. Кыскасы, азырынча жыйынтык жок.

Бирок Молдомуса Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура "кылмыш ишин токтотуу жөнүндө чечим туура болгон" деген корутунду чыгарганын айтты:

- Кылмыш иши токтогон да. "Кайра жанданды" деп ким айтты? Президент кылмыш иши туура же туура эмес токтотулганын текшерүү боюнча тапшырма берген. Башкы прокуратура "кылмыш иши туура токтотулган" деген корутунду чыгарган. Кайсы күн экени эсимде жок, ошондо эле ушундай чечим чыгарган. Эч ким эч нерсени кайра жанданткан жок. Кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечим жокко чыгарылган жок. Иш кылмыштын курамы жок болгону үчүн токтотулган.

УКМК Молдомуса Конгантиевдин ишин ушул жай айынын башында кыскартканы ачыкка чыккан. Атайын кызмат тергеп-иликтөөдө "2010-жылы ошол кездеги ички иштер министринин 2010-жылдын апрель айындагы кандуу окуяларга тиешеси бар экени аныкталган жок" деп маалымдаган. Бул коомчулукта сынга кабылган.

Саясатчы, "Туруктуу элдик кеңештин" (ТЭК) лидери Азимбек Бекназаров Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганын кескин сындап чыккан. Ал эгер бул иш сотко жетпесе, "экс-министр азыркы бийлик менен саясий соодалашууга барды" деген өңдүү күдүк сөздөр күчөй турганын эскерткен.

Конгантиев боюнча экс-президент Роза Отунбаева да үн каткан жана жаңы бийликти "эл менен эсептешпей жатат" деп сындаган.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

"Конгантиевдин ишин жаап койгондор, анын ишин артык кылам деп кайра тыртык кылды. Канча жыл өтсө да Таласта 2010-жылдын апрель айынын биринчи аптасында болгон окуянын жүрүшүн жана себебин баарыбыз билишибиз керек. Таластагы болуп жаткан окуяга чара көрүш үчүн ошол кездеги ички иштер министри Конгантиев жөнөтүлгөн. Ал барары менен тартипти сакташ үчүн чукул, катуу чара көрүүгө буйрук бере баштаган. Натыйжада эл толкуп, кырдаал курчуп кеткен. Соңунда Бишкекте күнөөсүз адамдар кырылганын көргөн эл офицерлерге, Конгантиевге кол салган. Ошондон кийин Конгантиевдин ур-токмокко алынган сүрөтү дүйнө жүзүнө тарап кеткен. Конгантиев катуу жабыркаганы үчүн ал суракка алынбай, тергөө иштери жүргөн эмес. Бул иштер тынч мезгилдер үчүн калтырылып келген эле. Бирок баарыбыз күбө болгондой, убакытты жоготкон экенбиз. Эл өткөн бийлик тарабынан козголгон резонанстуу иштерге жаңы бийлик реакция кылат деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Ушундай шартта Конгантиевдин ишин тергөөсүз жана сотсуз, элди "кимсиң" дебей, жаап жатышат", - деп жазылган кайрылууда.

Мындан көп өтпөй президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага Молдомуса Конгантиевдин ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. Таласта жергиликтүү актив менен жолугушууда президент буга чейин токтотулган, кыскартылган кызматтык, экономикалык жана коррупциялык кылмыш иштерин талдап-иликтеп чыгууну тапшырганын, анын ичинде Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши да бар экенин билдирген.

Саясатчы Азимбек Бекназаров Башкы прокуратура төрт айдан бери УКМКнын чечимине укуктук баа бербей жатканын сынга алды:

- Президент кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечимдин мыйзамдуулугуна баа бер деди. Бул жерде эки эле чечим кабыл алынышы керек. Биринчиден, "ооба, чечим туура болгон" деп ошону менен иш жабылышы керек эле. Же болбосо "ооба, мыйзамсыз экен, ошондуктан токтотуу тууралуу чечимди жокко чыгарып кайра тергөөгө бердик" деши керек эле. Бул төрт айлык эмес, төрт эле сааттык иш болчу.

​Молдомуса Конгантиевдин ишине байланыштуу бир жаңсыл чечим кабыл алынбай жатканы ар кандай күдүк ойлорду күчөттү.

Саясат таануучу Марс Сариев Конгантиевдин иши мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эле саясатташа баштаганын, анын соңку президенттик шайлоодогу салымын белгиледи:

- Конгантиевдин сотун, тергөөнүн баарын токтоткон Алмазбек Атамбаев болгон. Себеби шайлоо маалында ресурс катары түштүк жактан электорат керек болчу. Алмазбек Атамбаев өзү Конгантиевди "Жээнбековдун жанында жүрсүн, добуш алып келсин" деп, анын ишинин баарын токтотуп койгон. Курманбек Бакиевдин тушунда Конгантиев кесипкөй адис болгон, ИИМди башкарган, ошон үчүн бийлик эмне десе ошону аткарган, бул анын кызматтык да милдети болгон. Бул саясат. Азыр эмнеге токтоп жатат? Анткени ал шайлоодо иштеген, добуш чогултканга жардам берген. Райымбек Матраимов, Икрамжан Илмиянов да добуш топтогон. Ошондуктан байкасаңар Илмияновдун иши деле токтоп калгандай.

Парламенттин мурдагы спикери, юрист Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, мындай жагдайларда күч органдары мыйзамды эмес, жетекчиликти карап калды.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- Бизде укук коргоо органдары "менин жетекчим эмне дейт?" деп ишке байланыштуу чечимин айта албай эле жүрө берет, - деди Мукар Чолпонбаев. - Бизде ушундай жаман тажрыйба калыптанып калды. Мына ушундан улам да убакыт созулуп жатышы мүмкүн. Президент Таласта жүргөндө "Башкы прокуратурага тапшырма берем" деп айтып койду да. Башкы прокуратура эми президентке барып, "мунусу туура, мунусу туура эмес экен" деп так айткандын ордуна "эми эмне дейт" деп күтүп отургандай сезилип турат.

Молдомуса Конгантиев Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда эң таасирлүү министрлердин бири болгон. Таласта 2010-жылы 6-апрелде бийликке каршы чыккан жергиликтүү жарандардан катуу токмок жегенден бери коомчулукка ачык чыкпайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарына такыр интервью бербейт.

Былтыр президенттик шайлоо маалында ал КСДПдан талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду жандаган сүрөттөр чыккан. Партиянын шайлоо штабын ичинен билген "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын маалыматы боюнча, Жээнбеков менен Конгантиевди жолуктуруу штабды көмүскө башкарган Икрамжан Илмияновдун чечими болгон. Илмиянов Конгантиевдин айланасындагы соңку жагдайга байланыштуу үн каткан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG