Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:26

Конгантиевдин иши сотко жеткен жок


Молдомуса Конгантиев. 2009-жылы тартылган сүрөт.

2010-жылдагы апрель окуяларына байланыштуу мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши "курамында кылмыш жок" деген негиз менен жабылды.

2010-жылдын 7-апрелине чейин ички иштер министри болуп турган Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишинин жабылганы тууралуу атайын кызматтын токтомун жактоочусу Икрамидин Айткулов таратты. Конгантиевдин жактоочусунун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, быйыл Коопсуздук кеңешинде мурда ачылып, бирок тергелип бүтө элек иштерди кайра карап чыгуу талабы коюлгандан кийин Конгантиевдин убактылуу токтотулган иши кайра карала баштаган.

Натыйжада тергөө жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) адвокаттын “Конгантиевге карата коюлган айып негизсиз, кылмыш курамы жок” деген өтүнүчүн канааттандырып, 18-июнда иш жабылган.

- Сотко жетпей эле иш тергөөдө кыскартылган. "Эч кандай кылмыштын курамы жок" деп табылды. Буга чейин козголгон иши ден соолугуна байланыштуу токтотулуп турган. Баарыңар көргөндөй, анын абалы өтө начар болчу. Ал ушул кезге чейин дарыланып жатты. Эми кылмыш иши жабылды, - деди Икрамидин Айткулов.

Азырынча атайын кызмат бул боюнча комментарий бере элек. Башкы прокуратура 2010-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон болчу. Ага “ошол жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон" деген айып тагылган. Бирок ал ошол күнү Талас шаарында өзү катуу таяк жеп, ден соолугуна оор залака тийгендиктен тергөө убактылуу токтотулуп турган.

Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

​Мурдагы ички иштер министрине карата козголгон кылмыш иши жабылганын апрель окуясына катышкан айрым активисттер кескин сындап чыгышты. Алардын бири, жарандык активист Алга Кылычов 2010-жылы элдик көтөрүлүштөргө каршы чыккан Конгантиевдин апрелдеги башаламандыкка толук күнөөсү бар деп эсептейт:

- Атайын чагымга, элдин канын төгүүгө алып барган, Бакиевден кийинки бирден-бир күнөөлүү болгон киши. Талас эли көтөрүлүп, ызы-чуу болуп жатса, “арак ичкендер жүрөт" деп элге туура эмес багыт берип козутушкан. Булар мамлекетке коркунучтуу адамдар, эртең азыркы бийликти да аңга түртүшөт. Бейкүнөө 87 баланын өлүмүнө, миңдеген карапайым адамдардын жарадар болгонуна түз байланышы бар. Саясат болдубу же башкабы, тарых муну кечирбейт. Бул чоң ката болду.

Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Молдомуса Конгантиев.
Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Молдомуса Конгантиев.

Конгантиев 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна дээрлик катышпай калган. Ошондой эле бир да маалымат каражаты менен ачык маектешкен эмес.

Бирок былтыр президенттик үгүт өнөктүгүндө Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөнү белгилүү.

Апрель окуяларына катышкан журналист Турат Акимов Конгантиевдин ишинин жабылышын саясат менен байланыштырды. Анын айтымында, ошол кезде бир максат менен чыккан апрелчилердин лидерлери баш болуп саясий кырдаалдардан улам бириндеп, башаламандыктын күнөөкөрлөрүн жазалоо талабы коомчулукта деле актуалдуулугун жоготту:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- 2010-жылдагы чоң үмүттөр өлдү. Баягы каршылыктар өчтү, андан бери баары өзгөрүп, эл сууду. "Молдомуса Конгантиев болсо жаңы бийлик менен мамиле түзүп, Сооронбай Жээнбековго добуш топтоп берди" деп эл билет. "Эми мындан ары бул маселеге кайрылып кереги жок, кечээки чатактын ызасы өчтү" деген таризде бүтүрүштү го. Эртең министр кылып койсо эле бир ызы-чуу чыкпаса, буга эч кандай каршылык болбойт.

Президенттин аппаратынан шайлоо маалында Молдомуса Конгантиевдин Сооронбай Жээнбековдун үгүт өнөктүгүндө жүргөнү тууралуу комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Анткен менен 2010-жылдагы Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы турган белгилүү саясатчылардын арасында Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши жабылганын кубаттагандар толтура. Алардын бири, 2010-жылдан кийинки УКМКнын төрагасы болгон Кеңешбек Дүйшөбаев Конгантиев ошол кездеги бийликтин буйругун аткаруучу гана болгонун жана ден соолугунан ажыраганын белгиледи:

Кеңешбек Дүйшобаев.
Кеңешбек Дүйшобаев.

- Ошол мезгилде погон кийген аскер адамы катары буйрукка баш ийип, тынчтыкты камсыз кылууга милдеттүү болчу. Бул жагы да туура кабыл алынышы керек. Ал окуядан бери канча жыл өттү. Убакыт көрсөттү, ал да ден соолугунан ажырап калганын билебиз. Ошондуктан ал өз жазасын алды го деп ойлойм.

Ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 7-апрелдеги окуяларга чейин телеканалдар аркылуу сүйлөп, Бириккен элдик кыймылдын лидерлери Таласта кылмыштуу иш уюштурушканын, эми мындан ары андай иш-чаралар катуу басыларын эскерткен. Конгантиев Бакиевдин бийлигин тушунда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп да эмгектенген. Ошондой эле ал кийин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча да көрсөтмө берген.

Апрель окуяларына байланыштуу жалпысынан 28 адамга айып тагылган. Сот мурдагы өлкө жетекчилери баш болгон бир нече адамды өмүр бою эркинен ажыраткан. Апрель окуясы боюнча атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми сот чечиминин негизинде мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик администрация жетекчиси Каныбек Жороев жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев эки жылга жакын абакта отуруп, 2016-жылдын башында мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыккан эле. Алар бул окуялар боюнча укуктук күнөөсү жок экенин билдирип келишкен.

P/S: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 6-июлда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылганын ырастады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечим Конгантиевдин адвокатынын арызынын негизинде кабыл алынып, кылмыш ишин кыскартуунун мыйзамдуулугун Башкы прокуратура текшерген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG